Ырчы Автандилдин апасы, 11 баланын энеси Көчкөнбай кызы Маймуна 68 жашында 17-апрелде жарык дүйнө менен кош айтышты. Бул тууралуу ырчынын сахналашы Нурмат Садыров билдирди. Анын айтымында, Автандилдин апасы ооруп жүргөн. «Апабыз 18-апрелде өзү жашаган Токтогул районундагы Жетиген айылында жерге берилди. Тилекке каршы, мен топурак сала албай калдым»,- дейт ырчы.
«Супер-Инфо» гезитинин эмгек жамааты Автандилдин апасы көз жумганына байланыштуу анын үй-бүлөсү, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.