"Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2012-2013-2014-жылдардын супер ырчы мырзасы" наамынын ээси Нурлан Насип 20-мартта сүйүктүүсү Асел Кадырбекованын колун сурап, шакек салган. Андан соң эки тарап жолугуп, кайнене болочок келининин кулагына сөйкө тагып, ак жоолугун башына салып, ырымын кылды. 25-апрелде эки жаш үй-бүлөлүк турмушка кадам таштаганы турушат. Ырчылардын кол кармашып, кыз-жигит катары сүйлөшүп келе жаткандарына жети жыл болуптур. Артта калган жети жыл тууралуу ырчылар өздөрү баяндашат.
Нурлан Насип 1990-жылы 10-сентябрда Токтогул районунун Терек-Суу айылында туулган. 5 бир туугандын төртүнчүсү. Ал 9-класска чейин туулган айылында билим алып, кийин борбордогу Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырган. Дити, кыялы, ою ырчылыкка багытталган Нурлан ал кезде өзүнүн кесиптешине үйлөнөм деп ойлобосо керек.
Асел Кадырбекова 1991-жылы 19-мартта Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда жарык дүйнөгө келген. 16 жашынан тарта алпаруучу катары Ош шаарындагы телеканалдардын биринде эмгектенип баштаган Асел кесиби боюнча юрист. 19 жашында ырчылыкка бет алган. Бир кездеги апасынын кичинекей эркеси мына минтип турмуш жолуна аттанганы турат.
Нурлан: – 2011-жылы Бек Борбиев агабыздын концертинде ырдамакмын, ыр жаздырууга студияга барсам, Асел Сайкалды (ред.: Бөрүбаева) жетелеп сыртта жүрүптүр. Анда Сайкал кичинекей кыз болчу. Аселге көңүл бурбай коё алган жокмун, карадым да, студияга кирип кеттим. Асел да Бек байкенин концертине катышмак экен. Ошондо тааныштык. Асел «ырларың жагат» деп мени укмуш мактады. Кийин айтып жатпайбы, көрсө, өзү жакшы ыр издеп жүрүптүр. Ыр жаздырыш үчүн мени мактаган окшойт (күлүп).
Асел: – Анда Нурландын «Унута албайм», «Жаным» деген чыгармалары популярдуу, бирок жүзү элге тааныла элек болчу. Мен телевидениеде иштегендиктен, эл жүзүмдү тааныйт, бирок атымды билишчү эмес. Нурланды чын эле таанычумун. Обон жазып берсе деп ойлоп, продюсери Канат Кадыржан байкенин телефонун алып, меникин бергем.
Н.: – Жаңы гастролго чыкканда Асел, мен, Асел Касымова, Мээри Шакулина төртөөбүз 1 айга кеттик. Асел бизге Канат байке аркылуу кошулду. Эмнегедир Аселге көп тийише берчүмүн.
А.: – Гастролдон экөөбүз көп уруштук. Мамилебиз келишпей, бири-бирибизди көрсөк жинденгенге чейин бардык. Мен кичинемден назик кызмын, Нурлан болсо колумдан катуу кармайт же түртүп кетет. Ошон үчүн аябай жаман көрчүмүн.
Н.: – Гастролдон келгенден кийин Асел менен жолуккум келе баштады. Ошондо эле сезимдер ойгонгон окшойт. Аселди жолугушууга чакырсам, бул да каршы болгон жок.
А.: – Гастролдо жүрүп Нурландын жакшы жигит экенин көрдүм, жөнөкөйлүгү жакты. Ошентип жолугушууга бардым. Анын үстүнө бир ай чогуу жүрүп көнүп да калыптырмын.
А.: – Биринчи жолугушуу менин үйүмдүн жанында, борбордогу 8-кичи райондо болгон. Сейил бакка барып сейилдегенибиз эсимде. Нурлан жолугушууларга кечиксе таарынып кала берчүмүн. Азыр ойлосом жаштык кылыптырмын. «Нурлан баары бир кеч келет» деп мен да кечигип жүрүп, азыр шашпаган адат таап алдым.
Н.: – Иштерден улам көбүнчөсү Аселди 2-3 саатка күттүрүп койчумун. Анан ал телефонун албай таарынып калчу.
А.: – Сөйкө салганга чейин эле ата-энелерибиз менен таанышканбыз. Биз аларды, алар бизди жакшы кабыл алышты. Буюрса, бактылуу үй-бүлөлөрдөн болобуз.
Н.: – Асел ата-энеме, бир туугандарыма жакшы мамиле кылса, мен бактылуумун. Бул боюнча Асел менен да сүйлөштүм. Аселдин колун сураарда акылым менен, жүрөгүм менен, ата-энем менен да кеңештим. Менин үй-бүлөм Аселди жакшы көрүшөт.
Н.: – Чыгармачылыктын аркасы менен Асел экөөбүз чогуу көп жерлерге, Түштүк Кореяга, Түркияга, Дубайга бардык. Сонун күндөр көп болду.
А.: – Мен чет жерге чыкканды жакшы көрөм. "Тигил өлкөгө барсак, бул жакка барсак" деп учун чыгарып койсом эле, калганын Нурлан уюштурчу. Сюрприз кылганды жактырат.
Н.: – Аселдин аткаруусундагы «Сага айтайын», «Кыя албайм» деген ырлардын обондору меники. «Роза гүлү» чыгармасынын аранжировкасын мен жазгам. Асел экөөбүз чыгармачылыкты жаңы баштаганда тааныштык. Ошондо Асел максаттарына жетсе экен дечү элем. Азыр өзүнүн аудиториясы бар ырчы. Менин ырларымдын көбү эле Аселге арналган.
А.: – Мисалы, «Көпөлөгүм» деген ырды мени менен телефондон сүйлөшүп отуруп, мага арнап жазган.
Н.: – Биз кыз-жигит катары 7 жыл сүйлөштүк. Бул чоң убакыт. Бул аралыкта таарынышуулар, сагынышуулар болду. Экөөбүз тең жашпыз да, таарынышканда «болду сүйлөшпөйбүз» демиш болобуз да, кайра эле сагынышабыз, жазылышабыз.
А.: – Мен эмоционалдуумун, эмне болбосун дароо сыртыма чыгарам. Нурлан токтоо, ал баарын ичине сактайт. Бирок экөөбүз тең ак көңүлбүз. Окшош жактарыбыз көп.
А.: – Ар бир айым сезимтал болот. Мен Нурландын көзүнөн, сөзүнөн мени жакшы көрөрүн билип турам. Нурлан мени ошол жакшы көргөнү менен өзүнө тартты, менин сүйүүм андан да эки эсе күчтүү.
Н.: – Аселдин кыял-жоругу, мүнөзү, жан дүйнөсү, кыскасы, баары жагат. Турган-турпаты менен көзүмө жакшы көрүнөт. Кээде машина менен аны бир жерге жеткирип баруу керек болот да. Ал машинадан түшүп баратканда эле сагынып кетем.
Н.: – Чыгармачылыкта жакшы жаңылыктарыбыз бар. Буга чейин Назира, Чыңгыз аттуу менеджерлер менен иштешип келдим. Аларга ыраазымын. Эми менин ырчы болуп элге таанылышыма чоң салымын кошкон Канат Кадыржан менен кайрадан чогуу иштешүүнү чечтик.
А.: – Жаңы дем, жаңы күч менен иштешүүнү ниет кылып жатабыз.
Н.: – Асел «туулган күнүмдү өткөрүп бер» деген. Ошол күнү колун сурап, шакек салууну пландап толкунданып жүрдүм. Апам менен кеңешсем, батасын берди. Колун сураарымды Асел билбейт эле, баарын даярдап коюп телефон чалсак албайт. Мен «атылдым» деп ойлодум. Телефонун албаса үйүнө барып эле шакекти колуна салайын деп ойлой баштадым. Кудай жалгап бир убакта байланышка чыкты.
А.: – 19-март – туулган күнүмдө чакыруу менен бир жакка кеткендиктен 20-мартта белгилейли дегенбиз. Бирок аны унутуп, уктап калыптырмын. Балдар телефон чалып чакырышты. Барсам Нурлан жок, көрсө, атайын кечигип жатыптыр. Кыздар «ушу бүгүн бирдеме болот» дешет, мен «жок, эч нерсе болбойт» деп коём. Бир убакта кучак толо гүл көтөрүп келип, гүлдөрдүн арасынан шакекти таппай колдору калтырап, бир топко толкунданды. Мындайды күтпөгөн менин абалымды сүрөттөгөнгө сөз жок. Нурландан өтүп мен да катуу толкундандым.
Н.: – 25-апрелде Аселди кыргыздын салты менен ата-энесинин колунан Оштон алып кетем. Анан 4-майда Бишкекте экөөбүздүн 1-концертибиз болот. Айрымдар концерттен түшкөн акчага үйлөнүү тоюн өткөрөт деп жатышат. Бишкектеги концертке көп каражат жумшалат, түшкөн акча өзүн жапса, бул жакшы.
А.: – Той-концерт беребиз. Үлпөт тоюбузга күйөрмандарыбыздын баарын чакыра албайбыз. Ошондуктан концертке келген көрөрмандарыбызга таттууларды таратып, жакшылыгыбыздан ооз тийгизели деп чечтик.
"Супер-Инфо" гезитинин жалпы жамааты эки жашка түбөлүк сүйүү, бакубат жашоо, чыгармачылык бийиктик каалайт!
Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg