Илгери бир абдан жалкоо бака болуптур. Ал өз курсагы үчүн курт-кумурска терип жегенден да зерикчү экен. Бир күнү карды ачып көлчүктө жатса, жанынан курт өтүп баратыптыр. Аны көрүп сүйүнүп кеткен бака:
– Эй, курт, бери келчи.
– Жок, барбайм. Барсам жеп коёсуң,- деп курт кетип калды. Ага ачуусу келген бака жанынан өтүп бараткан балыкка:
– Балык, мага куртту кармап берчи. Кардым ачып өлгөнү калдым,- дейт. Балык баканын жалкоолугун жакшы билчү. Ошондуктан ал аны жактыра бербей:
– Өзүң эле кармап алчы, бака. Мен шашып бараттым эле,- деди да сууга чумкуп кетти.
Баканын айласы кетти. Бирок ордунан козголуп жем таап жегенден жалкоолонду. Бир кезде тушунан бир дүбүрт угулду. Караса коко тикен тиштеп алган кодолек экен. Аны көрүп сүйүнгөн бака адатынча:
– Кодолек, кодолек, мага курт кармап берчи, ачка болуп өлгөнү калдым.
– Ээ, бака, курт кармаганга убакыт жок. Энемдин карды ачып, жүк көтөрө албай калды. Ага бул коко тикенди тезирээк алып барып бербесем болбос,- деди да кодолек жолго түштү.
Канчалык ачка болсо да баканы жалкоолук жеңди. Жата берип шайы да ооду. Эми анын ордунан козголууга да дарманы калбады. Бир кезде бет алдынан жылан өтүп бара жатты. Бака аны көрүп кубанып кетти да, минтти:
– Жылан, жылан, мага курт кармап берчи, кардым ачып өлгөнү калдым. Муну уккан жыландын ачуусу келди да, баканы сынап көрүүнү ойлоп, мындай деди:
– Хи-хи-хи, менин да кардым ачып турду эле. Жолукканың жакшы болбодубу. Кел эми сени жутуп кардымды бир кампайтып алайын.
Бул сөздү уккан баканын жүрөгү оозуна тыгылды. Коркконунан «балчак», «балчак» секирип качып жөнөдү. Качып баратып карды ачканын да унутуп калды.
– Хи-хи-хи, жатып ичер жалкоо десе! Бая эле ордуңдан козголууга дарманың жок жатпадың беле?!- деп шылдыңдады ары жактан жылан.
Бака өзүнүн жалкоолугу жана арамзалыгы үчүн уялып калды.
Ошондон кийин ал жалкоолугун таштап, өз жемин өзү таап жечү болду.
Аман Кармышаков
Алтынай Тынышова
balakai@super.kg