«Мен сенден кетем. Башканы таап алдым». Бул сөздөр темир тор артында жазасын өтөп отурган адамдын дагы бир кылмышка баруусуна себеп болгон.
Жакында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту абакта жатып эркиндиктеги адамды өлтүрүүгө буюртма берген адам боюнча кылмыш ишин карап, өкүм чыгарды. Ага ылайык, буюртма берген адам жалпысы 19 жылга, ага жардам берген адам 6 жылга эркинен ажыратылды.
«АЯЛЫНЫН КӨҢҮЛДӨШҮН ӨЛТҮРҮП ӨЧ АЛМАКЧЫ БОЛГОН»
Бул кылмыш тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук прокурорунун улуу жардамчысы Мирлан Сооронкулов төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 2016-жылдын август айында ЖАМКынын №21 мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Максат Балбаев деген жаран Мадина аттуу жарандык никедеги жубайы менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Ошондо аялы башка мырзаны жолуктуруп калгандыгын жана мындан ары ошол адам менен жашай тургандыгын айткан. Бул кабарды уккан Максат аялынын көңүлдөшүн өлтүрүп өч алмакчы болот.
Сураштырып отуруп, аялынын көңүлдөшү Рамзан аттуу адам экенин жана ал Мадинанын эжеси Роза деген аялдын үйүндө жашап жаткандыгын билет. Мындан кийин Максат карындашынын жардамы аркылуу Роза менен байланышат да, аны өзүнүн күйөөсүн өлтүрүүгө буюртма берген деп көрсөтмө берем деп коркутат (ред.: Розанын жолдошу Бахтияр Закиров 2014-жылы киши колдуу болуп каза тапкан. Аны өлтүргөн деп Максат Балбаев табылып, ал 17 жылга эркинен ажыратылып, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан. Алгач ал Закировду өлтүрүүгө анын аялы Розанын катыштыгы бар деп көрсөтмө берип, кийин өз көрсөтмөсүн өзгөрткөн). WhatsApp аркылуу ага Рамзандын сүрөттөрүн жиберип, анын эмне иш менен алек болуп жатканын айтып туруусун талап кылган. Роза талаптарын аткарган. 2016-жылдын октябрь айында Максат абактагы кадыр-баркын колдонуп өзү менен чогуу бир камерада отурган Мусабек Расимовго аялынын көңүлдөшүн
2000 АКШ долларына өлтүрүп бере турган киши табуусун тапшырат. Өлтүргөн адам Рамзандын өлүмүнүн далили катары анын кол саатын, паспортун, уюлдук телефонун жана алтын шакегин көрсөтмөк.
Мусабек эркиндиктеги досу Биналиев аттуу жаранга телефон аркылуу байланышып, ага Рамзанды өлтүрүүнү табыштап, аванс катары 100 АКШ долларын жана Рамзандын сүрөтүн берип жиберет. Бирок бул кылмыш ишке ашпай калган. Себеби Биналиев окуя тууралуу милицияга билдирген. Балбаев менен Расимовдун бул аракеттери боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренеси (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Бул ишти Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту карап, 2018-жылдын 31-январында Максат Балбаев менен Мусабек Расимовго карата өкүм чыгарды. Ага ылайык, экөө тең киши өлтүрүүгө аракет кылуу кылмышына күнөөлүү деп табылып, Максат Балбаев 19 жыл, Расимов 6 жылга эркинен ажыратылды. Экөө тең күчөтүлгөн тартипте абакта жаза өтөмөкчү.
БУЛ КЫЛМЫШ БОЮНЧА СОТТО БЕРИЛГЕН КӨРСӨТМӨЛӨР:
Максат Балбаев: «АЯЛЫМДЫН КӨҢҮЛДӨШҮН КӨРҮП, АНЫ МЕНЕН СҮЙЛӨШӨЙҮН ДЕГЕМ»
-Аялым менен сүйлөшүү учурунда аны менен уруша кеткем. Ал менден кете тургандыгын, башканы таап алгандыгын айткан. Ошондуктан ал кезде маанайым жок болуп, тамак да жебей жаткам. Эртеси күнү Мусабек жаныма келип, эмне себептен маанайым жок экендигин сураганда аялым таштап кеткенин айткам. Ошондо Мусабек эркиндикте жүргөн достору аялымдын ким менен сүйлөшүп же жашап жаткандыгын билип бере ала тургандыгын айтты. Мен макул болдум. Эгер чын эле аялымдын көңүлдөшү бар болсо, телефонун алып ал адам менен сүйлөшкүм келди. Бирөөнү өлтүрүү тууралуу сөз болгон эмес. Ал адам тууралуу билүү үчүн аялымдын эжеси Розадан аялымдын көңүлдөшүнүн сүрөтүн сурагам. Андан башка эч ким менен сүйлөшкөн эмесмин.
Свердлов райондук сотунда милиция кызматкерлери мени кыйноого алгандыгы боюнча процесс жүрүүдө. Алар арызымды албасам, каматып салышарын айтышкан.
Рамзандын сүрөтүн Роза тартып жиберген. Менин телефонум эски болгондуктан сүрөттү ачпай койду. Ошондуктан карындашыма сүрөттү чыгарып келүүсүн өтүнгөм. Биналиев болсо бизге азык-түлүк алып келмек. 100 АКШ доллары азык-түлүк сатып алуу үчүн болчу. Азык-түлүк менен кошо сүрөттү ала келүүсүн сурангам.
Мончодо жүргөнүмдө милиция кызматкерлери келип биздин камерада издөө иштерин жүргүзүшүп, мага тиешелүү блокнот, дептерлерди алып кетишиптир. Анан мени башкы тергөө башкармалыгына алып барышып, ал жактан мен тааныбаган Рамзан аттуу жарандын өмүрүнө кол салууга аракет кылганым үчүн айыпталып жатканымды айтышты.
Мусабек Расимов: «ӨЛТҮРҮҮ ТУУРАЛУУ СӨЗ БОЛГОН ЭМЕС»
-Мен тергөө абагына баңгизатын колдонгонум үчүн түшкөм. Балбаев менен чогуу бир камерада отуруп калдык. Баңгизатын колдонгонум үчүн сот мени айып пулга жыккан, соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө киришине аз калганда тергөө органдары мени "адам өлтүрүүгө аракет кылды" деп айыптап жатышат. Негизи окуя мындай болгон. Тергөө абагында отурганымда мага Биналиев чалган. Экөөбүз чогуу тергөө абагында отуруп калганбыз. Сүйлөшүп жатып ал азык-түлүк алып келерин айтканда Балбаев сүрөт да ала келүүсүн өтүнгөн. Биналиев Балбаевдин карындашынан сүрөт жана акча алмак. Кимдир бирөөнү өлтүрүү боюнча сөз болгон эмес.
Андан кийин Балбаев Биналиевден аялынын көңүлдөшү тууралуу билип, аны менен сүйлөшүп берүүсүн өтүнгөн. Телефон номерин да билип берүүнү суранган.
Тергөөдө жактоочум «эмне дешсе, ошону жаса» деп айтканынан макул болуп бардык документтерге кол коюп бергем. Алар мага күбө катары процесске катыша тургандыгымды айтышкан. Кийин гана мен аркылуу Балбаевге чыгууну пландашкандыктарын түшүндүм. Башында күбө катары суралып жаткам. Кийин кылмышты жашыруу, эми болсо Рамзан аттуу жарандын өмүрүнө кол салуу менен айыпталып калдым. Тергөө учурунда милиция кызматкерлери мага басым жасашты.
Жабырлануучу Рамзан: «МЕНИ ӨЛТҮРҮҮ ҮЧҮН КИШИ ЖАЛДАНГАНЫН МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ АЙТЫШТЫ»
-Мадина менен 2015-жылдын февраль айында таанышкам. Кийин жакын болуп кеттик. Мадина Макс аттуу жолдошу бар экенин жана ал киши өлтүргөнү үчүн абакта отургандыгын айткан. Ошол эле жылдын ноябрында Мадина аркылуу анын эжеси Роза менен таанышкам. Роза менен да дос болуп, 2016-жылдын сентябрь айынан баштап анын үйүндө жашап калдым. Октябрь айында болсо, борбордук мечит жактан мага милиция кызматкерлери келип, тергөө абагында отурган кайсы бир адамдар мени өлтүрүү үчүн киши жалдашканын айтышты. Ал адамда менин сүрөтүм да бар экен. Сүрөттөрдү ким тартканын билбейм. Мага билдирбей Розанын үйүнөн тартылыптыр.
Роза: «МЕНИ КОРКУТКАНДЫКТАН ТАЛАПТАРЫНА МАКУЛ БОЛДУМ»
-2016-жылдын сентябрь айында Максаттын карындашы чалып, жолугушууга чакырды. Үйдүн алдынан жолуктук. Ал мени Максат менен сүйлөштүрдү. Телефондон ал Рамзан тууралуу билгендерин айтып, Рамзан менен сүйлөшүп, андан Кыргызстандан кетүүсүн сурана тургандыгын айтты. Анан мени коркутуп Рамзандын сүрөттөрүн жөнөтүүмдү жана анын баскан-турганын айтып берип туруумду талап кылды. Баш тартсам, мени жолдошумдун өлүмүнө буюртма берген деп көрсөтмө берерин айтты. Талаптарын аткардым. Сүрөттөрдү WhatsApp аркылуу жибергем.
Мадина: «2 ЖУМАДАН КИЙИН ЖОЛДОШУМА КАЙРА ЧАЛЫП СҮЙӨРҮМДҮ АЙТКАМ»
-Максат менен 2005-жылдан 2014-жылга чейин чогуу жашаганбыз. Ортобузда уулубуз бар. Максатка дайыма колдоо көрсөтүп келгем. 2015-жылдын февраль же март айында Рамзан менен таанышып калдым. 2016-жылдын августунда кезектеги телефон сүйлөшүүдө жолдошума башка мырзаны таап алганымды айткам. Бирок Рамзандын аты аталган эмес. Бул сүйлөшүүдөн эки жума өткөндөн кийин жолдошумдун көңүлүн алып коюу үчүн кайра чалып, «сени сүйөм, сени менен гана жашайм» деп айткам. Бирок алдап койгом. Аны менен мындан ары жашоону улантууну ойлогон эмесмин.
Биналиев: «МЕН БАҢГИМИН. АКЧА КЕРЕК БОЛДУ»
-Мусабек менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатканда ал мага бир адамдын сөөктөрүн сындырып, денесине залал келтирүү керектигин айтты. Бул үчүн мага
2 миң АКШ долларын сунушташты. Кийин ушул эле акчага бул адамды өлтүрүп салууну айтышты да, мага ал адамдын сүрөтү менен кошо 100 АКШ долларын берип жиберишти. Бирок мен эч кимди өлтүрөйүн деген эмесмин. Мен баңгимин, акча керек болчу.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg