ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВДИ 24 СААТ БОЮ КӨЗӨМӨЛДӨГӨН ВИДЕОКАМЕРА АЛЫНДЫ

Саясатчы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев отурган камеранын ичинен видеокөзөмөл алынды.
8 жылга соттолуп, №47-абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Өмүрбек Текебаевдин камерасынын ичи-тышына видеокөзөмөл 2018-жылдын январь айында коюлган. Текебаев өзү да, адвокаттары да камеранын ичине видеобайкоо коюлганына каршы чыгышкан. Ал эми ЖАМК администрациясы бул иш Текебаевдин коопсуздугу үчүн жасалганын билдирген. ЖАМКнын бул аракетин Текебаевдин адвокаттары, укук коргоочулар «соттолуучуга моралдык-психологиялык басым көрсөтүү, кыйноонун бир түрү» деп баалашкан. Камеранын ичинен видеокөзөмөлдү алуу талабы 3 айдан бери айтылып, бирок өкмөттөн реакция болбой келе жаткан.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 806, 13-апрель -19-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан