9 жашынан кыяк кармаган Залина Касымова музыкалык аспаптарга бай үйү менен тааныштырды. Чыгармачыл адамдардын үйү баарына кызык болсо керек. Андыктан көпкө созбой кепке өтөлү.
КИРЕ БЕРИШ
– Бул жерде биздин музыка чөйрөсүндө жетишкен сыйлыктарыбыз, дипломдорубуз илинип турат. Андан сырткары 15 жылдан бери менин колумдан түшпөй келген сүйүктүү кыл кыяктарым бар. Музыкалык аспап эскирген сайын баасы өсөт, сапаты жогорулай берет. Мисалы, менин кыл кыяктарым 500 доллардан жогору турат.
КОНОК БӨЛМӨ
–Көп жакшылыктар ушул жерден өтөт. Былтыр кышында апам экөөбүз дүкөндөрдү кыдырып отуруп, ушул асма чыракты жактырдык.
АШКАНА
– Ашкананы өзүбүздүн табитке ылайыкташтырганбыз. Парда, эмеректердин баары буюртма менен жасалган. Эс алуу күндөрү чай ичип жыйнап, кайра тамак жасап, ашканадан чыкпай калабыз.
УКТООЧУ БӨЛМӨ
– Балдардын керебеттери көп орун ээлебесин деп эки кабаттуу алганбыз. Бул жерде балдарым сабак даярдашат, сүрөт тартышат, ойношот.
УКТООЧУ БӨЛМӨ
– Бөлмөнүн эки жагы тең терезе болуп жарык, жылуулук жакшы тиет. Атам спортко көңүл бурууну унутпайлы деп бул жакка да велотренажёр алып койгон.
ИНИМДИН БӨЛМӨСҮ
– Атамдын алгачкы комузунан баштап инимдин азыр ойногон комузуна чейин илип койгонбуз. Кыргыз болгондон кийин ар үйдө комуз болуш керек деп ойлойм. Кээде убакыт тартыш болгондо спорт залга барып отурбай, бул жактан машыга берсин деп атам иниме турник орнотуп берген.
– Атам бактарга да аябай маани берет. Карлик алмалар 2 жылдан кийин эле мөмө берип баштады.
- Жайкы ашкана. Жайында ачык абада эс алып отурганга эмне жетсин?
ЧАЙ МАЕК
– Залина, үйүңөрдө музыкалык аспаптар көп экен. Мунун баары сага тиешелүүбү?
– Кыл кыяк, пианинодо өзүм ойнойм. Ал эми комуздар атам менен инимдики. Үйдө атам чыгармачылыкка жакын, комуз ойнойт. Мен 6 жашымда комуз черткенди атамдан үйрөнгөм. Балдарым да алыс кетпей, музыка чөйрөсүн тандашты. Кызым Акзыйнат учурда Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатында 1-класста скрипка бөлүмүндө окуйт.
– Көпчүлүк чыгармачыл адамдар баласы жолун жолдошун каалашпайт. Уул-кызыңардын чечимин колдойсуңарбы?
– Албетте, балдарыбыздын көңүлү музыканы жактырып жатса, кантип каршы болмок элек? Колдон келишинче колдоп келебиз.
– Ошон үчүн да кызың экөөңөр кире бериште көп убакытты өткөрөт окшойсуңар?
– Ооба, бул жерде кызым экөөбүз пианино, скрипкада ойнойбуз. Ар бир адамдын ичинде түшүнбөгөн сезимдер болот эмеспи. Кээде бук болуп калганда музыкалык аспаптарды ойноп, кадимкидей жеңилдеп калам. Музыкотерапия деп бекеринен айтышпаса керек. Бул жерден мен жан дүйнөмдү дарылап, тазартып турам.
– Өзүң азыр эмне менен алексиң?
– Учурда Улуттук филармонияда Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин солистимин. Андан сырткары чакыруулар болуп турганда той-кечелерге катышып турам.
Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg