БАШ ПРОКУРОРДУН “КРЕСЛОСУ” БОШОДУ

Парламент башкы прокурорду отставкага кетирди. КСДП фракциясы болсо өкмөттүн отчётун «канааттандырарлык» деп баалады. Өкмөттү отставкага кетиришеби? Учурдун башкы суроосу ушул болууда.

КСДП ӨКМӨТТҮН 2017-ЖЫЛКЫ ИШИНЕ ЫРААЗЫ
Парламентте КСДП фракциясы өкмөттүн 2017-жылкы иши боюнча премьер Сапар Исаковдун отчётун укту. Исаков: “2017-жылы экономиканын бардык тармагында өсүш болуп, 135 миллиард сом суммасында киреше түштү. Жакырчылык 4 пайызга азайды”,- деди. КСДПнын депутаттары “суроо бербей эле отчётту колдоп берели, өзүбүз шайлаган өкмөттү сактап калалы” деген сөздөрдү айтышты. Соңунда фракция өкмөттүн 1 жылдык ишин “канааттандырарлык” деп тапты. Эске салсак, 2017-жылы өкмөттү 8 ай Сооронбай Жээнбеков, 4 ай Сапар Исаков жетектеди.

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ БАШКАРУУЧУ КОАЛИЦИЯ ЫДЫРАЙБЫ?
Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк кийинки аптада тарап, өкмөт отставкага кетиши мүмкүн. “Ата Мекендин” депутаты Каныбек Иманалиев азыркы өкмөттүн 1-2 апталык эле өмүрү калды деген пикирде. Башкаруучу коалиция кандай негизде таратылары, өкмөткө кандай доомат айтылары азырынча белгисиз. Учурда башкаруучу коалицияда КСДП, “Бир бол” жана “Кыргызстан” фракциялары бар.

БАШКЫ ПРОКУРОР ИНДИРА ЖОЛДУБАЕВАНЫН «КРЕСЛОСУ» КИМГЕ БУЮРАТ?
Президент Сооронбай Жээнбеков 10-апрелде башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу сунушу менен Жогорку Кеңешке кайрылды. 11-апрелде парламент ажонун сунушун 105 добуш менен колдоп берди. 2 гана депутат каршы чыкты.
Президент Жолдубаеваны кызматтан алуусун Башкы прокуратура коррупция менен жетиштүү күрөшпөгөнү, 8-февралдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтылган эскертүүлөр боюнча жыйынтык көрсөтө албаганы, үмүттү актабаганы менен түшүндүрдү. Башкы прокуратура жетекчилик кылган Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңеш Коопсуздук Кеңешинин 8-февралда өткөн жыйынынан бери бир дагы ирет чогулбаганы айтылды.
Жолдубаева башкы прокурорлук кызматка 2015-жылдын январь айында шайланган. Президент Жээнбеков башкы прокурорлукка кимди сунуштайт? Бул маанилүү кызматка талапкер болушу мүмкүн деп башкы прокурордун мурдагы биринчи орун басары, Бекмамат Осмоновдун уулу Темирбек Бекмамат уулунун, Жогорку Кеңештин депутаттары Курманкул Зулушев жана Канат Керезбековдун ысымдары аталууда. Мыйзамга ылайык, президент башкы прокурорлукка сунуштаган талапкерди Жогорку Кеңеште кеминде 61 депутат колдоого тийиш.

 

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 806, 13-апрель -19-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан