Концерт өткөн күн –10-апрель
Өткөн жери – Улуттук филармония
Башталышы – 18:57 (27 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 90 пайызы
Алпаруучулар – Чыңгыз Мырзаев, Нурзат Токтосунова
Мыкты номер – Омардын «Түштүк кызы»
Эми-и, «сакадай бою сары алтын» десем Жумагүл карындашым таарынбастыр, бирок азамат. Ошто жашап, иштегенине карабай борборго мынча адам чогултуп концерт бериш ар кимдин колунан келе бербеси турган кеп. Анда сөз башынан болсун. Алпаруучулар Нурзат менен Чыңгыз өз ишинин «профиси» эле болуп калбадыбы, концертти жакшынакай ачып беришти. Топ кызды коштотуп Жумагүл чыкты. Ыры, бийлеши, кийимдери, айтор, баарына эле «ии» деп турдум. Биринчи ырын берилүү менен ырдап, анан сүйлөйүн деп эле микрофонун "ойгото" албай калды. Азыр эле ырында жакшынакай "иштеп" жаткан микрофондон үн чыкпай, алмаштырууга туура келди. Дагы бир ка-ап дей турган жери – ырлары бир кылка, бир нукта, селт эттире элди ойготуп жибере турган бир ыр кошсо жакшы болор беле? Чыгармачылыктагы апам деп Кенже Дүйшеева экөө чогуу чыгып ырдап калышты. Мыкты экен бул ыры. Таасирленген жаным кийинки күнү да «Сагындым сении-ии» деп кыңылдап жүрдүм.
Анан Омар иним чыкты. Үйлөнгөнүн укканым менен, андан бери өзүн көрө элек элем. Жары жакшы багып жаткан көрүнөт, көзгө бараандуу көрүнүп калыптыр. Жандуу үн менен жаркылдап чыгып, «Ошко барсак дайыма аш басып сыйлап турат» деп Жумагүлгө арнап «Түштүк кызымды» созду. Омарды деле мактагым келип турат деңизчи, бирок бул ырды жараткан Чубак Сатаевди элестетип талантына бир таазим кылып койдум. Мен билгенден кайсы заманда болбосун, кайсы ырчынын аткаруусунда болбосун шаңга бөлөйт. Эрдин бөйтөйткөн, тартынчаак, ыйбаа кыздын элесин көз алдыбызга тартат. Ырга баракелде дейсиң. Айтмакчы, Омар бул жолу түштүктүк карындашынын оозунан «сорбоду» жөн гана «сүйүп» койду. Салт болуп калгандай Жумагүлдү тиги жак, бул жактан куттуктап келишти. Эми ал жагын айтып убакыт кетирбей эле коёюн. Алардын ичинен мага жакканы Раимжан Курбановдун ыр окуганы болду. Баса, унута электе Жумагүлдүн музыкалык аспаптардын коштоосунда Асанкалый Керимбаевдин ырынан тарта 3-4 ырды жандуу үн менен ырдаганын айта кетейин. «Күлүк күлүктү көрсө, төрт аягы тыбырайт» дегендей эки-үч ыр ырдагандан кийин Жумагүлдүн уламдан улам үнү ачылып, жарпы жазылып, берилип ырдады. Коноктордон Гүлжигит Калыков, Анжелика келди. Илгери "ырдын пири Рыспай" болсо, азыркынын "ыр пирине" айланган Бек Борбиев да келди, карындашына колдоо көрсөтүп. "Карындаш кимди сүйөсүң?" деген ырды Бек Борбиев Назми менен ырдап баштап, улам жаш ырчы кыздарга өтүп отуруп, эми Жумагүлгө келип токтолуптур. Анысынан өздөрү да ыңгайсыз болуштубу, айтор, бири-биринен 10 метрдей алыс туруп алып, эки башка тарапты карап ырдашты.
Бир сөз менен кызыктуу, конокторго бай, эски ырларды сагынган адамдар үчүн мыкты концерт болду. Кемчилиги – мазмуну да, ыргагы да бир калыптагы ырлар тандалыптыр. Арасында бир эки даңкылдак түңкүлдөктү кошуп койсо телефон чукулаган жаштар да селт ойгонуп сахнаны карап калат беле деп койдум. Анан айланайын, алпаруучулар, «колдоп коштоп отурабыз, барсыңарбы?» деген сөздөн башка да издештирип көрсөңөр. "Кыргыз тили бай" деп келебиз, чыгып калар беле.
Толик сынчы