ЗАМИРА МОЛДОШЕВА МОДА ЖААТЫНДА АЛГАЧКЫ АВТОРДУК КЕЧЕСИН ӨТКӨРДҮ

16-апрелде дизайнер Замира Молдошева мода жаатында алгачкы автордук кечесин өткөрдү. Ал буга чейин 5 жыл катары менен жаш дизайнерлердин колунан жаралган эмгектерди элге көрсөтүп, кечелерди уюштуруп келген. Уюштуруу жагынан тажрыйбасы бар айым өзүнүн кечесин да кынтыксыз өткөрдү.
– Биринчи жолу автордук кечемди өткөрдүм. 450дөй конок келди. Конокторум кардарлар, чыгармачыл инсандар, бийлик өкүлдөрү болушту. Экс-президенттин кызы Алия Шагиева да келди. 7 стилдеги кийимдерди 60 модель кийип чыкты. Буга чейин 15-20 көйнөк менен мода көргөзмөлөрүнө катышып келсем, бул сапар көйнөктөрдүн саны 180ге жетти. Кече көйнөктөрүн көрсөтүүдө Эрнест Абдыжапаров өзүнүн келинчегине арнаган ырын пианинодо ойноп берди. Бул көргөзмөгө жарым жылдан бери даярданып жүргөм. Дизайнер кийимдерин кардарларга сунуш кылыш үчүн жылына жок дегенде 2 жолу мода көргөзмөсүн уюштурушу керек деп ойлойм. Эмкисин күзүндө өткөрүүнү пландап жатам,- дейт Замира Молдошева.

star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Стилист Замира Молдошева жылдыздарды мода дүйнөсүнө бириктирди
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Pandora
2018-04-24 19:42:08
Ийгилик.
0
№ 807, 20-апрель -26-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан