КАРА ӨЗГӨЙ ПИАР. АЛ ЭМНЕ?

Силер билесиңерби?

Шайлоо күндөрү жакындаган сайын пиардын түрдүү түсү көрүнө баштады. Өткөн аптада Азимбек Бекназаров өзүнө карата кара өзгөй пиардын (чёрный пиар) башталганын айтып өткөн. “Кара өзгөй пиар деген эмне?” жана ал кандай максатты көздөөрү жөнүндө материалды сунуштайбыз.

ПИАР ДЕГЕН ЭМНЕ?
Пиар – “Public relations” деген англис сөзүнүн баш тамгаларынан куралган түшүнүк. Ал “коом менен байланыш” дегенди билдирет. Америкалык президент Томас Жефферсон 1807-жылы Конгресске карата айтылган 7-кайрылуусунда бул терминди алгачкы жолу пайдаланган.

КАРАЛОО КАНТИП БАШТАЛГАН?
“Жакшы товар жарнамага муктаж эмес” дешет. Эгерде жарнамалык компанияны жүргүзүүгө убакыт, күч жана каражат жетпесе, анда кара өзгөй пиарды пайдаланышат. Кара өзгөй пиар кеңири түрдө 20-кылымдын 70-жылдарында АКШда өнүгө баштаган. Ал эми постсоветтик аймакта 1990-жылдардан тарта менчиктештирүү башталганда, аталган ишти аркалагандардын кызматын пайдалангандар чыккан. Бирок каралоону колдонгондор көбөйүп кеткендиктен, жыйынтыгында аткаминерлер өзү жөнүндө кандай жаман сөз укпасын, маани да бербей калышкан. Ошентсе да кара пиар токтоп калбай, күн санап кулачын жайып келет.

ИТ ҮРӨ БЕРЕТ, КЕРБЕН ЖҮРӨ БЕРЕТ
Атаандашын алсыздатуу же жок кылуу үчүн жамандоого кайрылгандар жыл сайын көбөйүп барат. Айрыкча бул процесс түрдүү шайлоо алдында күч алат. Талапкерлер бири-бирин чукуп, анын атын жамандаган маалымат чогултат да, ММКларга таратат. Азыркы учурда “кара өзгөй пиар деле – пиар” деген сөз өзүнчө макалга айланган. Анткени көбүнчө кара өзгөй пиар адамдын үрөйүн учурган маалыматтан туруп, ал калк арасында бат таркалат. Жыйынтыгында каралоону буюрткан адам душманын белгилүү да кыла алат.

КАРА ӨЗГӨЙ ПИАР. ЫКМАСЫ ЖАНА МАКСАТЫ
Дүйнөдө пиар, анын ичинде кара өзгөй пиар менен алектенген атайын компаниялар иштейт. Алардын кызматына төмөнкү максаттар менен кайрылышат. Кардар душмандын кадыр-баркын түшүргүсү келет же кандайдыр бир маселе боюнча макулдугун алуу үчүн "жарга такоону" каалайт. Кээде кардар душманын кичине коркутуп коюусун да суранат. Пиардын баасы жарнамага караганда бир кыйла кымбат болот. Анын адистеринин да милдети түрдүү болорун белгилөө зарыл.

ЖАМАНАТТЫ БОЛУУ ҮЧҮН ТАЗГА АЙЛАНГАН ЖЫЛДЫЗ
Каралоону көп колдонуучулардын катарына, албетте, атактуу жылдыздар да кирет. Мисалы, ырчы Бритни Спирс пиар боюнча алдына эч кимди чыгарбайт. 2008-жылы ал көптөгөн уюмдардын арасынан “Жылдын эң мыкты кара өзгөй пиарын колдонуучу” деген сыйлыкты алган. Ал бир жыл ичинде эле реабилитациялык борбордо дарыланып, чачын кырдырып, күйөөсү менен ажырашып, баласын тарттырып жиберип, жылдын соңунда ыр альбомун чыгарууга жетишкен.

ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ КЫРГЫЗЧА КАРА ӨЗГӨЙ ПИАР
Буга чейинки коомчулуктун чоң кызыкчылыгын жараткан аты чыккан саясатчылардын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү кокусунан пайда болгон жайы жок. Кыргызстанда башка өлкөлөргө салыштырмалуу пиар жакшы өнүкпөсө да, 7-апрелдеги окуядан кийинки абалдын туруксуздугунан пиардын түрдүү түсү пайдаланыла баштады.

PR-адис Толгонай Стамалиева Кыргызстандагы пиар тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди:
– Биздин өлкөдө пиар багыты шайлоо алдында эле жакшы байкалат. Башка учурларда солгун абалда турат. Мен Жаныш Бакиев менен Максим Бакиев жана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн жазылып алып жарыяланышы үчүнчү күчтөр тарабынан жасалды деп ойлойм. Анткени Бакиевдердин телефон аркылуу сүйлөшүүсү эски болгонуна карабастан алар бир убакытта чыкты. Менимче, сенсация жаратуучу окуялар дагы алдыда.

КЫСКАЧА МААЛЫМАТ
Кара өзгөй пиар – кимдир бирөөнү же нерсени жамандоо жана каралоо. Бирок бул жерде сөзсүз эле ага карата калп сөздөр айтылбайт. Кара өзгөй пиардан тышкары “таза пиар” (жалаң мактоо) жана “кыйыр пиар” (кыйыр түрүндө) деген түшүнүктөр да бар.


ЮРИСТТИН АЙТУУСУ БОЮНЧА...
Кара өзгөй пиар түшүнүгү биздин мыйзамда түздөн-түз берилбесе да, төмөнкү беренелер боюнча жоопкерчиликке тартылат:
1. КРнын Жарандык кодексинин 18-беренеси боюнча, жаран өзүнүн кадыр-баркын түшүргөн маалыматты сот аркылуу жокко чыгарууга укуктуу. Андан сырткары ал келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтурууну талап кыла алат.
2. КРнын Кылмыш-Жаза кодексинин 127-беренеси боюнча, ушак, адамды маскаралоочу, чындыкка туура келбеген калпты билип туруп таркатуу акчалай айып менен жазаланат.

Суроого “Статут” юридикалык компаниясынын президенти, профессор
Бопоев Назаркул БОПОЕВИЧ жооп берди.
Дареги: Турусбеков көч. 86. Байланыш тел: (0543) 94-05-90


Жылмайып коюңуз!

Бек Борбиевдин күндөлүгүнөн:
2003-жыл, 17-октябрь. "Эми акыркы жолу концерт берип алайын. Андан соң сахна менен коштошом деп сөз берем".

"Бек Борбиевдин фанаттары" КВН командасы.

Эльвира Караева
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

КАРА ӨЗГӨЙ ПИАРГА КАРШЫ КУРАЛЫҢЫЗ БАРБЫ?

Элмира Ибраимова,
УӨнүн социалдык сектору боюнча координатору:
– Бир адамды түбөлүккө алдап койсо болот. Бирок бардык элди алдай албайсың. Бул убактылуу гана нерсе деп айтар элем. Ошондуктан сабырдуулук – менин кара өзгөй пиарга каршы куралым.

Өмүрбек Текебаев,
Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары:
– Ооба, куралым бар. Бул – убакыт. Бекеринен элибизде “калптын казаны кайнабайт, күнү кыска” деп айтылып калган эмес. Канчалык калп сөздөр менен каралашпасын, ак экениң бир күнү баары бир далилденет.

Бегалы Наргозуев,
ЖКнын экс-депутаты:
– Кара өзгөй пиар деле – пиар. Төңкөрүштөн кийин мен жөнүндө жаман-жакшы сөздөр айтылып жатат. Чет мамлекетте мындай нерселерди атайын жасашат. Бизде пиарды бекер эле уюштуруп беришет. Ошондуктан кара өзгөй пиарга чычалабайм.

Эдил Байсалов,
Убактылуу өкмөттүн төрайымынын аппарат башчысы:
– Мен кара өзгөй пиардын курмандыгымын. Мынакей, мени Акаев менен Бакиев 7 жыл бою ЦРУнун агенти кылып келди. Ушундан бери кара өзгөй пиардын курмандыгы болуп келе жатам.

Иса Өмүркулов,
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу:
– Мындай нерселерден коргонуунун куралы бул – ак, таза эмгек. Элге кылган эмгегиң ак, таза, баскан-турганың түз болсо, эч кандай кара өзгөй пиар сенин аброюңа шек келтире албайт.

Адахан Мадумаров,
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери:
– Ар бир адамдын абийири жана актыгы күрөшө алат. Мына, менин кара өзгөй пиарга каршы куралым ушул. Абийирим ак болсо, эч кандай кара күч мени жеңе албайт. "Ак ийилет, бирок сынбайт" деп бекеринен айтылбаган.

Динара Молдошева,
ЖКнын экс-депутаты:
– Саясатта жүргөндө көптөгөн сөздөр, ушак-айыңдар чыга берет экен. Ошондуктан мындай кырдаал болуп калганда “ит үрө берет, кербен жүрө берет” дегендей мамиле кылам.

Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
imperator
2010-06-07 14:09:03
Эл суйлосо да,ушу обу жок Байсалов суйлобосунчу.Блютендерди уурдаганынан,дагы ушуга окшош былыктарын айынан.Оч,кыскасы!
0
таалай
2010-06-07 15:42:58
imperator дос Байсаловдукундай мее жок сенде кыйын болбой еле койчу уурдаса Бакиевдикин уурдагандыр мен деле жардам бермекмин так что сен оч.
0
info
2010-06-07 16:05:48
Бул жерге бири-бирибиз менен айтышпай, материал тууралуу оюбузду билдирсек!!!
0
AazamatBBB
2010-06-07 16:12:54
))) кыргыздар ынтымактуу бололу )!
0
KTB
2010-06-07 16:27:01
ОО алдыда дагы коптогон интргалар жана бири бирине болгон кара озгойлук пиарлар алдыдаа. УО ким ким экени ошондо ачык калк алдында элекке тушот.
0
imperator
2010-06-08 13:14:50
Байсаловдукундай мээ жок болуп эмне ал Марстан тушуптурбу?же IQsu 200го басат бекен.Тоокчолук мээси болсо ушинтип кылгылыкты кылып коюп,мен курмандыгымын дебейт эле.
0
honestbek
2010-06-09 13:38:20
император деген ким озу?
0
hangukkg
2010-08-15 12:43:14
bul nerse ech kahcn butpoit, ideal'nyi adam jok da
0
№ 396, 4-10-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан