ОРГАНИЗМДИ ТАЗАЛООЧУ ДЕТОКС- САЛАТТАР

Жаз жана жай мезгилдери организмди тазалоо үчүн эң оңтойлуу убак. Андыктан сиздерге ар кандай жашылча, мөмөлөрдөн жасалган түркүн түстүү детокс-салаттардын рецепттерин берүүнү туура көрдүк. Детокс – бул детоксикация, ууларды четтетүү дегенди билдирет. Төмөндөгү даамдарды жасап жеп, организмиңизди шлак, уулардан тазалаңыз жана баалуу витаминдер менен байытыңыз.

«ТАҢКЫ МААНАЙ» САЛАТЫ

3 порция
Даярдоо убактысы – 40 мүнөт

Керектелүүчү азыктар:
Тооктун төш эти
– 300 грамм
Брокколи же түстүү капуста – 300-400 грамм
Алма – 1 даана
Жаңгактын маңызы – 40 грамм
Пияз – 1 баш
Лимон ширеси – 2 аш кашык
Сарымсак – 1 тишче
Зайтун майы – 2 аш кашык
Бал – 1 чай кашык
Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:
1. Тооктун төш этин сууга кайнатып бышырып алабыз да, тарам-тарам кылып кол менен үзөбүз.
2. Пиязды аарчып, жарым тегерек түрүндө туурап, жылуу сууга 2-3 жолу жууп ачуусун кетирип алабыз.
3. Алма ичке тууралат.
4. Брокколини ажыратып, кайнап жаткан сууга 30-45 секундга малып, муздак сууга 5 мүнөткө салабыз.
5. Жаңгактын маңызын майда туурайбыз.
6. Лимон ширесин, зайтун майын, балды, 2 аш кашык ысык сууну, майда тууралган сарымсакты аралаштырып соус даярдайбыз.
7. Чоң идишке тоок этин, брокколини, алманы, пиязды жана жаңгактын маңызын салып, үстүнө соустан куюп аралаштырып койсок салатыбыз даяр!


«КҮН ЖЕЛЕСИ» САЛАТЫ
2 порция
Даярдоо убактысы – 15 мүнөт

Керектелүүчү азыктар:
Сабиз
– 1 даана
Апельсин – 1 даана
Ашкабак данеги – 1 аш кашык
Зайтун майы – 1 чай кашык
Соя соусу – 2 чай кашык
Горчица – 1 чай кашык
Бальзамдуу уксус – 1 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:
1. Апельсиндин кабыгын аарчып, төрт чарчы формасында туурайбыз.
2. Сабизди аарчып, майда тиштүү сүргүчтөн өткөрөбүз же 3-4 сантиметр узундукта ичке туурап, бир аз туз жана май кошуп аралаштырып алабыз.
3. Эми соя соусуна бальзамдуу уксусту, зайтун майын, горчицаны кошуп аралаштырып, соус даярдайбыз.
4. Апельсин менен сабизди аралаштырып, үстүнө соусту куюп дагы аралаштырып, ашкабак данеги менен кооздоп дасторконго коёбуз.



КЫЗЫЛ КАПУСТА САЛАТЫ
3 порция
Даярдоо убактысы – 15 мүнөт

Керектелүүчү азыктар:
Кызыл же ак капуста
– 300 грамм
Шалгам – 200 грамм
Пияз – 1 баш
Зайтун майы – 2 аш кашык
Көк пияз – 1 тутам
Кара өрүк кагы – 50 грамм
Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:
1. Капустаны тазалап, ичке туурайбыз.
2. Пиязды аарчып, жарым тегерек түрүндө туурап, жылуу сууга 2-3 жолу жууп ачуусун кетирип алабыз.
3. Шалгамды тегерек формада, жука кылып туурайбыз.
4. Көк пияз майда тууралат.
5. Кара өрүк кагын ысык сууга жууп, майда туурайбыз.
6. Жашылчалардын баарын чоң идишке салып, зайтун майын, кара өрүктү жана татымына жараша туз, мурч салып аралаштырабыз. Салатыбыз даяр.


БРЫНЗА МЕНЕН КЫЗЫЛЧАДАН САЛАТ

3 порция
Даярдоо убактысы – 40 мүнөт

Керектелүүчү азыктар:
Брынза (же сырдын башка түрү)
– 200 грамм
Бадыраң – 2 даана
Кызылча – 2 даана
Руккола же салат жалбырагы – 1 боо
Зайтун мөмөсү (данеги жок) – 70 грамм
Зайтун майы – 3 аш кашык
Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:
1. Алгач кызылчаны сууга бышырып алабыз.
2. Эми сырды, бадыраңды жана кызылчаны төрт чарчы формасында туурап, чоң идишке салабыз.
3. Рукколаны жууп, кол менен чоң-чоң кылып үзүп үстүнө салабыз.
4. Салаттын үстүнө зайтун майын жана мөмөсүн кошуп, татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырабыз. Салат даяр!


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
cholpon119966
2018-04-24 11:45:36
Кыргыздардын аш казанына туура келбеген салаттар го... сабиз менен апелсинди кантип жейт, бироо тропикалык момо жемиш бироо жашылча. Европалыктардын менюсунан го. Балким кээ бирообузго жагаар, о вкусах не спорят дечу беле...
+11
asil-08
2018-04-24 17:08:01
cholpon119966,туура айтасың бизде көп деле мындай салаттарды жей бербейбиз.
+1
cholpon119966
2018-04-24 11:48:54
Бирок кээ бир азыктарды жаккан учун эмес ден соолука керек учун жешке туура келет.
+3
vikidiki
2018-04-24 20:56:45
мен жасап коройун десем, уй буломдун табитине туура келе турган салат жок экен.
+2
Nice0101
2018-04-28 15:36:23
Мен учун керектуу маалымат болду. Рахмат!
+1
Birimdik5555
2018-04-30 04:51:34
Акыркы салат жакшы экен
0
№ 807, 20-апрель -26-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан