ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 16-апрелден 22-апрелге чейин




КОЙ (21.03-20.04)
Аптада каржы жаатына көбүрөөк көңүл бөлүнөт. Сизде акча бирде болсо, бирде болбой калат. Дем алыш күндөрү жеке иштериңизди бүтүрүү менен алек болосуз. Туугандар менен сүйлөшөсүз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жакынкы бир ай ичинде көбүнчө өз жумуштарыңыз менен алагды болосуз. Көңүл көтөрүлгөн да, чөккөн да учурларды баштан кечиресиз. Негизгиси, оптимист жана чечкиндүү болуңуз. Ошондо узак мөөнөттүү пландарды ишке ашырууга жеңил болот.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада жекече купуя иштерди көп жасоого аргасыз болосуз. Бирде ийгиликке жетишсеңиз, айрым учурда жашыруун бут тосууларга дуушар болосуз. Ишемби, жекшембиде каржы маселеси ойлондурат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада кесиптештердин жана курбулардын чөйрөсүндө убакыт өткөрөсүз. Ой-максаттарды ишке ашыруу кыйыныраак болот. Апта соңунда өзүңүзгө, сырткы келбетиңизге көңүл буруп, буюмдарды сатып аласыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жетекчилик менен алака кылууда кыраакы болуңуз. Мамилелер кээде жакшы, кээде жаман болуп өзгөрүп турат. Апта акырында убактыңыздын көпчүлүк бөлүгүн жалгыздыкта өткөрөсүз. Душмандардан сак болуңуз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада көзөмөл органдары, башка шаардык өнөктөштөр менен эсептешүүгө туура келет. Сапарга чыгуу, кайын журт, жогорку билим алуу, диний маселелер талкууга алынат. Курбулар жана жакын санаалаштар менен баарлашасыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада каржы жааты бир топ ойлондурат. Кирешенин аз же көп өлчөмдө болушу аракетиңизден көз каранды. Андыктан өжөрлүк керек. Апта соңунда жеке иштерге, жетекчиликке убакыт бөлүүгө аргасыз болосуз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Иштеги жана чөйрөдөгү адамдар менен мамилеңиз жакшырат. Ошого карабастан кээ бир инсандардын каршылыгына туш болосуз. Көңүл бурбаңыз, жеңиш сиз тарапта болот. Сапарга чыгуу, документтерди бүтүрүү көйгөйү козголот.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Иштөө менен кошо ден соолукка, мал-келди кароого да убакыт бөлөсүз. Аптада кээ бир жагдайлар көңүлүңүздү көтөрсө, айрымдары сизди капалантат. Аптанын акыр чендеринде каржыны туура бөлүштүрбөсөңүз, үй-бүлөдө таарынуулар болот.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Чыгармачылыкка, эс алууга да убакыт бөлөсүз. Жакындарыңыз менен мамилеңиз жакшырат. Алардын сизге таарынычтары болсо капаланбаңыз. Жакшы окуялардын өкүм сүрөрүнө аз калды. Жан шеригиңиз сизден аяр мамилени күтөт.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Чарба иштерине көңүл бурчу, ата-эне менен жакын туугандардын көңүлүн алчу кез келди. Активдүүлүктү көргөзүңүз, аларга жардам бериңиз, билгендериңиз болсо үйрөтүңүз. Келбетти калыпка келтирүү үчүн спорт менен алектениңиз, көнүгүүлөрдү жасаңыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада сапарга чыгуу, бир туугандар менен жакындан сүйлөшүүлөр күтүлөт. Кайсы бир маселелер боюнча талашып-тартышуу күчөйт. Көп жаңылык угасыз. Ишемби, жекшембиде балдардын маселесин чечесиз. Үйдөн сырткары эс аласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 806, 13-апрель -19-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан