КОЙ (21.03-20.04)
Аптада көпчүлүк, анын ичинде кесиптештер менен чогуу иш алып барасыз. Активдүүлүк күчөйт. Каржы маселесин чечүүгө киришиңиз, жыйынтыгы кубанарлык болот. Убакыттан уттурбоо үчүн түзгөн планыңыз боюнча иш кылыңыз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Башка жактык өнөктөштөр, текшерүү органдары менен иштешүүгө туура келет. Мамиле түзүүдө кылдат болуңуз. Апта соңунда жакшы ишти баштоого бел байлайсыз. Оптимисттик маанай ишиңизди алга жылдырарын унутпаңыз. Алдыда сизди кубанычтуу күндөр күтүүдө.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жумуш, ден соолук жааты сиз ойлогондой болот.Кесиптештердин колдоосуна ээ болосуз жана колуңузга акча тиет. Айлык акыңызды жогорулатууга аракет жасап көрүңүз. Жуманын орто чендеринде түшүнбөстүктөргө туш келесиз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада сиздин чөйрөдөгү адамдар активдүү болуп чыга келгендиктен, сизден да ошондой аракет талап кылынат. Сый-урматка ээ болосуз. Үй-бүлөңүзгө жетиштүү көңүл бурасыз. Үйдөн сырткары эс алууңуз күтүлүүдө.
АРСТАН (23.07-23.08)
Бейшембиге чейин күнүмдүк иштер менен алек болгонуңуз дурус. Бүтүрө турган жеке иштерди, керектүү документтерди дагы бир сыйра тактап чыгыңыз. Жума күндөн тартып негизги жумуштарга киришиңиз. Убакытты созбоңуз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жеке жашоого, эс алууга жана балдарга байланыштуу маселелерди бейшембиге чейин чечип үлгүрүңүз. Үйдөгүлөрдүн колдоосуна таяныңыз жана аларга да үй иштерин бөлүштүрүп бериңиз. Бейшембиден соң сизди маанилүү иштер күтөт.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жеке иштердин орчундууларын аягына чыгаруу үчүн активдүүлүк талап кылынат. Сизге колдоо көрсөтө алгандардын жардамынан баш тартпаңыз. Бут тоскондор чыкса ачууга алдырбоо керек. Апта соңунда алдыдагы пландарды кайра карап чыгыңыз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Чуркап иштөөгө жана кошуна, бир туугандар менен көп баарлашууга туура келет. Сапарга чыгуу маселеси козголот. Керектүү иш кагаздарды даярдап бүтүрөсүз. Жакынкы кездерде аброюңуздун жогорулашын күтө бериңиз.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Каржыны көбөйтүү үчүн тынымсыз аракетте болосуз. Жакшы санаалаштардын жардамына таянсаңыз жыйынтыгы кубантат. Пландарыңыз убагында ишке ашпай жатса кабатыр болбоңуз. Жакында баары өз нугуна түшөт.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Физикалык активдүүлүгүңүз дагы да күчөйт. Маанайыңыз бирде жаркыса, бирде бүркөлмөкчү. Кандай кырдаал болбосун алга өжөрлөнө жылыңыз. Аптанын акыр чендеринде чоң тилегиңиз орундалат.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Кайсы бир маселелер боюнча жабык типтеги мекемелердин кээ бирлерине каттайсыз. Барган жерде этиканы сактаңыз. Жума күндөн тарта максаттарга жетүүнүн жана жетекчилик менен мамилени жакшыртуунун жолун издештириңиз.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Достор же кесиптештер менен чогуу убакыт өткөрөсүз. Чогулуу менен бирге көп иштерди талыкпай бүткөрөсүздөр. Жакынкы аралыкта жакшы долбоорду ишке ашырасыз. Ден соолукка камкордук көрүп күчтүү тамактардан баш тартканыңыз оң.