Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)

№806 13-апрель -19-апрель, 2018-ж.


(Башталышы өткөн сандарда)

– Алибек, антип айтпа, балам. Баары ордуна келет.
– Хм, ордуна ансыз да келди. Эч нерсе эми өзгөрүлбөйт. Сүйүктүү келиниң жаныңда, неберең тизеңде, уулуң да кашыңда. Болгону менин жүрөгүм, жан дүйнөм талкаланды. Жок болду! Анын сага эмне кереги бар, ээ? Менин эмне каалаганымдын сага эмне кереги бар? Макул, атам экөөң каалагандай болсун. Мен мындан ары Жамилясыз жашайм. Анын атын да оозума албайм. Бирок ошону менен кошо Алибек да жок. Өлдү ал, алдыңда турган жигит болгону анын көлөкөсү.
Алибек апасына мындай катуу сөз айтмак тургай, катуу карап да көргөн эмес. Эмне дээрин билбей оозунан сөзү түшүп отуруп калды. Шалдайып өңүнөн азып турган уулуна боору ооруй карады эне. Биринчи жолу жаңылыштыгын сезди.


ххх


– Сени алыстан тиктегендин да ырахаты бар экенин билбегем,- деди ичинен Керем. – Сени сагындым, Жамиля. Ушунчалык сагындым. Сен сезбесең керек. Жытыңды сагындым. Сен өзүңдүн жытың кандай экенин сезбесең керек. А мен билем. Сени биздин үйгө келген күндөн тарта тиктегенди жакшы көрөм. Сыртыңдан байкаганды жакшы көрчүмүн. Баш аламан жашоомдо сени тиктегенде гана эс ала алар элем. Анткени мен сендеги тазалыкты буга чейин эч кимден көрбөгөм. Наристе болчусуң. Таңыркай, сонуркай тиктеген наристеникиндей таптаза көздөрүңө кирип кетип, мен өзүмдүн кир дүйнөмдү тазалап алгым келгендир. Балким, менин чөйрөмдөгү адамдардан чоң айырмаң болгон үчүн тартылгандырмын. Эгерде...
Мына ал көчөдө кетип бара жатат. Мурункусундай эркин, арышы да салмактуу, ийиндеринде канча жүк болсо да күчтүү басык. Машинасын жай гана айдап аркасынан бара берет. Иштеген жерине, үйүнө чейин ошентип барат. Эмрени бир көрүп калармын деп тиктегени тиктеген. Көрдү бир-эки жолу. Бирок сагынычы тарабады.
– Уулум!- деп бакырып жибере жаздап токтоду. Өзүн токтотту. Эгерде анын аркасынан аңдып жүргөнүн билсе Жамиля изин таптырбай кетеби деп коркту. Сыртынан каниет кылып күтүп турууну чечти.


ххх


– Кечкиге балык кууруп берчи, эне,- деди Эмре апасы эс алган күнү.
– Сен каалаган тамакты бышырам,- деп сөз берген эле. Тамактын жанында туруп окшуп кетти. Эки-үч сапар ушундай болду. Алгач ашказаным ооруп жатса керек деп ойлогон. Бирок... Башына келген ойдон бирөө чака менен башынан ылдый суу куюп жибергендей ичиркене түштү. «Болбойт, андай болушу мүмкүн эмес!» Теңселе түштү.
– Сага эмне болду?- деди кирип келген апасы.
– Башым айланып кетти.
Сыртка чыгып терең дем алды. Башын канча жолу чулгуп ал ойду алыстатса да кайра-кайра ошол ойду ойлоп туруп алды. Уктай алчудай эмес. Оодарылып тынчый албаган соң ордунан турду.
– Менин башым ооруп жатат. Сыртка чыгып дем алып келем,- деди таң кала тиктеген апасынан көзүн ала качып. Дарыканага барып тест алды да, кайра келди.
– Келесоолук бул. Бирок көңүлүм жай болушу үчүн жасап коё берейин,- деди калтыраган колдору менен кутуну ачып жатып.
Жасады. Эми 4-5 мүнөт күтүү керек эле. Демин ичине алып көзүн жумуп турду. Бир аздан кийин көзүн ачып тестти карады. Эки кызыл сызык! Денесин калтырак басып кетти. Буркурап ыйлап жиберди. Бир топтон кийин көзүнүн жашын сүртүп чечкиндүү ордунан турду. «Жаңылыштык болчу, бул менин эң чоң катам. Тезинен аборт кылуу керек» деди өзүнө-өзү.
Ваннадан чыгып баратканда Нурилянын турганын көрдү.
– Билем мен, жашырбай эле кой,- деди ал акырын гана.
– Эмнени билесиң?
– Боюңда бар экенин...
Жамилянын оозу ачылды.
– Байкадым, Москвадан мындай учурларды башымдан көп өткөргөм. 4 жолу боюмдан алдырдым.
– Жетет, унчукпа.
– Жамиш, сенин акылыңа эң биринчи келген нерсени да билем. Кааласаң алдырасың. Бирок андан кийинки абалың... Сен укпа, мен айтпайын. Түндө эмчегиңди бүлкүлдөтө соргон наристе, эзилип эмизип балкып жатып эле ойгонсоң түшүң. Баарынан жаманы, өзүңдү күнөөлүү сезгениң. Өзүңдү тиштеп жеп жутуп койгуң келет. Дүйнөдөгү эң бир жаман аял экениңди ойлойсуң. Антип да чарчайсың, кайра өзүңдү-өзүң актагың келет. Ал баланы төрөсөң мүмкүн болмок эмес экенин миң жолу өзүңө айтасың. Андан да жаманы, өзүңдү-өзүң актай албайсың. Кылба муну, суранам. Сен күчтүү аялсың. Мендей болуп жеңилбе.
– Сен эмне деп жатасың? Мен бул баланы кантип төрөйм? Силерди бакканга араң жетип жаткан маянам менен мен кантип төрөйм? Мен бул балага атасыз төрөлдү деген нерсени кантип ыйгарам? Кантип?
– Керемге бар!
– Эмне-е?
– Кеч боло электе аны менен жолук. Ал сен үчүн жанын кошо бергенге даяр. Сен Керемдин бул жолу мыйзамдуу аялы болосуң. Бардык маселелерден бир жолу кутуласың.
Жамиля кулагын жаба калды. Алибектин «Керемге кетесиң» деп күнөөлөгөнү кулагына жаңырды.
– Акылыңдан адаштыңбы? Ал Алибектин баласын өмүрү кабыл албайт. Төрөлгөндө биринчи күнү өлтүрүп таштайт. Сен Керемди мен билгенчелик билбейсиң.
– Алибектики экенин билгизбе...
– Нуриля?!
– Билем, акмакмын! Апамды тарткам да. А сен анте албайсың. Унут бул сөздү.
Нуриля ушундай. Чорт айтат, дал үстүнөн түшкөндөй айтат.
– Сен бар, апам угуп калбасын, ордуңа жат.
Нуриля бөлмөсүнө кирип кетти. Жамиля таң атканча уктаган жок. Эртеси ишине кетти.


ххх


Алибек түш көрүп жатты. Жамиля деңизге чөгүп кол жаңсап жардам сурап жатыптыр. Жетейин дейт, колдору кыймылдай албайт. Араң жетип колун кармаса да болбой шыпырылып колунан чыгып кетти.
– Жамиля!
Кыйкырып жиберип ойгонуп кетти. Керебеттин четинде аялы кызын эмизип жаткан экен. Кимдин атын атап кыйкырганын укса да укмаксан болду.
– Жаман түш көрдүңбү?
– Ооба, саат канча болду?
– 3кө 15 мүнөт калыптыр...
– Сен жата бер. Мен Аруукени уктатып анан уктайм,- деди Алибек. Кызын кучагына алып таптап отурду. Наристенин жытына балкып, бардык таарынычын, ызасын, жоготуусун бир саамга унутуп койгондой эле...

(Уландысы кийинки санда)



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Башка сандарда:
Комментарийлер(21)
17.04.2018. 09:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
07-05-2016
Соӊку аракети:
17-11-2018 00:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ГАЛАКТИКА
+13
Наркомандардай эле болуп калдык го). Саат 9ду кутуп, окуп анан отуруп калабыз.
17.04.2018. 15:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
149
Катталган:
03-07-2012
Соӊку аракети:
01-08-2018 20:08
Жынысы:
Белгисиз
0
KOCMOC,
17.04.2018. 09:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
07-05-2016
Соӊку аракети:
17-11-2018 00:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ГАЛАКТИКА
+9
Ушул эле жетпей жаткан. Эми боюнда бар. Никесиз ар кимден торогону жаман болду да. Керемге бар эми. Башка айлан жок...

Алибектин апасын коркутканын, акмак экен! Ата-энесин куноологондой го баардыгына. Билсен сенин бейишин ошол энен!
KOCMOC түзөттү 2018-04-17 09:31:39
17.04.2018. 09:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
11-06-2014
Соӊку аракети:
16-11-2018 22:32
Жынысы:
Белгисиз
+3
жинди болуп калбаса эле
17.04.2018. 09:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
14-10-2017
Соӊку аракети:
20-10-2018 10:51
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эх суйуу...
17.04.2018. 10:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
08-06-2015
Соӊку аракети:
16-11-2018 08:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудай сактасын ушундайлар Сүйүүдөн. Мисалы мен Акылым менен да Жүрөгүм менен да Сүйөм Жанымды)))
17.04.2018. 10:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
157
Катталган:
20-11-2010
Соӊку аракети:
16-11-2018 15:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
0
Аз го.
17.04.2018. 11:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
07-07-2017
Соӊку аракети:
29-05-2018 11:53
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жамила реалист болуш керек мечтасындагыдай эч качан болбойт бул жашоодон ырахат ал и бироонуда ырахаттандыр
17.04.2018. 11:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
07-07-2017
Соӊку аракети:
29-05-2018 11:53
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мен ушунчалык катуу суйгон жигитиме турмушка чыккан эмесмин турмуш шартыбыз туура келген эмес бир жигит мн таанышып эле турмуш курдук азыр бактылуумун балдарыбыз бар жамилага окшоп былжырай берсем журмокмунда ар ким жашоосун оз колу мн курат
17.04.2018. 11:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
30-05-2008
Соӊку аракети:
13-11-2018 21:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Чёрная любовь-2
17.04.2018. 15:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
115
Катталган:
26-03-2014
Соӊку аракети:
17-11-2018 00:33
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына сага! Эми эмне болот?
17.04.2018. 16:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
13-09-2017
Соӊку аракети:
19-06-2018 17:33
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мен Алибек болсом экоо менен тен жашайт элем
17.04.2018. 22:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
08-04-2013
Соӊку аракети:
14-11-2018 21:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Tumar83,
Диана болсонузчу?
18.04.2018. 16:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
13-09-2017
Соӊку аракети:
19-06-2018 17:33
Жынысы:
Белгисиз
0
sayana,ошондой кызгангандардан кыргыздын кыздары башка ата теги тааныбаган жакка кетип атышат, тушунуу менен караш керек.
17.04.2018. 17:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
08-02-2017
Соӊку аракети:
13-11-2018 21:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кереметтуу жашыл мекен.
+5
Авторго суроом бар эле да?
Жазуу чеберчилигинизде соз жок, баракелде!
Бирок айтынызчы, тигинисинен да , мунусунан да балалуу болуп алса кантип жашайт эки ортодо?
Ушулбу суйуу?
Бул жагы таптакыр каша'варенье болуп калды. Канчалаган адамдар окуп жатат муну, бизге кандай тарбиялык мааниси бар?
Туркторду туурап жатасызбы?
Кээ бир адамдарга "Демек, "суйуу"деп эле ушундай нерселерге жол бере берсе болот экен да?"деген ой келет деп, ойлободунузбу
17.04.2018. 20:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
170
Катталган:
05-03-2017
Соӊку аракети:
17-11-2018 00:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жамиляны бир аягы суйук деп элестетип калдым. Никеси жок эле корунгон менен жатып торой берет экенда ар кимден. Биринен болсо бирине тийип кыскасы ушул суйуубу автор?
17.04.2018. 22:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
22-01-2018
Соӊку аракети:
16-11-2018 23:49
Жынысы:
Белгисиз
0
качан бутот болду экен аягы кызык болотат
18.04.2018. 10:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
21-11-2017
Соӊку аракети:
18-07-2018 13:29
Жынысы:
Белгисиз
0
Диана ушундай болорун билип тийген. Жамиля ортодо жаман азап чектиго. Биринчисинде зордук менен боюнда болгонго. Кор оокат деп ошол жактарга барып журуп. Автор менимче алсыз ата энесинин айыбы менен кыйналган кызды суроттогон.
18.04.2018. 10:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
21-11-2017
Соӊку аракети:
18-07-2018 13:29
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жашоодо да болот мындай окуялар. Адилетсиздик. Жаминин бешенеси жылыбадыго. Неге эми Диана бактылуу болуп Жамиля озу суйбогон киши менен жашаш керек. Анын бактылуу болушка акысы бар го. Суйуу жок болсо алтын сарайда жашасан да бир тыйын
19.04.2018. 20:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
07-03-2018
Соӊку аракети:
07-11-2018 09:51
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жаман жинге тийди ушул, баланын тагдырын ойлобой эле, жата калып, боюнда боло калышып эле.
19.04.2018. 21:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
243
Катталган:
30-06-2015
Соӊку аракети:
09-11-2018 19:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу - Ош
-2
Мынча балит ар кимден никесиз боюнан бутуп, апасы жиндинин баары жинди дегени ушул да, эки кызы тен шуркуя болуп. Суйуу таптаза болуш керек булар кашасы чыгып кетти. Уялбай Керемден тороп Алибеке барды, эми уялбай Алибектен боозуп Керемге барат имиш)) Тим эле периштедей суроттойт да Жамиляны, обычный классический шуркуя турган турпаты. Алибекке соз жок аялы кызы турса бир катынды деп апасын жекирип, атасын го жеп тынды корго тыгып.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: