Кыздардан турган казакстандык «Жейран» тобу «До+Фа» тасмасына саундтрек катары жазылып, Арсен менен Раллиянын аткаруусунда элге тараган «Моменты» деген ырды казакча которуп, «Ыйлайсың дагы» деген аталышта ырдап чыгышкан. Казак аткаруучуларды угармандар «ыр кыргыздыкы, плагиат» деп сындап чыгышты. Топтун ырчылары сындагандарга «бизде автордук укук бар, ырга 5 жыл мурун ээлик кылганбыз» дешүүдө. Аткаруучулардын бири Арсендин менеджери: «Ырдын обонун, сөзүн, аранжировкасын жазууда бир нече адам катышкан. Алардын кимиси казактарга бергенин билбейбиз. Териштирүүгө деле кызыккан жокпуз»,- деди.
Ал эми «До+Фа» тасмасынын продюсери Эрнест Уметалиев ырды казактарга Азамат Такырбашев бергенин айтты. «Ырды «До+Фа» тасмасына саундтрек катары буюртма менен жаздырганбыз. Сөзүн Абир Касенов менен Акбар Сүйүнбаев, обонун Азамат Такырбашев менен Раллия жазган. Ырдын автордук укугу аткаруучуларда эмес, кино тартуучу топто. Аны казактарга берген Азамат Такырбашев тасманын продюсерлеринин бири. Чыгарма чыкканына 2-3 жыл болгондон кийин автордук укукка таянып, ырды кайрадан бирөөгө белек кылууга же сатууга биздин укугубуз бар. Биздин ырлардын казакча которулуп ырдалып жатканына сүйүнүшүбүз керек»,- деди.