ЕВРОПАДА КЫЛ ЧАЙНАШ...

Бул апта ичинде Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдык оюндары орун алды. Италиянын Турин шаарында жергиликтүү «Ювентус» «Реалга» туруштук бере албай, 0:3 эсебинде жеңилди. Криштиану Роналдунун аракети менен мадриддик команда жарым финалга ири кадам таштады. Ал эми испаниялык «Севилья» өз үйүндө «Баварияга» бир гол айырмачылыкта утулду. Мюнхендик машинанын оюнчулары Рибери менен Алькантара 2:1 эсебинде жеңишти алып келишти. Ал эми каталондук «Барселона» «Ноу Камп» стадионунда «Рома» менен ойноп, Пике, Суарес жана эки автоголдун эсеби менен ири эсептеги жеңишти камсыздады. «Энфилд» стадионунда «Ливерпуль» – «Манчестер Сити» тиреши орун алып, Юрген Клопптун шакирттери «шаардыктардын» таш талканын чыгарып салышты. Салахтын сол буту, Фирминонун фантазиясы, Маненин чапчаңдыгына Де Брөйненин сыйкыры туруштук бере алган жок. Эсеп 3:0. Жооптук беттештер кийинки аптада орун алат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kakukani
2018-04-10 14:17:07
Реал-Мадрид молодец
+4
S.A.J.R
2018-04-10 16:27:07
реал чемпиоооон
+4
№ 805, 6-апрель -12-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан