РИМДЕ “РОМА” ЭР, “РЕАЛ” МЕНЕН ЧЫРДАШЧУ КИМИҢЕР?

Бул апта ортосу Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдык оюндары кызуу өттү. Рим шаарында «Рома» Месси баштаган «Барселонаны» жер каратты. Биринчи оюнда ири эсепте жеңилген римдиктер өз үйүндө эрдик жасашы керек эле. «Рома» 3:0 эсебинде жеңип, сенсация жаратты. Ал эми «Манчестер Сити» өз үйүндө да «Ливерпулга» 1:2 эсебинде жеңилип, мелдештен четтеп калды. «Сантьяго Бернабеу» стадионунда «Реал»-«Ювентус» беттеши орун алып, туриндиктерге эч ким ишенген эмес. Бирок Аллегринин шакирттери 90 мүнөт бою мадриддиктердин таш талканын чыгарып жатты. Өз үйүндө 0:3 менен жеңилген «Юве» конокто «Реалды» 3:0 эсебинде жеңип жаткан. Бирок «Реалдын» акыркы чабуулунда Васкес айып аянтчада кулаганга үлгүрдү. Пенальти. Чыр жараткан бул айып сокку Буффондун кызыл кагаз алышы менен бирге «Ювентустун» дарбазасына гол алып келди. «Реал» сүйрөлгөн бойдон жарым финалга бет алды. «Бавария» «Севилья» менен өз үйүндө 0:0 эсебинде ойноп, коноктогу жеңишинин эсеби менен кийинки баскычка чыкты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (59)
Iniesta8
2018-04-18 11:32:46
Тема аябай туура коюлуптур если что. Ушинтип чырдап жатып полуфиналга чыккандан көрө Барселонага окшоп достойно жеңилип берген артык болчу
+1
murat17
2018-04-18 11:41:55
Тундо Байер-Бавария 2-6 супер матч болду реалчылар уктай албай чыкты окшойт уктаса да тушунон чочуп Алга Бавария
+1
Beknur10
2018-04-18 12:36:54
Реалда баары эле актёрлорго, 7номердеги бала топту тебе албаса эле башын кармап судяны карай бергени жакбайт, марсело эле эркек марсело жок реалга пок ## жок, Месси Месси да бирок
-2
Raul07
2018-04-18 20:12:20
Ичинер куйсо туз жалагыла... Реал дуйнодогу эн кучтуу клуб!!! ошол учун коро албайт кообу
+1
Raul07
2018-04-18 20:16:02
Эмнеге ошол оюндагы Исконун голун оффсайдка чыгарганын айтпайсынар...? Ал оюнарга да келбесе керек...
+3
sher.93.kg
2018-04-19 12:08:02
Реалдын эн акыркы умуту бул пенальти экенин баарыбыз билебиз,бирок ушул пенальти иштегендерге да рахмат.Кантип жасайт билбейм?
0
48489494kuban
2018-04-19 14:13:41
Реал мадрид чемпион
+1
bermutski
2018-04-19 16:55:43
Ким женсе да кыргыздарга эч кандай пайдасы жок.Жон жок талаша бербейли
+2
stepboy
2018-04-20 05:22:33
Барсанын күйөрмандары туз жалагыла ха ха ха
+2
Bakulya97
2018-04-20 16:58:31
Реал судяны сатып алган жок. Менин жеке оюм:
1.аркадан кылынган ар кандай иш пеналти болот
2.колуну ишке салган бенатия
3.буту мн кокургуго тепкен
Башка кандай себеб керек туруле беерилген.егерде екстра таймга барганда деле ювентусту Реал Таш талканын чыгарып койот еле.юве чарчап калган еле.бул жеке оюм мн атым (Максат) ойдодо жазылган емес.
+1
salamat93
2018-04-20 19:06:21
Реал алга
0
marat009
2018-04-20 19:48:10
Реалдын оюндарын корсонор псжны 2 жолу утканда эмне унчукпайсынар,реал буйруса чемпион 4жолу катары мн
0
Ernic
2018-04-20 21:30:20
marat009,Сен футболду корбойт экенсиң иним. Быйыл утса катары менен 3 жолу уткан болот.))
+2
Aitik
2018-04-23 18:19:12
Ливерпуль Чемпионннн!!!
0
windows.kg
2018-04-25 12:19:05
Hola Madrid!!! Реал чемпион.
0
windows.kg
2018-04-25 12:19:45
Hola Madrid!!! Реал чемпион.
0
№ 806, 13-апрель -19-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан