БИР БҮРКҮМ. ДАМИРБЕК АСЫЛБЕК УУЛУ МАНДАТЫНАН АЖЫРАТЫЛДЫ...
Кыргыз мамлекетинде каттоодон өткөн ИСЛАМ ДИНИ боюнча билим берүүчү 104 медресе, 10 жогорку окуу жайы бар. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан жарыялашты.
МИГРАНТТАР 2018-жылдын алгачкы 2 айында Кыргыз өлкөсүнө 307 миллион 600 миң доллар которду. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.
Республика аймагында жыл башынан бери 878 ӨРТ КЫРСЫГЫ катталып, 28 киши каза болду.
Тогуз-Торо районундагы «МАКМАЛ» алтын комбинатына тийиштүү имаратты өрттөөгө байланыштуу 12 жергиликтүү тургун кармалды.
Казакстанда аткезчиликке шектелип кармалган Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынан депутат ДАМИРБЕК АСЫЛБЕК УУЛУнун кош жарандуулугу аныкталганына байланыштуу мандатынан ажыратылып, анын ордуна РУСЛАН ЧОЙБЕКОВ келди.
2018-жылдын март айындагы республикалык БЮДЖЕТТИН кирешеси 9 миллиард 135,5 миллион сомду түздү.
Ош шаарында Кытайдан келген грантка курулуп жаткан шаардык КЛИНИКАЛЫК ООРУКАНАНЫН 95 пайызы бүткөрүлдү. Алгачкы жабдуулар июнь айында орнотулмакчы.
Өлкөдө 2017-жылы ТӨРӨТ УЧУРУНДА көз жумган ымыркайлардын саны 2016-жылкыга салыштырмалуу 6 пайызга кыскарып, энелердин өлүмү 2,9 пайызга өскөн.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Кыргызстан» партиясынын тизмеси боюнча талапкер НАСЫР МУСАЕВге мандат берилди. Ал маркум ЖЫРГАЛБЕК КАЛМАМАТОВдун ордуна келди.
КЫРГЫЗ АРМИЯСЫ бир жыл ичинде дүйнөлүк рейтингде 17 сапка жогорулады. Былтыр 127 мамлекеттин ичинен 108-орунга илинсе, быйыл 91-сапка жогорулады. Мындай рейтингди «Global Firepower» аналитикалык компаниясы чыгарды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.