ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ӨКМӨТТҮ ИШЕНИМ КӨРСӨТПӨӨ ЖОЛУ МЕНЕН ОТСТАВКАГА КЕТИРДИ

ӨКМӨТТҮН ТАГДЫРЫН ЧЕЧҮҮГӨ 1 СААТ ЖЕТИШТҮҮ БОЛДУ

Жогорку Кеңеште бүгүн кыргыз тарыхында сейрек кездешкен процесс орун алды. 19-апрель күнү парламенттеги оппозиция: «Республика – Ата Журт», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Ата Мекен» фракциялары Жогорку Кеңештин кароосуна өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин киргизди. Конституциянын 85-беренесине ылайык, Жогорку Кеңеште жалпы депутаттардын үчтөн бири, тактап айтканда, 41 депутат өкмөткө ишеним көрсөтпөөнү демилгелей алат. Бул маселе күн мурун каралбагандыктан, демилгени добушка коюу үчүн Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин корутундусу керек эле. 15 мүнөттүк танапис жарыяланып, КСДП фракциясынын депутаты Канат Керезбеков жетектеген Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети саналуу мүнөттөрдүн ичинде оппозициялык блоктун сунушун карап, колдоп берди. Окуянын мындай тездикте өнүгүшү, Сапар Исаковдун өкмөтүнүн тагдыры эбак чечилип калганын көрсөтөт.

ЧЫҢГЫШЕВДЕН КИЙИНКИ 2-ПРЕМЬЕР БОЛДУ
Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө комитеттин токтом долбоору жалпы жыйында добушка коюлуп, 102 депутат колдоого алды. 4 депутат Дастан Бекешев, Данияр Аттокуров, Мурадыл Мадеминов (КСДП) жана Руслан Казакбаевдер «каршы» добуш беришти. Негизи өкмөткө ишеним көрсөтпөө үчүн 61 депутаттын добушу жетмек. Өткөн аптада КСДП жана «Кыргызстан» фракциялары өкмөттүн 2017-жылкы иши боюнча Сапар Исаковдун отчётуна жакшы баа берип, «канааттандырарлык» деп тапкан. Көрүнүп тургандай, бир аптадан кийин бул фракциялардын көз карашы өзгөрүп, өкмөттү кетирүүнү булар дагы дээрлик толук колдоп беришти. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов муну аткаруучу бийлик менен президенттин ортосунда тирешүү болушуна каршы экендиги менен түшүндүрдү. Өткөн аптада президент Сооронбай Жээнбеков УКМК төрагасынын орун басарлыгынан алган Болот Сүйүмбаевди премьер Сапар Исаков 16-апрелде Финполдун башчысы кылып дайындаган эле. Жогорку Кеңеште башкаруучу коалициянын оппозиция менен эсептешип, сунушун жапырт колдоого алуусун буга чейин элестетүү кыйын болчу. Эгемендүү кыргыз тарыхында 2-жолу Жогорку Кеңеш ишеним көрсөтпөгөнү үчүн өкмөт отставкага кетти. 1993-жылы Турсунбек Чыңгышев жетектеген өкмөт да Жогорку Кеңеш ишеним көрсөтпөө боюнча жашыруун добуш берген соң отставкага кеткен. «Өнүгүү-Прогресстин» депутаты Исхак Масалиев КСДПсыз коалиция куроону сунуштады. Бирок учурдагы коалиция урабай, курамына РАЖ кирип кеңейди. Оппозицияда «өнүгүүчүлөр» менен «ата мекенчилер» калды.

МУРДА ӨКМӨТТӨР КАНТИП КЕТКЕН?
2010-жылдан бери өкмөттөр кандай негизде отставкага кеткенине көңүл бурсак: 2010-жылы 17-декабрда Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп шайланып, 2011-жылы президенттикке талапкер болуп чыкканы үчүн өкмөт башчылыктан убактылуу кеткен. 2011-жылы 23-декабрда премьерликке Өмүрбек Бабанов шайланып, 2012-жылы августта «Ата Мекен» фракциясынын коалициядан чыгып кетиши менен отставкага кеткен. «Ата мекенчилер» аны кетирүүгө «Бабанов түркиялык жарандан кымбат баалуу аргымакты пара катары алган» деген жүйө келтиришкен.
2012-жылы 5-сентябрда өкмөт башына Жантөрө Сатыбалдиев шайланып, Сатыбалдиевдин өкмөтү 2014-жылдын 25-мартында кайрадан «Ата Мекендин» коалициядан чыгып кетиши менен отставкага кетирилген. Бул жолу «ата мекенчилер» Сатыбалдиевге Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясындагы иштери боюнча шек жаралганын, ага карата ишеним кеткенин жүйө катары түшүндүрүшкөн. 2014-жылдын 3-апрелинде Жогорку Кеңеш премьерликке Жоомарт Оторбаевди шайлаган. Оторбаев өкмөт башчылыктан 2015-жылы 1-майда өз каалоосу менен кеткен.
2015-жылы 1-майда премьерликке Темир Сариев шайланып, бул премьер 2016-жылы 11-апрелде Балыкчы–Корумду жолун куруудагы тендер жаңжалынан улам кызматтан кетүүнү чечкен. 2016-жылы 13-апрелде өкмөт жетекчилигине Сооронбай Жээнбеков шайланып, 2017-жылы 22-августта президенттикке талапкер болуп чыкканы үчүн премьерликтен кеткен. Сапар Исаков премьерлик кызматка 2017-жылы 25-августта шайланып, 2018-жылы 19-апрелде Жогорку Кеңеште ал жетектеген өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгеси колдоо тапты. Ушул эле күнү президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү отставкага кетирүү жөнүндө жарлык чыгарды. Эң жаш премьер-министр болгон Сапар Исаков өкмөттү эң аз убакытка, тагыраагы, 7 ай 25 күн башкарды. Жаңы премьер-министрликке талапкер болот деп президенттик аппараттын башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин аты аталууда. КСДП фракциясы Абылгазиевдин талапкерлигин жактырды.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 807, 20-апрель -26-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан