Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Мирана Мамырбаева, жабырлануучу:«ИНТЕРНЕТ АРКЫЛУУ ИНТИМ КЫЗМАТ КӨРСӨТӨТ ДЕГЕН КАРАЛООГО КАБЫЛДЫМ»

№807 20-апрель -26-апрель, 2018-ж.


Жашообуздун маанилүү бөлүгүн ээлеген интернеттин оң жагы менен кошо терс жагы да бизди коштоп жүрөрүн унутпасак. Социалдык түйүндөргө катталып, ал жакка жеке маалыматтарды, сүрөттөрдү жүктөйбүз. Бирок ошол маалыматтар кайра өзүбүзгө каршы курал болору көп ойлондурбайт. Акыркы күндөрү ар кандай жолдор менен каралоолор болуп жатканы катталууда.

«ЖОЛДОШУМДАН МЕН КҮТКӨН КОЛДООНУ АЛГАН ЖОКМУН»
Акыркы учурда вебкам-моделинг кызматына аралашкан кыргыз кыздарынын жылаңач сүрөттөрү интернетке тарап, коомчулуктун катуу талкуусуна алынды. Бул ызы-чууну улай Фейсбуктун бир колдонуучусу өз баракчасына жылаңач кыздын бир нече сүрөтүн жүктөп, анын астына «Кыргыз кыздар, уялбайсыңарбы ушинтип ар кимге фото жибергенден! Түрк таанышыма Мирана деген кыз жиберген экен, ал ар кимге таратып жатат» деген билдирүү жазды. Сүрөттөгү Мирана Мун (Мирана Мамырбаева) аттуу айым экенин айтып, анын баракчасынан да сүрөттөрдү кошо илген. Мына ушул окуяга кандайча кабылып калганын бизге Мирана Мамырбаева төмөнкүчө айтып берди:
– Үйдө кадимкидей эле үй жыйнап бейкапар жүргөм, анан эле WhatsApp`тан тааныштарым «Фейсбукта эмне эле болуп жатат?» деп жаза башташты. Түшүнбөй эмне болуп жатканын териштиргиче тааныштарым четинен жазып, чала баштады. Көрүп эле нес болуп калдым. Алгач жолдошума айттым. Менин таянган адамым эле, бирок ал мен күткөн колдоону берген жок. Сөздөн сөз чыгып отуруп, аягы экөөбүздүн ажырашуубуз менен бүттү. Апам, бир туугандарым, курбу-достордун баары сүрөттөрдү көргөн соң «сен эмес экениң дароо эле билинип турбайбы» деп күлүп эле коюшту, бул окуяны олуттуу кабыл алышкан жок.
Белгисиз жылаңач кыздын сүрөттөрүнө менин баракчамдагы сүрөттөрүмдү көчүрүп кошуп койгон адам Санжар Исаев деген фейк атты колдонуп жүрөт. Экөөбүз бири-бирибизди тааныйбызбы же тааныбайбызбы билбейм, бирок бир журналист деп ойлоп жатам. Жазсам байланышка чыкпайт. Ал адам мага интернеттен эле тиш кайрап калган. Учурда ага каршы далилдерди чогултуп жатам. Бир караган адамга сүрөттөрдөгү айырмачылык дароо билинет, сүрөттөгү кыздын колунда татуировкасы, эрининин үстүндө калы бар экени.

«КҮНӨӨЛҮҮЛӨР ТИЙИШТҮҮ ЖАЗАСЫН АЛСА ДЕЙМ»
– Эч кимге эч нерсе далилдебей эле коёюн дегем, бирок бул интернеттен мени каралаган биринчи учур эмес. 2017-жылы болгон Дача-СУ айылындагы учак кырсыгына байланыштуу Фейсбукта бир группада талкуу болуп, ошол жерге бирөө менин атымды колдонуп, «оштуктар, сасыбай Ошуңарга кеткилечи!» деп жазыптыр. Аны да билбейм. Көп өтпөй мага чалып да, жазып да коркутуп башташканда гана эмне окуя болгонун билгем. Укук коргоо органдарына кайрылсам, ал билдирүүнү жазган адамдын IP-дареги Беларустан чыгып жатканын айтып, эч кандай чара көрүлбөй, иш жабылып калган. Ал адам менин баракчама окшош клон баракча ачып, менин сүрөтүмдү жүктөп койгон экен. Анан жогорудагыдай билдирүү жазып, аны скрин кылган да, ар кайсы группага таратып жиберген. Анан баягы клон баракчаны өчүрүп салыптыр. Мен жөн жерден жаманатты болуп калгам.
Анда да ошол Санжар Исаев деген колдонуучу тараткан. Мунусунда мени белгилүү журналист кылып пиарлаганына таң калдым. 5-6 жыл мурун super.kg порталында модератор болуп иштегем. Аны деле тактап отурбай, "Супер-Инфонун" журналисти деп жазып, таратып жиберишти. Бул сапар УКМКга арыз жаздым, күнөөлүүлөр табылып, тийиштүү жазасын алса дейм.

«БИЗДЕ ИНТЕРНЕТ ТАРМАГЫ БОЮНЧА ӨЗҮНЧӨ МЫЙЗАМ ЖОК»
«Интернет аркылуу бирөөлөрдү каралаган адамдарга карата кандай жаза каралган?» деген суроого юрист Калыйнур Батыралиев жооп берди:
– Кыргыз мамлекетинде интернет тармагы боюнча өзүнчө мыйзам жок. Бирок башкаларды каралаган адамдарга карата Жарандык кодекстин 16 жана 18-беренелеринин негизинде "Ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо" жөнүндө арыз менен сотко кайрыла алат. Эгер моралдык зыян келтирилген болсо, ушул эле кодекстин 16-беренесинин негизинде моралдык зыянды да өндүрүп алса болот. Муну менен катар тастыкталбаган каралоолорду өчүрүү боюнча да талап коё алат. Себеби ушул эле кодекстин 19-беренесине ылайык, адамдын жарыяланган сүрөтүн (картина, фотосүрөт, кино жана башка) анын макулдугусуз жарыялоого жана таратууга эч кимдин укугу жок. Сүрөттү жарыялоо жана таратуу соттун, алгачкы текшерүү жана тергөө органдарынын талабына байланыштуу болгон учурларда, сүрөткө тартуу же башкача жол менен сүрөтүн алуу көпчүлүк жүргөн жерде болгон кезде, ошондой эле мыйзамда каралган башка учурларда мындай макулдук талап кылынбайт. Эгерде сүрөттөгү адам акы үчүн сүрөткө түшсө, анын сүрөтүн жарыялоого жана таратууга ал адамдын макулдугу суралышы мүмкүн.

Интернетке тарап, талкуу жараткан сүрөт.


Асыл Орозбекова
koom@super.kg



“Интернеттен интим кызматын көрсөтөт” деп каралоого кабылган келин: "Үй-бүлөм жөн жерден бузулду"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Руслан Алыбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(39)
24.04.2018. 09:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
285
Катталган:
23-12-2017
Соӊку аракети:
15-11-2018 14:26
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушакчылардын оозу тынбайт.
24.04.2018. 09:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
13-11-2018 09:37
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чындыкты билбегенден кийин эмнеге чыгарат чындыкты билсе жолугуудан качпайт элего
24.04.2018. 10:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
17-10-2016
Соӊку аракети:
17-11-2018 18:54
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ошон учун фейзбук-мейзбука сурот жуктобош керек болчу да! И вообще интернетке сурот киргизгендерге тан калам, киргизген сурот озун удалить кылган учурда да,интернетте сакталып калат жана бунун баары слежка да.
24.04.2018. 10:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
14-05-2017
Соӊку аракети:
18-11-2018 08:20
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой мындай келиндер толтура.. бишкеке жашаган бир келин бар 3 баласы бар. Куйоосу бар. Таластын келини. Беловодскинин кызы. Россияда жашаган бир семейный кишиге жыланач тушкон суротторун жиберип аны аялы коруп калып ажырашканы аз калышкан..
24.04.2018. 10:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
19-02-2018
Соӊку аракети:
17-11-2018 16:06
Жынысы:
Белгисиз
+8
Озу туура пайдалана алганга интернет жакшы нерсе. Бирок бактыга каршы биз копчулугубуз туура пайдаланганды билбейбиз. Эч ойлобогон, кутпогон жкрден озумун башыма келди мындай нерсе, б.а.куйоом ар келин менен жазышып журуптур. Кызыгы ал келиндердин жапжакшынакай уй-булосу бар. Жазышкандарын карап отуруп бир келиндин номерин да таап алдым, озу жоноткон экен, озунду тыйбайсынбы, уят тиги бу дегичем куйоосу да жанында экен, дароо жообун берип , дагы бир уй було интернеттин айынан бузулду
24.04.2018. 11:58 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+4
Diyana, сен да куйооно "жообунду берип" эшиктен ары узатып койбопсун да..... "Кайда барса айда бар, экинчи корунбо!" деп.....
25.04.2018. 04:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
19-02-2018
Соӊку аракети:
17-11-2018 16:06
Жынысы:
Белгисиз
+10
fantomas,кочого кууп чыгарып коё турган эле ситуация болду озу. Тууган-урук, дос душман, коло-коншуга шерменде болгум келбеди туурусу, балдарыбыз катар- катар чоноюп атканда. Кыздарга, турмушка чыккан келиндерге ынсап берсин. Кыздардын журум-турумун карап туруп жакамды кармайм, аларды сындагым деле келбейт, себеби менинда кыздарым чоноюп келатат
25.04.2018. 18:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
808
Катталган:
30-06-2015
Соӊку аракети:
18-11-2018 06:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу - Ош
-6
Diana, ошондо ал келин жаман сенин куйоон жакшы экен да. Бироонун балдары жетим калды, уй булосуз калды а сенин жашоон кадимкидей. Убалы бар анын дагы. Аялзаты кечиримдуу болот куйоону кечирип, ал келинди деле кечирип женский солидарность кылып койсон болмок. Жакшы адам эмес экенсин
26.04.2018. 04:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
19-02-2018
Соӊку аракети:
17-11-2018 16:06
Жынысы:
Белгисиз
+3
AKCAHAT,эмне болгонун утур точкасына чейин сага айтып актангыдай сен кимсин озу мага? Сен тигиндей экенсин, начар адам экенсин деп оозуну чон ачып суйлогондон корк андан коро. Арканды узуун таштап, алды арканы караап суйлой турган заман азыр. Ошондуктан аржак-бержагыны караап, анан бироолорду критикалагын. Тогорогун топ келишип жатып калбагандырсын сен деле...
26.04.2018. 05:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
192
Катталган:
14-04-2018
Соӊку аракети:
16-11-2018 16:21
Жынысы:
Белгисиз
+6
AKCAHAT, сеники туура эмес. Бул келин куйоосунун ойношуна чалыптыр "ушунчанда тыйылып кал" деген мааниде. Анын куйоосуно чалбаптыр. Болгону анын куйоосу кабар таап калып оз аялы менен чечишип алыптыр...

Бул келин оз куйоосун да аппак деген жери жок. Уйундо кандай тополон болгонун сага айтып отурган жери жок. Ортодогу балдардын келечеги деп ажыраша албаган корунот...

Жашоодо коп нерсени кечирсе болот, бирок изменаны кечируу кыйын нерсе. Туура тушун...
Chagylgan2 түзөттү 2018-04-26 05:40:06
24.04.2018. 11:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
14-05-2017
Соӊку аракети:
18-11-2018 08:20
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ал байкенин аяды ьут фото видеолорун озуно кочуруп алып, интернетке чыгарам деп жургон. Кийин синдисине анан ал кыздын апасын одноклассниктен таап ошолорго жибердим деп аткан.. жалко дейт кайра 3 ьаласы бар уй булоосу бузулуп калбасын интернетке тараса деп.
24.04.2018. 11:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
26-12-2010
Соӊку аракети:
16-11-2018 08:54
Жынысы:
Белгисиз
-21
мен дагы кыргыз кыздарын суротторун топтоп журом. жакында чыгарам... 50 дон ашык кыргыз кыздын, сурот видеолору менен бар. алардын эн жашы 17-18 жашта...
24.04.2018. 11:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
131
Катталган:
21-02-2018
Соӊку аракети:
18-11-2018 01:49
Жынысы:
Белгисиз
+19
JANAR,кыйраттын чыгар ага да конулун толбосо фотошоп жасап жибер, сендейлерден баарын кутсо болот...
24.04.2018. 12:07 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
-8
Jasa, жалган маалымат, каралоо эмес, чындап эле жаман жолдо жургон кыргыз кыз-келиндеринин же эркектеринин фото-видеолору болсо иниернетке жуктой беришсин. Кыргызстандагы куйоосу/аялы, ата-эне, урук-тууганы кабар тапсын...

Кызы да, эркеги да кысчу жерин кысып жакшына журушсун, биринчиден зынаа кылып куноого батпай, экинчиден КЫРГЫЗ элин уят кылбай...

Мен лично колдоймун, эгер маалымат чындык болсо....
24.04.2018. 12:03 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+7
JANAR, эгер жалган маалымат, фотошоп орун албаса чыгара бер. Мен колдоймун... Мисалы Россияда (айрыкча Москвада), Туркияда жургон кыз-келиндерибизге Кудай берди, бизди ким кормок дегенсип... Кыргыз жигиттер менен да журушот, бойдогу менен да, уй-булолуу эркектер менен да, зынага батып... Азери, озбек, тажик, турктор менен да журушот, ыймандан кабапы жок... Кыргыз корсо уялып да койбойт.

Ошолорду, ошого окшогондордун фото, видеолорун жуктоо керек. ЭЛ билсин!!!
25.04.2018. 12:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
24-05-2011
Соӊку аракети:
16-11-2018 16:01
Жынысы:
Белгисиз
0
fantomas, ошо эл билсин болуп, башка элдин ач көз эркектери да көрүп, ЖАЛПЫ кыргыз кыздарын жаманатты кылгандык болбойбу? Жакшысы, жаманын жашырып, жакшысын ашырыш керек го дейм. "Кыргыз кыздары ыймандуу, сонун, "недоступный", тиги-бу" деген сыяктуу маалыматтардан көбүрөөк таралсачы? Ошондо, балким, кыргыз кыздарына кызыккан ач көз эркектер азайып, балким, силер көргөн бузулуулар азаяр, балким, балким... Кыргыз кыздары ушундай жеңил ойлуу деп рекламалай берсеңер азайбай калды
25.04.2018. 12:48 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+3
Emkgupa, эми Россия, Турция ж.б. бузулган кыргыз кыздарынын суротторун интернетке жайсан да, жайбасан да аты чыгып бутту... Ооруну жашырсан олум ашкерелейт дейт. Сен мин жаап жашырганын менен озбек, тажик, азерилер менен жетелешип эле журушот кыргыз кыз-келиндери. Туркияда нянка же сиделкаболуп иштеп жатам деп уйундогулорун алдап, сойку болуп иштеген кыз-келиндер канча...

Ошол учун бузулган кыз-келиндердин сурот-видеоун жарыялаш керек, ата-эне, тууган уругу болсо арданып тыяр.
fantomas түзөттү 2018-04-25 12:48:55
25.04.2018. 12:53 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+3
Emkgupa, анан да Кыргызстандын озундогу эле сойкуларды тыйыш керек. Кочодогу, мосттогу, сауна, борделдеги сойкуларды милиция кармап анан кайра кое берип койбой, суротун, видеосун элге корсотушу керек...

Ал гана эмес гостиница, суточный квартираларга рейд жургузуп, документ, ЗАГС куболугун сурап, эрди-катын эмес, ойноштор болсо теледен корсотсун эл-журтка. Ошол бузулгандарда намыс калбаса, алардын тууган-уругунда намыс бардыр, тыйып алаар зына жолдо жургон тууганын.
24.04.2018. 14:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
17-10-2016
Соӊку аракети:
17-11-2018 18:54
Жынысы:
Белгисиз
+7
JANAR,сенин канча ишин бар дейм да, ар кимдин баша озундо, жетбегенге сен интернеттке жуктосон деле жетбейт, и еще бироону каралап интернетке чыгарсан закон чегинде жооп бересин!
24.04.2018. 20:16 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
01-03-2018
Соӊку аракети:
28-05-2018 21:06
Жынысы:
Белгисиз
-2
JANAR, кайдан корсом болот ошол видео суротторду? Элдер Кайсыл жактан коруп жатасынар?
24.04.2018. 11:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
16-02-2016
Соӊку аракети:
17-11-2018 23:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Город 3722
+14
Ушундай жыланач мыланачтарды кайдан таап аласынар деги... бул кыз мага андай ыпластыка бара тургандай корунбоду. Супердин порталында иштеген болсо тарап кетерине бул ото кооптуу экенине башы жетсе керек эле. Значит ото укмуш фотошоп жасаган Адам менин деле однаклассникиге жуктогон любой суротумду алып жыланачтап коюп анан ушул кыз ушинтип журот деп таратып салышы толук мумкун экен да э. Анда тийиштуу кызматтар буга окшогон нерселерге чара коруш керек тезинен. Туурабы?
24.04.2018. 11:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
01-11-2012
Соӊку аракети:
14-11-2018 08:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алыс жактарда...
+8
Эң жакшысы сүрөт жүктөбөш керек соц тармактарга. И бейтааныш адамдарга (өзгөчө кыздар жаңы таанышкан жигиттерге) ойду келди түшкөн сүрөттөрдү жөнөтпөгүлө! Катуу чүчкүрүп койсоң деле интернетке чыгарып жибере турган заман болуп калды.
24.04.2018. 16:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
21-10-2017
Соӊку аракети:
17-11-2018 19:24
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин бир курбу кызымды жакында эле одноклассникиде закрытый болуп турган жерден классташ добавить этип кой деп коштуруп, эки күндон кийин видео ролик даярдап 2000р бер болбосо [moderated]га салам деп акча талап кылды али турмушка чыга элек кызга удар болду. Ал жерде жалан ага ини жаш балдар мн түшкөн сүрөтү экен. Ал ойлонгуча [moderated]ка коюп салды. Ошондо билдим адамдын ар намысы 2000р га түшүп калганын. Бирок [moderated]ка жалоб жазган экен данныйларын алып 3 күндө өчүрүр салды. Ошол 3күндү
24.04.2018. 17:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
16-12-2017
Соӊку аракети:
27-04-2018 21:29
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айрыкча Москвадагы эрден ажырашкан келиндер чоон эле эжелер(баары эмес албетте соз ээсин табат) озунун баласы мн тен балдар мн журушот бироо мн да эмес кайсы эркек суйлоп койсо ошону мн журуп кете берет экен оз козум мн коруп атам.уялсанар боло. Андай эч кимибиздин башыбызга тушпосун.
24.04.2018. 19:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
175
Катталган:
16-02-2018
Соӊку аракети:
17-11-2018 11:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
кудай сактасын!
24.04.2018. 20:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
26-08-2017
Соӊку аракети:
27-06-2018 13:19
Жынысы:
Белгисиз
0
Интернетте толтура баарын суротторун чыгарып таштайын дейм бирок кой дейм мен билгенден 3дан ашык кыздардын видеолорун кордум. Россияда доступ жок экен бул сайттарга
24.04.2018. 23:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
31-08-2015
Соӊку аракети:
16-11-2018 22:49
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен Москвада 6 жылдан беримин. Неге ошондой кыздарды корбойм. Балдар силер каерлерден коросунор андай кыздарды
25.04.2018. 04:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1136
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
01-11-2018 09:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-6
Same,калп эле олумуш болбочу
25.04.2018. 09:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
27-03-2011
Соӊку аракети:
16-11-2018 08:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
-2
Козу кор адам деле коруп турбайбы суроттогу кыздын дене-тузулушу ичке жана жаш кыз экенин
25.04.2018. 12:44 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+1
zheentaev, дене тузулушу ичке же жоон болсо эмне озгорот?!! Логикан кызык го?!.)))
26.04.2018. 00:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
24-08-2015
Соӊку аракети:
13-11-2018 10:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+1
Шамал болбосо теректин башы кыймылдабай
26.04.2018. 12:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
20-04-2016
Соӊку аракети:
23-08-2018 13:02
Жынысы:
Белгисиз
-1
Окуп отурсан баарыле суттон ак таза укмуш екенсинерго..силер ошентип бул дуйнодо кыйратам жакшылык кылып кыздардын суротун интернетке жуктойм деп атасынар..ошо кыздардын арасынан бироо бир нерсе болсо тиги дуйнодо озунор жооп берип каласынар билесинерби??? Тиги дуйнону ойлоп ар ким озуно карап журсунчу...интернетти кыйратканды коюп...ар ким озу жооп берет кылган куноолору учун...тиги дуйнодо жанында туруп куноосун чогуу болушчудой болуп кыйын болосунарда...бирин олуп бирин кал короче...
26.04.2018. 13:55 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+1
stervella415, мен мисалы тазамын, зына жолдон алысмын. Анан калса бироону каралап жалаа жаап эмес, чындыкка негизделген фото-видеолордун интернетке жуктолушун мен колдоймун...

Мисалы сен бузуку жолдо журсон озбек, тажик, турктор менен, бироо сен тууралуу видео жуктосо интернетке, туура кылат. Анан сен арданып асынып алсан оз шорун озуно. Арданып уят болбоо учун туз жолдо журуш керек, никесиз ар кимдин астында уйпаланбай... Намыстуу, ыймандуу болгула кыргыз кыздары...
fantomas түзөттү 2018-04-26 14:02:07
26.04.2018. 12:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
20-04-2016
Соӊку аракети:
23-08-2018 13:02
Жынысы:
Белгисиз
-1
Башка ишинер жокко ээ...россиядагы кыздардын ХХХХ ХХХХ тушуп видеого тартып андып эле журосунор...уят...жашоодо башка эмнени кыйраттынар мындан башка???аппак болуп кетесинер ээ...
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-26 12:31:06
26.04.2018. 14:07 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+2
stervella415, Москвадагы кыргыз кыз-келиндери Кыргыз улутун уят кылып бутту... Кыргыз кафе-ресторан, клубдарына барып коргуло, коросунор кандай журушконун...

Кочодо, метродо, соода туйундорундо башка улут эркектери менен ачык эле уялбай ээрчишип, кучакташып обушуп жургон кыргыз кыз-келиндерин коргондо, ошол жерде эле олтуруп койгун келет, Кыргыз улутун шерменде кылган намыссыз, ыймансыз бир сойку кыргыз кыз-келини учун деп турмого тушкун келбейт да. Болбосо барбы...
27.04.2018. 17:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
19-02-2018
Соӊку аракети:
17-11-2018 16:06
Жынысы:
Белгисиз
+1
fantomas,мен да кошулам ушу созуно. Башка улут менен жургонун анча байкай элекмин, бирок озубуздукулор эле бири-биринин семьясын бузуп, ойнош болуп, кочодо чыпташып обушуп жургонун коруп , алардын ордуна мен уялып кетем. Кудай берди боло береткен биякта деп эле, биздин менталитетке туура келбеген жоруктарды жасашат. Биринчиден мусулманбыз, анан каерде кыргызда элдин козунчо кучакташып, обушуп журчу эле. Кыздардын журум-турумуна келсек, тооба кылдым дейм, себеби мен да бала тарбиялап атам..
26.04.2018. 20:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
02-04-2018
Соӊку аракети:
17-11-2018 22:35
Жынысы:
Белгисиз
+1
Күнөө өзүңөрдө кээчке сүрөт жүктөйсүңөр эркегиңда аялыңда реклама кылып мактанып анан ыйлайсыңар!
26.04.2018. 22:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
13-06-2016
Соӊку аракети:
18-11-2018 09:01
Жынысы:
Белгисиз
+1
биздеда болгон интрнеттин терс таасири менин уй булоомо эле тийип аткандай сезилген корсо ар бир экинчи уй булоого зыяндуу нерсе экен да куйоом жумушуна байланыштуу адамдар мн акырын жылмайып суйлоп тушундуруп берсе эле молдо экинчи аял алса керек дегенсип ватсаптан кыз, келин,улуу эле эжелер жаза беришет болбогон нерсени шылтоолоп олуп эле каласында менда чалгам бир эки жолу уятсыз келиндерге анан куйоомдон улуу эле эжелерге кыйшаландап назданышып аягында беттен алышат...
28.04.2018. 16:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
04-10-2012
Соӊку аракети:
17-11-2018 22:54
Жынысы:
Белгисиз
0
Мумкун куйосу кылгандыр эптеп ажырашканга шылтоо тапай тургандай тез эле ажырашып кетишиптирго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: