ЭРКИН ГЕЗИТТЕР САТЫЛГАН БИШКЕКТЕГИ ЖАЛГЫЗ ГЕЗИТ БАЗАРЫН ЖАПКАНЫ ЖАТЫШАБЫ?

Бишкек шаарында эркин гезиттер сатылган жалгыз базардын тегерегинде учурда талаш-тартыш жүрүүдө. Бул тууралуу гезит сатуучулар кабарлашты. Алардын айтымында, Бишкек мэриясы базар жайгашкан жерди бошотууну талап кылууда. «Базарда жалпы 20 күркө бар. 2011-жылга чейин жер салыгын төлөп иштеп келгенбиз. Алгач 2012-жылы, кийин 2015-жылы мэрияга салык төлөө боюнча келишим түзүү үчүн керектүү документтерибизди тапшырганбыз. Бирок алардан жооп берилген эмес. Жакында мэриядан келип бизге күркөлөрдү бузуу боюнча документ көрсөтүп кетишти»,- дешет сатуучулар.
Бул маселе боюнча мэрияга караштуу Жер ресурстар башкармалыгынын адиси Талгат Көчмамбетов: «Бул маселени чечсе болот. Ал үчүн мэриянын Архитектура башкармалыгына ошол аймактын көрүнүшүн 4 тарабынан сүрөткө тартып, картадан белигилеп паспорту менен барыш керек. Архитектура уруксат берсе болобу карап чыгып, бизге жиберет. Комиссия акыркы чечимди чыгарат»,- дейт.
Бийликтен көз карандысыз эркин гезиттер сатылып жаткан жалгыз базарда документтер жагынан мүчүлүштүк бар болсо, аны иретке келтирүү мэриянын колунда. Эркин гезиттер сатылган базарды жаптырып салууну көздөп жаткан болсо, анда бул аракет Бишкек мэри Албек Ибраимовго упай кошпосу анык.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 806, 13-апрель -19-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан