БИР БҮРКҮМ. АСКАТ СУЛАЙМАНОВ ПРЕЗИДЕНТТИН РОЛУНДА...
"Ак илбирс" улуттук киносыйлыгын тапшыруу салтанатында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматовага "Улуттук кино тармагына кошкон салымы үчүн" атайын сыйлыгы ыйгарылат.
Комузчулардан турган "Кыргыз көчү" ансамбли Казакстандын Астана шаарында өткөн "Ак көгершин" эл аралык сынагында биринчи орунду ээледи.
Жанета Баялиева түштүк жергесиндеги күйөрмандарына концерт берүүдө.
Вьетнамдын Камрань шаарында болуп өткөн "Miss Universe Beauty" эл аралык сулуулар сынагында келиндер арасындагы таймашта 30 жаштагы Сания Мамбеталиева "Аалам сулуусу" наамын жеңип алды.
Ырчы Дайыр Исмадияров достору менен Вьетнамда эс алып жүрөт.
«Президент жана бомж» тасмасынын 3-бөлүгү тартылууда. Президенттин ролун Аскат Сулайманов аткарат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ady-88
2018-04-17 13:03:38
Жакында президент Жана бомж 3ту коруп калат экенбизда.
+2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.