СОЯ СОУСУ

Соя соусу – соя буурчагын сууга же бууга бышырып, ага буудай же арпа талканын, туз кошуп, ачытуу, тундуруу процесстеринен кийин алынган татымал. Ачытуу процесси 40 күндөн 2-3 жылга чейин жүргүзүлөт. Бул соус эмнеси менен пайдалуу? Аны кайсы тамактарга кошууга болот? Суроолорго жоопту төмөнкү макаладан таба аласыз.

ПАЙДАСЫ

  • Курамында 20дай баалуу амин кычкылдары, антиоксиданттар, В тобундагы витаминдер, кальций, темир, цинк жана башка макро жана микроэлементтер бар.
  • Соя соусунда холестерин жок. Арыктайм дегендер үчүн мыкты азык.
  • Антиоксиданттарга бай болгондуктан онкологиялык оорулардын алдын алат.
  • Курамында фитоэстроген бар болгондуктан климакс, этек кир келген учурда пайдалуу. Остеопороз, артрит, артроздун алдын алат.


ЗЫЯНЫ

  • Курамында туз көп болгондуктан бөйрөгүндө ташы барларга, гипертония менен жабыркагандарга жана семиздиктен жапа чеккендерге өлчөмүнөн ашыкча колдонууга болбойт.
  • Аллергия жаратышы мүмкүн. Өзгөчө 3 жашка чейинки балдардын менюсуна кошпоо керек.
  • Химиялык кошулмалар кошулган соус кош бойлууларда бойдон түшүп калуу коркунучун жаратат.


ТАНДОО

  • Соя соусун сатып аларда курамына көз жүгүртүңүз. Өндүрүүчүлөр буурчакты ачытуу процессин ылдамдатуу үчүн химиялык кошулмаларды, туз жана күкүрт кычкылдарын кошкондуктан ден соолукка зыянын тийгизиши мүмкүн.
  • Табигый жол менен жасалган соя соусунун курамында 4 эле нерсе болушу шарт: суу, соя буурчагы, буудай жана туз.


ШИРЕЛҮҮ ТООК ЭТИ
5 порция

Даярдоо убактысы – 35 мүнөт

Керектелүүчү азыктар:
Тоок эти
– 800 грамм
Сарымсак – 3 тишче
Болгар калемпири – 1 даана
Өсүмдүк майы – 4 аш кашык

Соус үчүн:
Соя соусу
– 4 аш кашык
Картошка крахмалы – 1 чай кашык
Кумшекер – 1 аш кашык
Алма уксусу – 2 аш кашык
Суу – 100 грамм

Даярдоо ыкмасы:
1.
Тоок этин жууп, узун-узун кылып туурайбыз.
2. Болгар калемпири менен сарымсакты тазалап, аларды да узун-узун туурайбыз.
3. Картошка крахмалын, соя соусун, кумшекер, алма уксусун, сууну кошуп соус даярдап алабыз.
4. Тууралган этти майга кууруп, үстүнө болгар калемпири менен сарымсакты салып аралаштырып, үстүнө соусту куябыз. Казандын капкагын жаап, 15 мүнөт жай отто демдейбиз. Этке гарнир катары сууга бышырылган күрүч берүүгө болот. Тамагыбыз даяр!

«МИКС» САЛАТЫ
3 порция

Даярдоо убактысы – 10 мүнөт

Керектелүүчү азыктар:
Болгар калемпири
(ар кандай түстө) – 2 даана
Помидор – 3 даана
Бадыраң – 1 даана
Салат жалбырагы – 1 боо
Пияз – 1 баш
Сарымсак – 1 тишче
Фета сыры – 150 грамм
Соя соусу – 3 аш кашык
Өсүмдүк майы – 5 аш кашык
Бальзам уксусу – 3 аш кашык
Татымына жараша кумшекер, мурч

Даярдоо ыкмасы:
1.
Болгар калемпирин төрт чарчы, пиязды жарым тегерек, помидор менен бадыраңды чоң-чоң, сарымсакты майда туурайбыз. Салат жалбырагын кол менен үзүп-үзүп алабыз.
2. Фета сыры төрт чарчы формада тууралат.
3. Өсүмдүк майына соя соусун, кумшекер, мурч, бальзам уксусун кошуп аралаштырабыз.
4. Тууралган жашылчаларды жана сырды чоң идишке салып, үстүнө соусту куюп аралаштырып коёбуз. Салатты зайтун мөмөсү менен кооздоп, дасторконго койсоңуз болот.

МАРИНАДДАЛГАН КОЙ ЭТИ
5 порция

Даярдоо убактысы – 50 мүнөт

Керектелүүчү азыктар:
Кой эти
– 1 килограмм
Лимон ширеси – 3 аш кашык
Соя соусу – 5 аш кашык
Өсүмдүк майы – 5 аш кашык
Сарымсак – 3 тишче
Пияз – 1 баш
Көк пияз – 6 тал
Суу – 150 грамм

Даярдоо ыкмасы:
1.
Этти жууп, кургатып алабыз да, калыңдыгын 1 сантиметрдей кылып тилебиз.
2. Чоң идишке соя соусун, өсүмдүк майын, лимон ширесин, жарым шакекче түрүндө тууралган пиязды, майда тууралган көк пияз, сарымсакты, кошуп маринад даярдап алабыз.
3. Эми маринадга этти салып, 7-8 саатка тыныктырып коёбуз.
4. Көмөч казанга майды куюп, маринаддалган эттин эки тарабын кызартып кууруп алабыз. Андан соң маринаддын ичиндеги пиязды салып кууруйбуз. Аягында суусун куюп, жай отто 15-20 мүнөт демдеп бышырабыз.
5. Маринаддалып бышырылган этти гарнир, жашылча салаттары менен берүүгө болот.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Paprikafm
2018-04-17 13:03:40
Аябай сонун соус
+1
deva
2018-04-18 17:49:51
мен соя соусу кошулган тамак жесем кеч аш кылам
жакпайт окшойт да, бирок озум жакшы кором доллар салат жагат да
0
№ 806, 13-апрель -19-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан