Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, былтыркы жылы 1394 кыргыз жигити чет элдик кыздарга баш кошкон болсо, 1141 кыргыз кызы башка өлкөнүн жарандарына турмушка чыккан. Ал эми башка өлкөдө никеге турган жарандар тууралуу так маалыматтар жок. Мындан сырткары жарандык никеде жашап жаткандар да жок эмес.
«ЖАМАН УЛУТ ЖОК, ЖАМАН АДАМДАР БАР»
Эркектер башка улуттан аял алса унчукпайбыз, ал эми кыздарыбыз башка улуттун жигиттерине турмушка чыкса сындап жатып калабыз. Ооба, чет элдикке тийген кыздарыбыздын бактылуу жашап жаткандары да, өкүнүп, азап тартып калгандары да бар. Үй-бүлөдө жубайлардын бактысынан да улуту маанилүүбү? Бул маселе тууралуу кытай мырзага турмушка чыгып, Кытайдын Пекин шаарында жашаган Айгүл аттуу (аты өзгөртүлдү) кыргыз кызы төмөндөгүчө оюн билдирди:
– Менин кытай мырзага турмушка чыкканыма 10 жыл болду. Кытайда окуп жатканда таанышып, жактырып калгам. Бир уулубуз бар. Жолдошум нике кыйдыруу үчүн ислам динин кабыл алган. Ал мени ЖОЖдо окутту. Жакшы жашайбыз. Бирок 2 жылдан бери таарынышып жүрөбүз. Ага карабай азыр да ата-энеме, балам экөөбүзгө жардам берет. Баламдын мектебине эле жылына 1 миллион 800 миң сом төлөйт.
Кытай жигиттерине турмушка чыккан мен билген кыргыз кыздары бул жакта аябай жакшы, бактылуу жашашат. Анткени бул өлкөгө келүү менен алардын маданиятын, жашоо шартын жакшы түшүнүп калышкан. Ошентсе да башка улуттагы адамга баш кошуу кыйын. Алардын маданиятына көнүүдөн тышкары эки тараптан тең чет жерлик күйөө бала, келинди кабыл ала албаганы кыйынчылыктарды жаратат. Биз Кыргызстанга барсак, жолдошум кытай, баламдын атасы кытай болгону үчүн бизге жаман мамиле жасашат. Кошуналар таш ыргыткан күндөр да болгон. Ошол эле себептен бул Кытайда да бизге жаман мамиле жасаган кытайлар бар.
Кытайлар эмгекчил болушат, үй-бүлөнү сыйлашат. Ал эми Кыргызстанга барып иштеген кытайлардын көпчүлүгү билимсиз. Алар Кытайдан акча таба албагандыктан Кыргызстанга барышкан. Ар бир адам жөн жерден үй-бүлөсүн, баласын таштап кете албайт да. Андыктан бул жерде бизге көрүнбөгөн маселелер жатат деп ойлойм. Жаман улут болбойт, жаман адамдар гана бар.
«ТОВАРГА КЕТКЕН БОЙДОН ДАЙЫНСЫЗ»Бай турмуш, жакшы жашоону эңсеп кытай мырзаларына турмушка чыгып алданып калган кыргыз кыздары да бар. Күйөөсү таштап кеткенден кийин кайда барып, эмне кыларын билбей кыйналган бул кыздардын айрымдары Ош шаарындагы «Ак жүрөк» кризистик борборуна жардам сурап кайрылышат. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Дарика Асылбекова айтып берди:
– Бизге башка улуттагы мырзага турмушка чыгып, ал никеден жапа чегип калган кыздар көп кайрылышат. 2016-2017-жылдары кытайларга турмушка чыккан 18-20 жаштардагы 6 келин биздин кризистик борборго кайрылган. Расмий эмес кайрылгандар, телефон аркылуу кайрылгандар дагы бар. Бул келиндер Ош, Жалал-Абадда кытайлардын колунда сатуучу болуп иштеп жүрүп эле кытайлар менен жакын мамиледе болуп турмушка чыккандар. 1 же 2 балалуу болгондон кийин күйөөлөрү дайынсыз кетишкен. Дегеним, алар көбүнчө соода-сатык менен алек болушат да. Товар алып келүү үчүн кеткен бойдон кайра кайрылып келбей коюшкан. Айрымдары «сени менен жашагым келбей калды» деп таштап кетишкен. Балдарын да талашышкан эмес. Үй-бүлөлүк жашоодо аялдарына жакшы мамиле жасашчу экен. Бир келинди күйөөсү Кытайга алып барып келиптир. Ал кыз мага «Мен кытайлардын байлары бул жакка келип иштешет деп ойлочумун. Кытайга жолдошумдун үйүнө барганда анын жашоо шартынын өтө начар экенин билдим. Талаа сыяктуу эле жерде жашайт экен. Ал кыштактын жашоочуларынын жашоо шарты өтө төмөн экен. Ал жактан кайра келип «Кара-Суу базарында» иштедик. Жакшы эле жашап жатканбыз. Бир күнү кезектеги товарды алып келүү үчүн кеткен бойдон дайынсыз. Эмне кыларымды билбей калдым» дейт.
Кыздар никесин каттатып расмий түрдө турмушка чыгышканы менен, нике каттоо күбөлүктөрү каякта экенин билишпейт. Бул кыздардын баары социалдык абалы начар үй-бүлөдөн. Айрымдарынын ата-энеси эмгек мигранттары. Ошондуктан алар акчага кызыгышып, жетиштүү турмушта жашайбыз деп ойлоп турмушка чыккандар.
«КҮЙӨӨЛӨРҮНҮН 2-3 ПАСПОРТУ БАР ЭКЕНИН КӨРҮШКӨН»
– Келиндер күйөөлөрү эмне себептен үйлөнүп, эмне себептен таштап кеткендиктери тууралуу себеп издеп таппай келишет. Айрымдары күйөөлөрүндө 2-3 өлкөнүн паспорттору бар экенин капысынан көрүп калышкан. Бирок бул тууралуу күйөөлөрү өздөрү ооз ачышкан эмес. Айрымдарынын күйөөлөрү Кыргызстандын жарандыгын алууга жетишишкен. Менин баамымда, кытайлар кыргыз кыздарына үйлөнүп Кыргызстандын жарандыгын оңой алып, биздин өлкөдө эркин жашап, эркин ишкерлик кылууну максат кылышкан. Ошол себептүү бул кыздарды пайдаланышкан окшойт.
Байкаганым, биздин кыздарды алган европалык, америкалык мырзалар үй-бүлөнү бекем сактап калууга аракет кылышат. Бизге көз жашын көл кылып кайрылгандардын арасында түрк улутундагы мырзага турмушка чыгып жапа чеккендер дагы көп. Кытайлар сулуулугуна, байлыгына карабай өз кызыкчылыктарын алдыга коюп үйлөнүп жатышса, түрктөр сулуу жана жаш кыздарга үйлөнүп Түркияга алып кетишет. Аларды убактылуу пайдаланып туруп таштап кетишет же сойкулук менен алектенүүгө мажбурлашат. Алардын саналуусу гана турмуш куруп жашап калышпаса, көпчүлүгү ыйлап кайра келишет.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg