Абдил Сегизбаев, УКМКнын мурдагы жетекчиси: «БАЗАР УШАКТАРЫНА ТҮШҮНДҮРМӨ БЕРБЕЙМ!» (NO COMMENT!)

Учурда өлкөнү башкаруу эшелонунда болуп жаткан кадрдык өзгөрүүлөр коомчулуктун көңүлүн бурууда. Алардын негизгилери УКМК башчысы Абдил Сегизбаев менен Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын кызматтан кетүүсү болду. Абдил Сегизбаев "Дело №" гезитине өзү, акыркы жылдардагы иши тууралуу маек берди. Биз окурмандарга бул маекти кыргыз тилинде сунуштоону туура көрдүк.

– Сиз отставкага кеткен күндүн эртеси эле сиздин автомашинаңызды Казакстандын чек арасынан көрүшкөнүн, үй-бүлөңүз менен шашылыш түрдө Алматыга жөнөп чыкканыңыз туурасында кеп тарады...
– Өзүңүз көрүп тургандай, мен Кыргызстандамын жана өлкөдөн чыгып кетейин деген оюм жок. Андан тышкары коомдук турмуштан четтейин деген да ниетим жок.

– Сиз эмнеден улам отставкага кеттиңиз? Балким, мындай чечимди шашылыш, кызуу кандуулукка алдыруу менен кабыл алган чыгарсыз?
– Жок. Бул ойлонулган чечим болду. Мен өзүмдүн эмне кылып жатканымды жакшы түшүнөм. «Конторага» келип жатканда да ушундай болгон.

– Бүгүн, бир жума өткөн соң бул чечимиңизге өкүнгөн жоксузбу?
– Өкүнгөн жокмун. Биздин чиновниктер кеткенди, кеткенде да татыктуу кеткенди үйрөнүүлөрү керек деп эсептейм. Менимче, бул абдан маанилүү. Элибизде "сенин кантип келгениң эмес, кантип кеткениң маанилүү" деген кеп бар эмеспи.

– УКМКдан кетишиңиз сиздин дарегиңизге карата айтылган айыптоолордун бүтүндөй бир агымына жол ачты. Сынчылар дароо эле, мисалы, «Белизгейтти» эстешти…
– Бул сынчылар негизги нерсени түшүнгөн жок же түшүнгөндү каалашпайт деп эсептейм. УКМК тарабынан Белизден алынган материалдар 2010-2011-жылдардагы «Мегаком» уюлдук операторунун айланасындагы коррупциянын масштабдарын түшүнүүдө ири роль ойноду. Өзүмдүн дарегиме айтылып жаткан чуулгандуу айыптоолорго карабай, мен бүгүн да 2016-жылы «Мегакомдун» маселесин көтөрүп чыкканымды туура деп эсептейм. Муну менен мен, мейли баары болбосун, жок дегенде кимдир бирөө татыктуу жазасын алышы үчүн зарыл болгондун баарын жасадым.

– Эмне үчүн жаза алышы керек эле?
– 2016-жылдын ноябрында бизге Белизден келген документтер тийди. Анда биздин ири мансаптуу чиновниктердин, анын ичинде убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн «Мегакомдун» тегерегиндеги коррупцияга тиешеси бар экени, анын акцияларынын улутташтырылган бөлүгүн сатып жибергенге кызыкдар экендиктери көрсөтүлгөн. Мен бул маалыматтарды текшерүү сунушу менен өлкө президентине кайрылдым. Текшерүү жүргүзүү боюнча тапшырма Башкы прокуратурага берилди, бирок биз, УКМК да өз текшерүүбүздү жүргүздүк. Бүгүн биз 2010-жылдын апрелинде убактылуу өкмөт «Мегаком» компаниясын толугу менен улутташтырууга милдеттүү болгонун айта алабыз. Анткени ошол кезде «Мегакомго» ээлик кылып турган «Саутфилд» офшордук компаниясынын акцияларынын бардык 100 пайызы иш жүзүндө жакын адамдары аркылуу Максим Бакиевге таандык болгон. 2017-жылдын 7-апрелине карата «Мегаком» Максим Бакиевден башка дагы кимдир бирөөгө тиешелүү экенин көрсөткөн мыйзамдуу сот чечими башка бир да компанияда болгон эмес.
Уюлдук компанияны толугу менен улутташтыруунун ордуна убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн чечими менен мамлекетке «Мегакомдун» акцияларынын 49 пайызы гана өткөрүлүп берилген. Ал эми акциялардын 50 пайызын болсо абага «илип», «белгисиз менчик ээси аныкталганга чейин» деген формулировка менен калтырып коюшкан. Бул чечим «Мегакомдун» айланасында кенен масштабдуу коррупциянын гүлдөп-өнүгүүсүнө шарт түзгөн. Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү жана айрым саясий партиялардын лидерлери «Мегакомдун» жетекчилигине өз кишилерин коюп, ири финансылык агымды башкарууга, өзүлөрүнүн партияларын 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо каржылоого, «Мегакомду» башкарууга кирүү үчүн чет өлкөлүктөрдөн пара алууга, андан кийинки «Мегакомду» өзүлөрүнүн пайдасына сатып, андан да туйтунуп калуу үчүн инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жетишишкен.

– «Мегакомдун» тегерегиндеги бул коррупциялык убаракерчиликтер эмнеге алып келди?
– 2010-жылы 350 миллион доллар турган компаниянын айрым коррупционерлердин мурасына айлануусуна алып келди. Бүгүн болсо мамлекет «Мегакомду» бул баанын жарымына да сата албай отурат. Андан тышкары мурда компаниянын баасы жыл сайын жогорулоонун үстүндө эле. 2010-жылдын башында сатуучулар Максим Бакиевге «Мегаком» үчүн 780 миллион доллар сунушташкан. Бирок ал көшөрүп, 1 миллиард долларды каалап туруп алгандыктан, бүтүм ишке ашпай калган. Ошондуктан компаниянын реалдуу баасы бир канча эсеге жогору болгон деп айтууга негиз бар. 7-апрелден кийин «Мегакомдо» коррупциялык чийимдерди уюштургандар пара алуу, үстөккө туйтунуу үчүн биздин мамлекетке жүздөгөн миллион доллар зыян келтиришкен.

– Демек, сиздин бул коррупциялык чийимдерди ачыкка чыгаруу боюнча ишиңиз текке кеткен болобу?
– Антип айтпас элем. Башта айткандай, баары болбосо да, айрымдар татыктуу жазасын алышты. Биз айрым кыргыз саясатчыларынын «Мегакомдун» акцияларынын улутташтырылбаган үлүшүн сатууга кызыкдар болушканын, 2012-жылдын майында эл аралык компаниялардын бири менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөнүн тастыктаган фактылардын кыйла санын мындан да көбүрөөк чогултканбыз.

– Сиз УКМКдан кеткенден кийин оор кылмыштары үчүн соттолгон «саясий туткундардын» туугандары кылмыш иштерин кайрадан кароону талап кылышууда. Буга кандай түшүндүрмө бересиз?
– Биз, кыргызстандыктар чиновниктерге карата бардык кылмыш иштерин саясий өңүткө айлантуу адатынан арылышыбыз керек. Бизде иш козголсо эле саясатка айланып кетчү болду. Ошондой эле соттолуучулардын отургучуна келип отурган чиновниктердин баары эле катуу оору болуп чыга келишет. Жакында эле коррупция жана мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенгендиги үчүн соттолгон Канат Исаевдин агасы Жогорку Кеңештин депутаттары менен болгон жолугушууда «саясий куугунтук» жөнүндө билдирип, менин чек арадан чыгып кетүүмө тыюу салууну талап кылды.
Эми, биринчиден, менин бир жакка чыгып кетейин деген оюм жок.
Экинчиден, коррупция үчүн соттолгон чиновник «саясий туткун» деп жарыяланган коомдун эртеңкиси кандай болот?!
Президенттик шайлоо убагында өлкөдөгү баш аламандыкты криминалдык элементтерди пайдалануу менен алдын алган, депутаттардын көзүнчө өзүлөрү куугунтуктоонун объектилерине айланган укук коргоочулары бар мамлекет эмне болот?
Суроонун маңызы менде же менин укук коргоо системасындагы кесиптештеримде эмес. Өлкөдө мыйзамдар эмес, саясий конъюнктура жана колу таза эмес топтордун кызыкчылыктары башкарып калуусун болтурбай коюу маанилүү.

– «Уйкудан ойгонгон» саясатчы Адахан Мадумаров «сенсация» таратты: сиздин отставкаңызды жана баш прокурор Индира Жолдубаеванын кызматтан алынышын Казакстанда камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун кылмыш иши менен байланыштырды. Муну кандай түшүндүрүп берер элеңиз?
– Базар ушактарын кантип түшүндүрүүгө болот? Болбогон тантырак кеп! Бул депутат менен мен эч качан жолугушкан эмесмин, тааныштыгым да жок. Эгерде Мадумаровдо кандайдыр бир маалыматтар болсо, аларды укук коргоо органдарына алып барып берсин. Алар текшерип чыгып, жыйынтыгын билдиришет.

– Сиз УКМКнын төрагалык кызматындагы ишиңизге канааттанасызбы?
– Кетер маал келгенде колдон келгендин баарын жасадым деген ой менен кеттим. Парзымды аткаргандай сезим менен кеттим десем болот. Мен мындан төрт жыл мурда (УКМКнын төрагасынын орун басары да болуп иштегенимди эске сала кетейин) өз алдыма койгон милдеттердин басымдуу бөлүгү чечилди.
Биринчи кезекте өлкөдөгү туруктуулукту сактап калуу керек эле. Жыл сайын Кыргызстанда жолдорду жабуу, объектилерди басып алуу тобокелчиликтери бар миңден ашуун митингдер өтүп жатты... Башка укук коргоо органдары менен ойлонуп, бирок катуу аракеттенүүгө туура келди. 2015-жылда эле кырдаал түп тамырынан бери өзгөрдү. Акыркы жылдары өлкөдө бейкуттук жана тынччылык орноду, мында УКМКнын кызматкерлеринин салымы чоң.
Диний экстремизмдин жана террорчулуктун күчөп келаткан коркунучтарына каршы туруу керек эле. Биз бул көрүнүштөрдүн себептерин изилдегенди жана бир кадам алдыда болгонду үйрөндүк.
Баңгизаттарды сатуу менен алектенген эл аралык топторго, уюшкан кылмыштуу топтордун жарандардын жашоосуна тийгизген таасирине каршы туруп, коррупция менен күрөшүү керек эле. Бул багытта аз эмес иштер аткарылды. Акырында 2017-жылда өткөн президенттик шайлоодо бийликти тынч жол менен өткөрүп берүүнү камсыз кыла алдык.

– Ушул 3-4 жыл ичинде сиздин эсиңизде эмнелер айрыкча сакталып калды?
– Эсти оодара турган эч нерсе айта албайм (күлүп). Күн сайын оор, бирок маанилүү иш жүрүп жатты. Өзүмдүн кесиптештерим, УКМКнын кызматкерлери үчүн бир нерселерди жасап бергениме айрыкча кубанычтамын. Тилекке каршы, мамлекет кыргыздын атайын кызматтарына жетишерлик көңүл бурбай келген. Мен үчүн биздин мамлекетти коргоп жаткандардын карызын кайтаруу маанилүү эле. Акыркы жылдары биз көп курдук жана оңдодук: УКМКнын кызматкерлерине 650дөн ашуун батирлер курулуп пайдаланууга берилди, ушул жылдын биринчи жарымында дагы 200 батирдин курулушу аяктамакчы. Ведомстволук пансионатыбызды, поликлиниканы, эки облустук башкармалыктын, борбордук аппараттын имаратын дээрлик кайрадан куруп чыктык. Гранттык каражаттардын эсебинен акыркы эки жылда УКМКда 17 миллион АКШ долларынан ашуун каражатка жардыруучу-техникалык лабораторияларды, ДНК-лабораторияны жана башка көп нерселерди кайрадан куралдандырып жабдуу жүргүзүлдү. Кызматкерлердин айлыгы жана биздин ардагерлердин пенсиялары көтөрүлдү.
Бул жылдар ичинде чекисттер профессионалдык жана техникалык жактан бир топ тыңышты, башкысы, өзүлөрүн ишенимдүү сезип калышты. Учурдан пайдаланып, аткарылган иштер үчүн кызматкерлерге дагы бир жолу чын жүрөктөн чыккан ыраазычылыгымды билдиргим келет. Ошондой эле Кыргызстандын мурдагы жана азыркы президенттерине көрсөткөн ишенимдери жана биргелешип иштеген жемиштүү ишибиз үчүн рахмат айткым келет.

– Эми сиздин отставкаңыздан улам жаралган башкы суроо: сиз УКМКга төрагалык кылып турган кезде башталган чуулгандуу коррупциялык кылмыш иштери аягына чыгарылабы?
– Башкача болуп чечиле турган себептерди көрбөй турам. Бүгүн УКМКнын тергөөчүлөрү иликтеп жаткан кылмыш иштеринде аларды сотко жеткирүү үчүн бардык негиздер бар.

– Сиздин жакынкы жана кийинки келечекке карата пландарыңыз?
– Өзүм үчүн ишимдин, жашоомдун басып өткөн бардык этаптарынын жыйынтыгын чыгарам. Анан жолумду андан ары улайм.


«БИЗ САЯСИЙ ОППОНЕНТТЕРГЕ ЭМЕС, ЭЛДИН ЫРЫСКЫСЫНА КОЛ САЛГАНДАРГА КЫЛМЫШ ИШТЕРИН КОЗГОДУК»
Бул маектен соң Абдил Сегизбаевге биз да айрым суроолор менен кайрылдык:
– Отставкага кеткен соң "Дело №" гезитине маек бериптирсиз. Анда учурда сиз тууралуу айтылып жаткан пикирлер тууралуу да сөз козголуптур. Бирок бир демилге тууралуу сөз болбоптур. Азыр «саясий мүнөздө козголгон кылмыш иштери, тыңшоолор боюнча Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаеванын саясий жоопкерчилигин карап чыгуу керек» деген демилгелер болуп жатат. Мындай демилгеге сиз кандай пикирдесиз?
– Эми бул жөн гана бизди каралоо үчүн атайын чыгарылган чагымчылдык экени көрүнүп турат. Мен ишеничтүү түрдө айта алам, эч кандай мыйзамсыз тыңшоолор болгон эмес. Эгерде ушул сөздү чыгарып жаткандарда факты болсо, далилдеп беришсин. Мен жогоруда кайталагандай, мурдагы чиновниктерге коррупция беренелери менен козголгон кылмыш иштерин саясатка айландыруунун эч кандай кажети жок. Биз мындай тенденциядан алыс болушубуз керек.

– "УКМК акыркы жылдары бийликтин саясий оппоненттерин куугунтуктоо, аларга каршы кылмыш иштерин ачуу менен гана алек болуп калды" деп нааразы болгондор көп. Өзүңүзгө бул нерсе байкалды беле? Мындай бааларга кошуласызбы?
– УКМК, аты айтып тургандай эле, эң негизги максаты – улуттук коопсуздукту камсыз кылуу болуп саналат. Андыктан биз учурунда өз ыйгарым укуктарыбыздын чегинде иш алып бардык. Өзүңүз деле ойлоп көрсөңүз, эч кандай күнөөсү жок адамга УКМК кантип иш козгойт? Бул сурооңуздан улам «Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат» деген макал эсиме келип отурат. Биз саясий оппоненттерге эмес, жогорку кызматты ээлеп турганда элдин ырыскысына кол салгандарга кылмыш иштерин козгодук. Андыктан мындай негизсиз айыптоолорго убакыт коротуунун деле кереги жок.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 807, 20-апрель -26-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан