ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 9-апрелден 15-апрелге чейин




КОЙ (21.03-20.04)
Колуңузга акча тиет. Иштеген жериңиз, жетекчилик тараптан акча берилери күтүлүүдө. Жумушка жетиштүү көңүл бөлүүнү улантыңыз. Айлык акыңызды көтөртүүгө аракет жасап көрүңүз. Айрым максаттарыңыз орундалат.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Бийлик өкүлдөрү, кайын журт, башка шаардыктар менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Каржы маселеси көтөрүлөт же келечектүү пайдалуу идеялар каралат. Үй-бүлө, сапарга чыгууга байланыштуу көйгөйлөр оң жакка чечилет.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жумушка, ден соолукка байланыштуу маселелер эң жакшы чечилет. Жумушта кесиптештердин сый-урматына ээ болосуз. Дарылануу, медициналык кароодон өтүү жеңил болот. Аракеттерди токтотпоңуз. Киреше кирет.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Дос, өнөктөштөр, айрым мекемелер менен жакшы иш алып барасыз. Маанилүү көйгөйлөр талкууга алынат. Активдүүлүк күчөйт. Үй-бүлөдө балдар жана жан шеригиңиз менен бактылуу учурларды баштан кечиресиз. Үй-бүлөдө мамилелер чыңдалат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада үй менен жумуштун ортосунда чуркап чарчайсыз. Чочулабаңыз, арты ийгилик алып келет. Кесиптештер колдоо көрсөтсө, ата-эне, жакындарыңыз көңүлүңүздү көтөрөт. Чарба иштери ойдогудай бүтөт.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бир туугандар, бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр ойдогудай жүрөт. Унаа, сапарга чыгуу маселеси да ойдогудай чечилет. Документ, иш кагаздарын тактайсыз. Жакшы кабар угушуңуз мүмкүн. Балдарыңыз менен чогуу эс аласыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Капчыгыңызды даярдаңыз, колуңузга акча тиет. Анын канчалык көлөмдө тийиши сиздин керектүү адамдарга жасаган мамилеңизден көз каранды. Андыктан ойлонуңуз. Үйүңүздө бактылуу мүнөттөр өкүм сүрөт. Үйдү оңдоп-түзөө, буюм сатып алуу маселеси да четте калбайт.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Бул аптада да көпчүлүктүн көңүл борборунда болосуз. Айрыкча бир туугандардын, кошуна, жакын санаалаштардын, жубайыңыздын сыйына татыйсыз. Жакшы кабар угасыз. Кыска мөөнөттүү сапарга чыгышыңыз мүмкүн.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Апта ичи кесиптештердин сый-урматына ээ болосуз. Өз алдыңызча аракетти улантып, кесиптештерге да көбүрөөк таянсаңыз колуңузга акча көбүрөөк тиет. Медициналык текшерилүүдөн өтүп коюңуз, ыңгайлуу мезгил.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Ойлогон максаттарыңыз орундала баштайт. Дос, кесиптештер, айрым ишканалардын колдоосуна ээ болосуз. Балдарыңызды көп эстеп сагынасыз. Эс алууга, чыгармачылыкка да көңүл бурасыз. Бойдоктор таасирдүү романтиканы баштан кечиришет.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада жетекчиликтин жана бир туугандардын колдоосуна татыйсыз. Көйгөйлөр болсо жардам берчүлөргө тартынбастан кайрылыңыз. Жыйынтыгы сизди кубантат. Үй тиричиликке байланыштуу маселелер жакшы чечилет.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Туугандар, кайын журт менен жылуу мамиледе болосуз. Ой-максаттарыңызды аларга айтып, кеңешип көрүңүз. Жардамын аяшпайт. Кесиптеш, жоро-жолдоштор менен мамилелер жакшырат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 805, 6-апрель -12-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан