Рыскелди Момбеков, Жогорку Кеңештин депутаты: «2-3 АДАМДЫН ТИРЕШИНЕН ӨЛКӨ ЭКИГЕ БӨЛҮНҮП КАЛЫШЫ МҮМКҮН»

«Чиновниктер сүйлөгөндөн башканы билбейт, буларды сармерденге эле жибериш керек». «Кыргызга асфальттан эмес, жыгачтан жол салыш керек болуп калды». «Кыргызды ит кылып, итти кыргыз кылдык». Ооба, бул сөздөр парламент депутаты Рыскелди Момбековго таандык. Ал өзү «сөздөрдү макалдата, уйкаштырып сүйлөгөнүм өзүмө билинбейт» дейт. Дал ушул депутат менен өмүр-таржымалы, өлкөдөгү соңку саясий окуялар тууралуу кенен баарлашып кайттык.


Туулган жылы, күнү
– 1968-жыл, 13-октябрь
Туулган жери – Талас облусу, Кара-Буура району, Шекер айылы
Адистиги – юрист (2003), дипломат (2014)
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы
Ишмердүүлүгү – 2001-2010-жылдары журналистика тармагында иштеген. 2010-жылдын апрель-июнь айларында маданият министринин милдетин аткаруучу. 2011-2012-жылдары Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы. 2012-2015-жылдары «Учкун» мекемесинин жетекчиси. 2015-жылдан тарта Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынан депутат.

– Саламатсызбы, Рыскелди мырза? Акыркы жарым жыл саясий окуяларга бай болду. Чарчаган жоксузбу?
– Ачыгын айтканда, чарчай түштүм. Акыркы учурларда чынында орчундуу, опурталдуу окуялар көп болду. Ошонун таасириби, айтор, жакында эле ден соолугума байланыштуу ооруканага да жатып чыктым.

– Жогорку Кеңештин трибунасында пикириңизди курч, атүгүл эмоция менен айтасыз. Жеке жашоодо деле ушундайсызбы?
– Убакыт тардыгынан Жогорку Кеңеште дайым кысынып сүйлөйм. Эмоцияга алдырып жиберүүмдүн себеби да ушул. Регламент боюнча берилген 2-3 мүнөт оозуңду ачып-жапканча эле бүтүп калат. Ошон үчүн оюмду кыска, так айтууга аракет кылам. Жашоодо деле ушундаймын. Чындыктын чыркырап, калыстыктын камалып жатканын көрсөм ага кайдыгер карап тура албайм. Парламентте саясатчыларга, өкмөт мүчөлөрүнө катуу сын айтып, ачуу сүйлөсөм, айрымдар мени үй-бүлөсүндө деле ушундай өкүмзар го дешет окшойт. Жок, андай адам эмесмин. Үй-бүлөдө камкор атамын. Менин кыймылым, сөзүм балдарымдын тарбиясына катуу таасир этерин билем.

– Сүйлөп жатып ар дайым сөздөрдү уйкаштырып кетүүгө аракет кыласыз...
– Депутаттар кээде «карала турган маселелерге үйдөн даярданып келесиңби? Уйкаш сөздөрдү кайдан табасың?» деп сурашат. Уйкаштырып сүйлөгөнүм өзүмө көп байкала бербейт. Уйкаш сөздөр тилимдин учунда турат. Акын-жазуучу тааныштарым менен жолукканда «сенден жакшы акын чыкчудай. Айткан сөздөрүңдү жазып жүрөм. Оозуңдан жаңы макалдар, учкул сөздөр чыгат» деп көп айтышат. Кээде Жогорку Кеңеште сүйлөгөн видеолорумду көрүп «ушул жерде бир аз шашып, катуу айтып алыпмын» деп өкүнүп калган учурларым болот.

– Саясатчы болуу максатыңыз беле? Ата-энеңиз ким болушуңузду каалаган?
– Саясатчы болуу үч уктасам түшүмө кирген эмес. Наадан болгончо адам болсом экен деген тилек менен эле чоңойдум.
Атам 9 жолу үйлөнүп, 9 аялы тең төрөгөн эмес экен. Ал өмүр бою айылыбыздагы мечиттин кызматкери болуп иштеди. «Эй, Кудай, 9 жолу үйлөнсөм да мага перзент бербедиң» деп кейип, ыйлап, бала тилей берчү экен. Ошентип онунчу жолу үйлөнүп, андан 10 балалуу болот. Мен атамдын 65 жашында тапкан жетинчи баласымын. Эс тартканымда «бир кесиптин ээси эмес, адам бол» деп көп кулагыма куюп жүрдү.

– «Эркек киши курсагы менен сүйөт» деп коёт эмеспи. Жубайыңыз жасаган кайсы тамак өзгөчө жагат? Түгөйүңүздүн кандай сапатын баалап жактырдыңыз эле?
– Келинчегим Назира тамактын кайсы түрү болбосун мыкты жасайт. Досторум чайканага, ресторанга чакыра беришет. Мен болсо тамакты сырттан эмес, үйдөн, келинчегимдин колунан жегенди жакшы көрөм. Өтө ширин жасагандыктан ашыкча жей берип, ашыкча салмак кошуп кеттим (күлүп). Назиранын оор басырыктуулугун, түшүнүктүүлүгүн, турмушка сергек сереп сала билгендигин, атаандашпагандыгын жана ыйманын жактырып калгам.

– 29 жашыңызда гана университетке тапшырыптырсыз. Эмне мынчалык кеч?
– Мектепти бүткөн соң Бишкекке келип, тарых факультетине тапшыргам. Бирок өтпөй калгам. Анан үйгө кайсы бетим менен барам деп Соода техникумуна тапшырып, өтүп кеттим. Бирок өткөндөрдүн баары кыздар болгондуктан, кайра документтеримди кайтарып алгам. Ошол эле жылы Орусиянын Калинин облусундагы (азыркы Тверь облусу) Айыл чарба колледжине окууга тапшырдым. Себеби алар сынаксыз кабыл алып жаткан экен. Ал жакта окууну бүтө электе аскерге кеттим. Аскер-деңиз флотунда 3 жыл кызмат кылып, Казакстанда ички иштер тармагына ишке орноштум. 2000-жылдарга жакын айылга кайтып келип, ар чөйрөдө иштеп жүрдүм. Бирок кийин баары бир диплом керек болот деп кечигип болсо да жогорку окуу жайга тапшыргам.

– Сизди журналист катары да тааныйбыз. Кесибиңиз юрист болсо бул чөйрөгө кантип аралашып калдыңыз?
– Саясатка капысынан келип калгандай эле, журналистикага да капысынан эле келдим. 2000-жылкы парламенттик шайлоодогу адилетсиздиктерге карата кара-бууралыктар Бишкек шаарына саясий акция уюштуруп келгенбиз. Ошол иш-аракеттерибизди жалпыга маалымдоо каражаттарына жазып берип жатып эле кантип журналист болуп кеткенимди сезбей калдым. Ар кайсы гезиттерде иштеп, тажрыйба алган соң өзүм да бир нече гезиттерди негиздедим.

– Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин командасына качан кошулдуңуз?
– Ал киши менен 2005-2006-жылдары саясий интервьюларды алып жүрүп, жеке мамиле куруп калгам. 2009-жылы президенттикке талапкерлигин койгондо үгүт иштерине жардам берип жүрдүм. Шайлоодон кийин «Рыскелди, өзүң бир гезит ачсаң болчудай экен. Мен сага тыйын жагынан жардам берейин» деп «Форум» гезитин ачып берди. Ошентип жакын болуп кеттик.

– 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн тушунда маданият министринин милдетин аткардыңыз. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн ар жээкте калышынын себеби эмне болду деп ойлойсуз?
– Ушул командадагылардын саясий амбицияларынын айынан араздашууларга барып, чачырап кетишти. Апрель ыңкылабы учурунда бизди материалдык жактан колдогон Атамбаев болсо, моралдык жактан бириктирген Отунбаева жана Текебаев болгон. Аз эле киши элек. Калгандары кийин эле кошула калышты. Негизги күч болгон «Бириккен элдик кыймыл» деген бар эле. Анын башында Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Болот Шерниязов, Дүйшөн Чотонов, Сооронбай Жээнбеков жана Топчубек Тургуналиевдер турган. Калгандары экинчи тепкичтеги мүчөлөр болгон. Анан эле бийликке жетпей биз сүрүлүп калдык дегендердин баары жалган.

– Экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагалыгына шайланганын айрымдар «келерки парламенттик шайлоого даярдык» деп жатышат. Кошуласызбы?
– Курултай өткөрүп, Атамбаевди кайрадан партия башчылыгына шайлоо шарт эмес болчу. Ал президенттикке киришкенде партиядагы төрагалыгы жана мүчөлүгү убактылуу токтогон. Президенттиктен кеткен соң төрагалыгы жана мүчөлүгү автоматтык түрдө уланмак. Ал кайрадан шайлоо өткөрүп, партиядагы бийлигин кайрадан бекемдеп алды. Акыркы учурларда саясий окуялар өтө тез өнүгүп жатат. Алдыда абал кандай болушу боюнча мен эмес, серепчилердин да башы айланып калды.

– Азыркы президент менен экс-президенттин мамилеси салкындап кеткени ачыкка чыкты. Булардын мындан аркы мамилеси кандай уланышы мүмкүн?
– Мен экөө менен тең достук мамиледемин. Курултайга чейин экөөнө тең кирип чыккам. Бири-бирине болгон капачылыктары бар экенин байкагам. Капачылыктар катачылыктардан келип чыгат. Катачылыктар кадр дайындоодон, саясий кадамдардан пайда болгон. Экөөсү тең меники туура деп жатат. Аягында Алмазбек Шаршенович чынын айтам деп сырынын баарын айтып салды. Мен үчүн өкүнүчтүүсү, бул күрөштөн Атамбаев же Жээнбеков эмес, партия утулат. Ортодо КСДПга кыйын болууда.

– Алмазбек Атамбаев Сапар Исаковду колдоорун, парламентте премьер-министрди иштен кетирүүгө аракет кылып жаткандар бар экенин айтты...
– Мен өкмөт башчылардын саясий интригалардын курмандыгы болушун каалабайм. «Жакшы эмес» деп Жантөрөнү жалпайта чаптык. «Жоош экен» деп Жоомартты чаптык. «Ат алды, пара алды» деп Бабановду чаптык. Бул туура эмес. Өкмөт өлкөнүн экономикасына жооп берет. Азыр да Исаковдун өкмөтүн отчётунун негизинде кетирүүгө негиз жок. Себеби 2017-жылдын 8 айында өкмөт башында азыркы президентибиз турган. Исаков калган 4 айында гана иштеди. Андан сырткары былтыркы жылдын экономикалык көрсөткүчтөрү жакшы. Ал эми ЖЭБ боюнча кетиребиз десек, модернизациянын тендерин Сатыбалдиев өткөргөн, капсуланы болсо Сариев салган.

– Жогорку Кеңеште башкаруучу коалиция тарайт деп айтылууда. Бул сөздөрдөн кабарым жок дебесеңиз керек?
– Мурдагы президент менен азыркы президенттин ортосундагы кайчы пикирлер өкмөттүн отставкага кетишине же парламенттеги коалициянын ыдырашына алып келет. Мындай нерсе бат эле болуп калат. Себеби баары Атамбаев эс алуудан кийин айткан алгачкы сөзүндө азыркы президент тууралуу эмнени айтат деп күтүп турган. Эми баары ачыкка чыгып калды. Жакын арада коалиция ыдырашы толук мүмкүн. Өкмөттүн курамы өзгөрүшү толук мүмкүн. Бирок аягы оор болот. 2-3 адамдын кызыкчылыгынын айынан партия, фракция, дегеле өлкө экиге бөлүнүп калышы толук мүмкүн.

– Маегиңизге рахмат! Ийгилик сизге!

"Кышында кекилик, кыргоол, жайында кашкулак, суур атканды жакшы көрөм".


Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 806, 13-апрель -19-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан