Курал Чокоев, ырчы: «КОЛУҢДАН ЭЧ НЕРСЕ КЕЛБЕЙТ ДЕП МЕНИ ШЫЛДЫҢДАШКАН»

Курал Чокоевдин кесиби – актёр. Бирок ырчы катары популярдуу болуп, элдин табитин тапкан хит ырларды жаратып келет. Куралдын спорт менен машыгып баштаганына 2 жылдан ашты. Ырчы мырза келбет үчүн гана машыгып койбостон, учурда грэпплинг боюнча республикалык деңгээлдеги мелдештерге катышып баштады.

– Курал, кандайсың? Жакында Египетке барып эс алып келдиңер. Ал жактан кандай таасирде кайттың?
– Египетке биз бир долбоор менен барганбыз. Үч ырчы барган элек, үчөөбүз тең клип тарта келдик. Ар бир жердин өзүнүн аурасы, «изюминкасы» бар. Египеттин эли укмуш соодагер, жалпак тил менен айтканда, капталын жеген адамдар экен. Акыркы бир долларыңды да сыгып алганга аракет кылышат. Кыргыз жерин кир дейбиз, биздин өлкө Египетке караганда 10 эсе таза.

– Ал жакта жүрүп да инстаграмдагы окурмандарыңды зериктирген жоксуң. Бир жолу сөгүнүп да билдирүү жаздың. Мынчалыкка ким же эмне жеткирди?
– Жашоодо бардыгы эле сөгүнөт. Мен чет жакта жүргөндө эл сөз кылып, алаксып сүйлөшүп турушсун деп сөгүнүп койгом (күлүп). Мурун мага комментарий жазгандардын ар бирине жооп берчүмүн. Азыр жакпагандарын кара тизмеге киргизем. Кээ бир жөндүүлөрүнө жооп кайтарам. Негатив жазгандардын көпчүлүгү жаш балдар же жашоосунда ийгиликке жетпеген, жакшылык көрбөгөн адамдар. Айрымдарына жеке билдирүү жазып, «эмнеге антип жатасың? Номериңди бер, жолугалы, сүйлөшөлү» десем, кайра кечирим сурашат. Баса, ошол негативди жазган хейтерлер менин машыгуу залына баруума түрткү болушкан. Анткени жаңы спорт залына баргандагы сүрөтүмдү инстаграмга чыгарсам, мени аябай шылдыңдашкан. Ошондо өзүмчө «шашпагыла» деп койгом. Спорт менен машыкканыма 2 жылдан ашты, убакыт өткөн сайын сенден эч нерсе чыкпайт дегендер азайды.

– Спортко эмнеден улам таасирленип барып баштадың? Мындай жыйынтык үчүн эрк да күчтүү болушу керек го?
– Жашоомду өзгөртөйүн дедим. Мурун ойноп-күлүп жеңил-желпи жүрчүмүн. Өзүмдү күзгүдөн карасам курсагым чыккан, «мындай болбойт» дедим да, өзүмдү колго алууну чечтим. Бирок буга, сиз айткандай, чоң эрк керек. Мени менен залга машыкканы көп бала келген. Анын азыр бири да жок, мен эле калдым. Менин бир сапатым бар, бир нерсени кылам десем аягына чыгарам. Кылбайм десем кылбай коём. Өжөрлүгүмдүн артынан эле ушундай жыйынтыкка жеттим. Азыр тамак-аштан баштап жүрүм-турумга чейин өзүмдү көзөмөлдөйм.

– Эрежесиз эр урушка чыгам деп айттың эле. Ал план дале күчүндөбү?
– Профессионалдык түрдө февраль айында грэпплинг күрөшүнө катыштым. Бир атаандашымды утуп, тилекке каршы, экинчисинен утулуп калдым. Ал эми эрежесиз эр урушка чыгууга азырынча мага эрте. Мен ырчылар арасында эрежесиз эр уруш өткөрөйүн дегем. Кесиптештер арасында чыгам дегендер да көп болчу. Бирок ага көп каражат кетет экен. Ошого байланыштуу максатым ишке ашпай калды.

– Көзүң көгөрүп жүрөт. Бул да спорттун айынанбы же жеке маселе чечүүдө болдубу?
– Бизде спаррингдер көп болот. Эки күн мурун кокустан көзүмдү ушинтип көгөртүп алдым.

– Бирөөгө болушам деп муш жеп калдың беле?
– Көп болгон. Досторго болушам деп башкалар менен урушуп кетчүмүн. Бирок досторум алар менен кайра жакшы болуп кетип, мен «крайний» болуп калчумун. Ал достор менен дагы деле жакшы мамиледемин, бирок бир күйгөндөн кийин абайлап калат экенсиң.

– Көз жашыңа ээ боло албай калган учур болгонбу?
– Студент кезге чейин ыйлаак болчумун. Ызаланганда, таарынганда көз жашыма ээ боло албай калар элем. Азыр ал сапатты да жеңдим.

– Бетке айткан сапатыңдын зыянын тарттың беле?
– Андай көп болот. Бетке айткан жакшы деп коюшат. Бирок чынында бетке айтканда баары жаман көрөт экен. Сыртынан рахмат дегени менен, ичинде таарыныч калып өйкөп жүрө берет тура.

– Эми жеке жашооңо да кайрыла кетели. Шоу-бизнестеги кесиптештериң менен сүйүү мамилеси болду беле?
– Мен Египетте жүргөндө "Курал менен Айпери (ред.: Кубик кызы) үйлөнөт экен" деп ушак чыгарып жиберишиптир. Биз ал жактан жолуккан да эмеспиз.
Ырчы айымдар менен болсо кесиптеш катары сый мамиледемин, субординация дегенди карманам. Негизи эле мен эмнегедир классташ, тайпалаштарым менен деле сүйүшкөн эмесмин. Баары менен дос, бир туугандай мамиледе болчумун.

– Эркек менен кыз дос болушу мүмкүн эмес дешет...
– Мен деле ошентип ойлойм. Кыз менен эркек чыныгы дос болбойт. Бир жактан сөзсүз жактыруу сезими болсо керек. Анткени доспуз деп жүргөн бир-эки кыз аягында ыйлап калышкан. Эгер сага кыз жакса сулууланып, өзүңдүн жакшы жактарыңды көрсөткөнгө аракет кыласың. Мен алар менен дос катары жалжактап, ачык сүйлөшө берчүмүн. Бирок ошол сапатымды кыздар жактырышкан.

– Сүйлөшкөн кызым бар дегениң менен, дайым сени жалгыз көрөбүз...
– Мен жеке жашоомду табышмак кылганды жактырам. Сүйлөшкөн кызым бар, дайым жанымда эле жүрөт, болгону аны элге көрсөтпөйм.


КЫСКА-НУСКА

– Бир учурда эки кыз менен сүйлөшүп көрдүң беле?
– Болгон. Билип калса дагы кармап калган эмес, эркектерде «повод бербе» деген сөз бар го, ошентип «повод бербей» койгом (күлүп).

– Жигити бар кыз менен мамиле түзгөнсүңбү?
– Болгон...

– Сүйлөшкөн кыздарыңдын баарынын аты эсиңдеби?
– Жок...

– Өкүнгөн сүйүүң болгонбу?
– Муздап калган сүйүүлөр болгон, өкүнгөнүм болгон эмес.

– Сахнага кызуу чыккансыңбы?
– Сахнага чыккан эмесмин, кафеде ырдагам.

– Бирөөгө пара берип көргөнсүңбү?
– Бергем, университеттен бергем, МАИчилерге бергем (күлүп).

Көпчүлүк шылдыңдаган Куралдын машыгуу залына келген алгачкы жана жарым жылдан кийинки сүрөтү.


Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Курал Чокоев: "Ушакчылар мени Айпери Кубик кызы менен үйлөнтүп салышты"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
Stervashka
2018-04-17 15:35:32
Молодец, спорт бирок чындыгында жардам берет экен! Дагы да улантып журо бер!
+2
Shokoladka94
2018-04-17 17:45:08
Эки суротунун айырмасын коруп кулкум келди
+2
momun74
2018-04-17 22:09:08
башында эмнегедир жакчу эмес азыр жаны ыры, клиби чыккан сайын кызыгып кором анткени башка ырчылардан озгочо ар дайыма изденип турат ырлары уну жагымдуу
-2
Brejneva
2018-04-17 23:54:23
Курал башка өзүнүн кесиптеш мырзаларына караганда "эркекче" жүрөт. Азаматсың!!!
+1
ALMAAAN
2018-04-18 00:58:59
Ушу ырчы вапше жакпайт
+6
Muratovich
2018-04-18 06:10:58
Мотиватор
+2
Gena1
2018-04-18 09:04:57
Буга чейин тузук эле ырчы болсо керек деп ойлочумун. Мына бул созунон кийин: "Анткени доспуз деп жүргөн бир-эки кыз аягында ыйлап калышкан. Эгер сага кыз жакса сулууланып, өзүңдүн жакшы жактарыңды көрсөткөнгө аракет кыласың. Мен алар менен дос катары жалжактап, ачык сүйлөшө берчүмүн. Бирок ошол сапатымды кыздар жактырышкан"
0
Deniza88
2018-04-18 10:36:05
Красавчик
0
Gulnaz.GS
2018-04-18 11:56:01
Молодец кубиктерин чыгарып.машыкканын.Эми озуно Нурматты дагы ушуга окшогон ичи чыккан ырчыларды кошуп эрчите барчы.озун бираз токтолсон болмок.сени коргондо клоунду коргондой болчелем.спортсмен болгонунду коруп сыйлап калдым.эркек!
0
belka
2018-04-18 14:09:06
Өтө жагымсыз адам экен.
+4
fanatka19
2018-04-18 17:42:08
Созунун баш аягы жок эл алдындагы адам кичине созун тандап суйлосо.
+2
Jaziko80
2018-04-19 02:24:48
Озу оозу жаман. Дайыма согунуп оозунан жаман соз тушпойт. Прямой эфирде. Эл бар учун аты чыгат. Эл жок болсо каякта аты чыкмак эле.иии кароче.......................
0
nazgul20
2018-04-19 16:51:41
Нурлан Насипти ала барсан болмок
0
Ne.vajno
2018-04-21 20:51:51
Ушунча негативдин не кереги бар мага жагат красавчик
+1
Pandora
2018-04-22 18:41:36
Озгоруу кучтуу бирок гезиттин бетине жыланач чыкпай эле койбопсун да.Жашоон табышмак бойдон калсын туболук
+1
№ 806, 13-апрель -19-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан