2017-жылдын аягында Медиа Полиси институту “Сорос-Кыргызстан” фондунун каржылоосу менен калктын медиа сабаттулук даражасын баалоо боюнча изилдөө жүргүзгөн. Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, респонденттердин 71,8 пайызы интернет тармагына жеткиликтүү болуп чыккан. Ошондой эле алардын үчтөн экиси күнүмдүк турмушта смартфон колдоно турганы белгилүү болгон.
ЖАЛГАН ЖАҢЫЛЫКТАР КАРАМА-КАРШЫ КӨЗ КАРАШТАРДЫ ПАЙДА КЫЛАТ
Интернеттин жеткиликтүүлүгү жана анын байланыш аянтча катары популярдуулугу калктын медиа керектөөсүн да өзгөрттү. Ошол эле учурда элдин керектөөсү үчүн социалдык тармактар, онлайн массалык каражаттар жана аны менен кошо мессенджерлер күрөшүүдө. Бул "санариптик ызы-чуу" деп аталган феномен интернетте ар бир макалага сарпталган убакыттын өлчөмүн азайтат жана маалыматты макалалардын аты аркылуу эле билип алууга өбөлгө түзүлүүдө.
Башка жагынан алганда, маалымат берүүдө ыкчамдык талап кылынган сайын фейк ("fake" англис тилинен жалган, фальсификация деп которулат) жаңылыктардын көбөйүшүнө алып келүүдө, анткени маалыматты текшерүүгө да убакыт керек. 2017-жылы англис тилиндеги эң байыркы Коллинз сөздүгүнүн маалыматына ылайык, фейк жаңылыктар сөз айкалышы көп колдонулганы үчүн глобалдуу көрүнүш болуп эсептелген. Түнөргөн маалымат чек аралары доорунда кыргызстандыктар дагы "жалган кабарлар" таасирине кабылып, кээде алар андай жаңылыктардын жаратуучуларына жана бөлүштүрүүчүлөрүнө кирип калышы мүмкүн. Коркунучтуусу, фейк кабарлар кесиптик журналистикага, демократиялык институттарга элдин ишеними жоголушуна, ошондой эле демократиялык чечим кабыл алууга тоскоолдук жаратышы мүмкүн.
Адамдар социалдык тармактардагы маалыматтын көбүгүндө камалып жана фейк жаңылыктардын таасирине кабылып, карама-каршы көз караштарды пайда кылууда. Мындай учурда бир келишимге келүү өтө кыйын болуп калат.
WHATSAPP АРКЫЛУУ КЕЛГЕН КАБАРЛАРДЫН БААРЫ ЭЛЕ ТУУРА БОЛО БЕРБЕЙТ
Бүгүнкү күндө дээрлик ар бир интернет пайдалануучу мессенджерлерди колдонуучу. Ошондуктан муну эске алып, ар бирибиз мессенджерлерде таратылып жаткан маалыматка көңүл буруп, ага баа бере билишибиз керек.
Биринчиден, жаңылыктарды талдап ой жүгүртүү. Көп учурларда WhatsApp аркылуу “ӨТӨ МААНИЛҮҮ!”, “БАРДЫК АТА-ЭНЕЛЕРГЕ!” “БАШКАЛАРГА ДА ТАРАТ!” деген сыяктуу маалыматтар көп таркатылат. Мындай учурларда текстти жакшылап карап, кунт коюп окуш керек. Эске алчу жагдай, акыркы технологиялар текстти, сүрөттү, видеону өзгөрткөнгө мүмкүнчүлүк берет. Мындай маалыматтардын мазмуну жалган болушу мүмкүн.
Экинчиден, маалыматтар кайсы булактар аркылуу таратылып жатат, ошого да көңүл буруу зарыл. Көп учурда биз жаңылыктарды досторубуз же туугандарыбыздан угабыз. Сүйүктүү бир туугандардан же достордон социалдык тармактар аркылуу жаңылыктар келгенде, албетте, маалыматка ишенбей коё албайбыз. Бирок эгерде фактылар берилген болсо, дайыма "бул маалымат кайдан?" деген суроону берүүгө үйрөнүү керек. Бул маалымат булагы тууралуу жооп берет. Ошентип, сиздер так эмес, ката же калп маалыматты текшере аласыздар.
Үчүнчүдөн, расмий булактарды кароо зарыл. Көп учурда сиз менен бөлүшкөн материал же маалымат башынан эле туура эмес же адаштыруучу кабар болушу мүмкүн, же сизге жеткиче өзгөрүп кетиши мүмкүн. Бул үчүн жөн гана ишенимдүү маалымат каражаттарынын издөө бөлүгүнөн кабардын аты-жөнүн киргизип анын чын же калп экендигин текшерүүгө болот. Мүмкүн болушунча расмий маалыматтар, отчёттор жана документтер аркылуу сизге жөнөтүлгөн маалыматты ырастоо, толуктоо же жокко чыгарууга мүмкүн.
Жыйынтыгында, бул мисал жана кеңештер аркылуу мессенджерлерди же социалдык тармактарды, деги эле санариптик куралдарды колдонууда медиасабаттуулук ыгын өркүндөтүү абзел экендигин медиаэксперттер билдиришет. Маалыматты кабыл алуу жана таратууда сын көз караш менен ой жүгүртүүнү билишибиз керек.
Тынымгүл Эшиева