Рустам Тыналиев, улакчы: «КАЗАКТАРГА КОКПАР МЕНЕН КӨК БӨРҮНҮН АЙЫРМАСЫН КӨРГӨЗӨБҮЗ»

Көк бөрү сүйүүчүлөрү бул улакчыны алыстан таанышат. Өз командасы үчүн гана эмес, улуттук курама командада да маанилүү упайларды алып келген Рустам Тыналиев күйөрмандардын сүймөнчүк оюнчуларынын бири.

Аты-жөнү
– Рустам Тыналиев
Туулган жылы, күнү – 1989-жыл, 7-июль
Туулган жери – Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кайсар айылы
Жетишкендиктери – Азия чемпиондугунун күмүш медалчысы (2013-жыл), Көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүсү (2014, 2016-жылдар), кокпар боюнча Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалчысы (2017-жыл), Жылдын мыкты улакчысы (2015-жыл)
Минген аты – Комбат
Акыркы ойноп келген командасы «Биримдик Аю»


– Рустам мырза, көк бөрүгө болгон кызыгуу кандайча жаралып калды эле?
-Өзүм Суусамырдын кулуну болом. Улакка кызыгуумдун себеби – атам дайыма ат минип жүрчү, күлүк таптачу, жылкыга жакын болчу. Андан кийин улак тартышта атагы чыккан Айбек Солтогоев, Муканбет Койчукеев сыяктуу агаларымды көрүп кызыгуу жаралды. Аларды сыналгыдан көрүп калганда «мен дагы ушундай болсом» деп эңсеп жүрчүмүн. Чоңойгондо айылда көк бөрү ойноп жүрдүк. 17 жашымда биринчи жолу «Аккула» ат майданына келдим. Азыр ойлоп көрсөм, 10 жылдан ашыптыр.

– Эми ошол күндү эстейли. Биринчи жолу «Аккула» ат майданына чыкканың, ошондогу сезимдер эсиңдеби?
-Ал мелдеш Нооруз майрамына арналган мелдеш болсо керек. Ат майдандын сүрү бар экендигин ошондо сездим. Аябай толкундандым. Эл кыйкырганда кулагыма эч нерсе угулбай калган. Ысык-Көлдүн бир командасы менен ойногонбуз. Ошондо биринчи жолу тай казанга улак салгам.

– Чабуулчусуң. Башында эле ушул амплуада ойнойм дедиң беле?
-Көк бөрүгө келгенде эле чабуулчу болом деп келгем. Алгач 6-катар санындагы номер менен чыгып жүрдүм, кийин 10-номер менен чыгып калдым. Эң алгач «Шоро-Суусамыр» деген команда менен чыктым. Ал команда бир жылдан кийин тарап кетти. Андан соң жалаң жаштардан куралган «Рассвет» деген команда түзүлүп, ошол жактан чоңойдум десем болот. Кийин «Кожомкул» деген командада эки жылдай улак тарттым. Бирок жылкыларыбыз кырсыктап калып, ал команда тарап кетти. Кийин «Суусамыр», «Сары-Өзөн», «Биримдик Аю» командаларында ойнодум.

– Он жылдан бери улак тартып келесиң. Кандай байгелериң менен мактана аласың?
-Көк бөрү – бул командалык оюн. Көп эле ийгиликтерге жетиштик. Командабыз менен 3-4 унаа, акчалай сыйлыктар болду. Андан тышкары аламан, додо деген улактарга чыгып, утуп жүрөбүз.

– Бул байгелерге жетем деп жаракат да алсаң керек?
-Жаракат болбой койбойт. Кол сынды. Буттарыбыз чоюлат, белибиз ооруйт дегендей. Бирок канча жаракат алсак деле бул оюн каныбызга сиңген окшойт. Таштап салуу мүмкүн эмес. Бүгүн ооруп жатсаң, улакты көрүп алып эртеси эле оюнга чыгып кетесиң. Көк бөрү – бул менин жакшы көргөн спортум. Бир кызыккандан кийин чыга албайсың.

– Сени улуттук курама команданын ишенген оюнчуларынын бири катары таанышат. Андагы жоопкерчилик кандай?
-Мен улуттук курама команда менен ири мелдешке 5 ирет катыштым. 2013-жылы Азия биринчилигинде мени жөн жерден оюндан четтетип салганы эсимде. Кийинки жылы Көчмөндөр оюндарында биз таза ойноп, жеңишке жетишкенбиз. Ал эми өткөн жылы Дүйнө биринчилигинде казактарга утулуп калдык. Биз өз үйүбүздө ошондой аракеттерди көрүп ойносок, казактарды бери дегенде эле ири эсепте утуп алабыз. Алар үй ээлери катары үстөмдүк кылып, башкача дагы аракеттерди көрүп жатышты. Буга деле кек сактаган жокпуз. Буюрса, быйылкы жылы Көчмөндөр оюндарында кокпар менен көк бөрүнүн айырмасын көргөзөбүз деп турабыз.

– Күйөрмандар Манас Ниязов менен сени салыштырып бүтүшпөйт. Ортоңордогу атаандаштыкты сезесиңби?
-Манас экөөбүз бир командада ойночубуз. Анда ал командага жаңы келген, кичинекей болчу. Менин ойноп жүргөнүмө 3-4 жыл болуп калган. Ошол кезде чогуу машыгып, оюндарга чогуу чыгып жүрдүк. Мен эч кандай атаандаштыксыз эле колдон келген оюнумду көргөзөм. Манас экөөбүздүн ортобузда эч кандай атаандаштык жок. Ортобузда сый бар.

– Мелдештердин чечүүчү беттештеринде, мыкты чабуулчу, мыкты бомбардир сыяктуу наамдар үчүн атаандаштык болбой койбойт дегенге ишенбейм...
-Көк бөрүдө мындай да, бир учурда улакчыга «колу келет» деп коюшат, оюну жүрөт. Андай учурда эмне болбосун улак сенин колуңда болот. Ал эми оюн жүрүшпөй жатканда канчалык аракет кылсаң деле улак колуңа тийбейт. Кол жүргөн маалда мен кыйын, Манастыкы жүрүшсө, ал кыйын. Чектен чыгып тирешип кетүү деген жок.

– Акыркы жылдары «Биримдик Аю» командасы мыкты ойносо дагы, биринчи орундарга илинбей келген...
-Команда жаңы түзүлө калып, дароо эле биринчиликтерди багынтып кирүү деген болбойт. Кеминде 3-4 жыл мээнет кылуу керек. Алды 10 жылга барган. Атактуу «Бөрүлү» деле 10 жылдан ашык утулуп жүрүп, жеңиш жолуна түшкөн. «Биримдиктин» түзүлгөнүнө 2 эле жыл болгон. Курамы мурунку «Сары-Өзөндө» ойноп жүргөн улакчылар болчу. Башында аттарыбыз менен оюнчулар бири-бирине көнө албай жатышкан, кийин оңолду.

– «Биримдик Аю» командасы жоюлду деген маалымат чыкты...
-15-апрелде команда жетекчилери «Биримдик Аю» жоюлганы тууралуу айтышты. Эрежеге ылайык, команданын оюнчулары бир жылга чейин башка командада ойногонго уруксат берилбейт. Эми 9-майга карата өтө турган мелдешке өзүбүздүн айылдагы улакчылар эле чогулуп, катышалы деп аракет көрөбүз.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
egiz-jigit
2018-04-24 12:00:54
Жакшы маек болуптур орду орду менен жооп бериптир ийгилик
+5
Erjigit15.kg
2018-04-24 17:16:55
Достук командасына кошул
+4
Erjigit15.kg
2018-04-24 17:17:07
А
0
mirlan_kdm
2018-04-25 04:09:55
Ырчылар болсо атаандаш деп эле суйлоп калышат. Булар болсо сыйлашат экен бири-бирин Азаматсынар! Сый-урматынар кетпесин
+11
surgeon777
2018-04-25 05:47:14
mirlan_kdm,тиги лапша,бул фунчёза деппи?)
+1
urmat94
2018-04-25 17:56:16
Достука кошул
0
№ 807, 20-апрель -26-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан