ЭКС-ПРЕЗИДЕНТ АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ КЫТАЙ ЛИДЕРИ СИ ЦЗИНЬПИН МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 11-апрелде Хайнань аймагында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолукту. Бул маалыматты КСДП партиясынан билдиришти. Партиянын маалыматы боюнча, жолугушууда Атамбаев менен Цзиньпин эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты талкуулашып, Си Цзиньпин Алмазбек Атамбаевди КСДПнын төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады. Кытай лидери Атамбаев президент болуп турганда эки мамлекеттин кызматташтыгы үчүн чоң иштерди жасаганын айтты.
Айта кетсек, Алмазбек Атамбаев «Бир алкак – бир жол» аталышындагы форумга катышуу үчүн Хайнань аймагына 9-апрелде учуп кеткен. Жолугушуу учурундагы сүрөттөрдөн улам Атамбаевди коштоп жүргөн 2 адамдын бирин «бул премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси Талант Султановбу? Эмне үчүн премьердин кеңешчиси экс-президентти коштоп жүрөт?»- деген суроолор жаралды.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 806, 13-апрель -19-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан