Президент Сооронбай Жээнбеков 9-апрелде Түркияга расмий иш сапары менен барды. Бул анын президент катары КМШ аймагынан сыртка жасаган алгачкы сапары. Кыргыз ажосу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугуп, өлкөлөрдүн кызматташтыгын талкуулашты. Аягында эки тараптуу 6 документке кол коюлду. Жээнбеков кол коюлган документтердин бирин, тактап айтканда, эки өлкө ортосундагы социалдык камсыздандыруу боюнча келишимди «тарыхый документ» деп атады. «Биз тарыхый документке кол койдук. Эми эки өлкөдө тең иштеп камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөгөн жарандарга бир эле мезгилде Түркия жана Кыргыз өлкөсүнүн пенсиясын алууга мүмкүнчүлүк жаралды»,- деди Жээнбеков. Андан сырткары спорт, айыл чарба, инвестиция, техника жана басма сөз жаатында документтерге кол коюлду. Сооронбай Жээнбеков Түркия лидерин быйыл күздө Ысык-Көлдө өтүүчү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырды. Эрдоган Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кезектеги саммитин 2018-жылдын сентябрында Бишкекте өткөрүү чечими кабыл алынганын айтты.
Эрдоган 2016-жылы Кыргыз-Түрк мамилесинин муздашына себеп болгон диний аалым Фетхуллах Гүлендин тарапкерлеринин ФЕТО уюмуна каршы турууда президент Жээнбековдон ыкчам чараларды күтө турганын айтты. Түрк башчысы бул темага сөзүнүн көп бөлүгүн арнап, ФЕТО уюмунун акыркы өкүлүн укук коргоо органдарынын колуна тапшырып бермейинче күрөштү токтотпой тургандыктарын айтты. Ал эми Жээнбеков журналисттерге кайрылуусунда Гүлен темасын козгогон жок.
Сооронбай Жээнбеков Түркиядан кийин Бельгияга барып, Евробиримдиктин жетекчилери менен жолугушууларды өткөрүүдө.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg