ПРОКУРОР 200 МИҢ ДОЛЛАР ПАРА МЕНЕН КАРМАЛЫП, КАМАККА ЭМЕС, ООРУКАНАГА ЖАТТЫ

Башкы прокуратуранын Прокурорлордун соттордогу ыйгарым укуктарын камсыздоо башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаев 200 миң доллар пара алып жатканда кармалды. Ал 500 миң доллар сураганы айтылды. Көп өтпөй кылмыш үстүнөн кармалган Чалбаев өзүн жаман сезип жатат делинип, «Тез жардам» чакырылып, Бишкектеги №1-ооруканага жеткирилгени белгилүү болду. Дарыгерлер ага «инсульт» деп диагноз коюшту. Чалбаев ооруканадан качан чыгары азырынча белгисиз.
Маалыматтарда Чалбаев УКМК төрагасынын мурдагы орун басары, жакында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) төрагасы болуп дайындалган Болот Сүйүмбаевдин күйөө баласы экени айтылууда.
2015-жылы Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев 100 миң доллар пара алып жатканда кармалып, 2016-жылы 14 жылга эркинен ажыратылган. Чалбаевди да ушундай эле жаза күтүүдө.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 807, 20-апрель -26-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан