РУСЛАН МАМАТКУЛОВ ОРУСИЯНЫН ТНТ КАНАЛЫНДАГЫ «ПЕСНИ» ДОЛБООРУНА КАТЫШТЫ

Ырчы Расул Маматкуловдун уулу Руслан Маматкулов Орусиядагы ресторанда жана түнкү клубда ырчы катары иштеп жатканына бир жылдай болду. Ал Орусиянын ТНТ каналындагы «Песни» долбооруна катышты.
– Долбоордо Егор Криддин «Мало, так мало» деген чыгармасын аткардым. Калыстардын бири Тимати тамашалап «талантың, боюң бар экен, бирок азырынча жарабай калабыз го, арыкташың керек» деди күлүп. Арыктоо үчүн мага 2 ай убакыт беришкен. Учурда салмагым 95 килограммдын тегерегинде. Түнкү клубда, ресторанда жандуу үн менен ырдап, иштеп жатам. Эки жумушта иштеген адам чарчап калат экен, чынында арыктоо үчүн аракет да кылган жокмун. Ошентип долбоорго катыша албай калдым, бирок эми спорт залга барып, олуттуу машыга баштадым. Алдыда эл аралык деңгээлде карьера жасоо максатым бар,- дейт Руслан Маматкулов.

Эске салсак, орус шоу-бизнесиндеги «дөө-шаалар» Тимати менен Максим Фадеев бул долбоордун продюсерлери жана туруктуу калыстары.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
ady-88
2018-04-24 10:00:32
Тимати тамашалабай эле ырдай албайсын токтот деп эле айтты дебейсинби укам
+21
Nanei
2018-04-24 10:40:44
Ырдап башташганда эле :"токтот,жарабайсын"деп койду го Тимати. Арыкташын керек деген бир да соз болгон эмес
+16
Kumarchik
2018-04-24 16:10:18
Nanei,Чын элеби
+4
Siafan
2018-04-24 19:01:02
Nanei,кайсыл жерден корсо болот видеосун и кайсы сезону жатасын,???
0
Siafan
2018-04-24 19:01:22
Nanei,кайсыл жерден корсо болот видеосун и кайсы сезону жатасын,???
0
Pandora
2018-04-24 19:45:49
Ресторан,тунку клубда эмес.Озбоктордун чайханасында иштеп жататго.Суроттогу фондон озбоктордун орнаменттерин корсо болот.
Маанилуу жанылык деле эмес,уят болгонунарды реклама кылбагылачы
+5
Same
2018-04-24 23:15:14
Мен да коргом. Тимати чын эле ырдаганын жактырган жок. Жон эле конкурстарынан отпой калдым деп койсо болмок
+1
Marjan92
2018-04-26 17:41:37
ырдаганын каяктан тапсак болот
0
№ 807, 20-апрель -26-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан