«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Керем дирилдеген добушуна ээ боло албай сүйлөдү.
– Мени таштап кеттиң. Сен үчүн өзүмдү түрмөгө салсам да, сен бир кылчайбай башканын колун кармап кеттиң. Ызамдан жинди болуп кала жаздадым. Сени да, тигини да өлтүрүп салыш колумдан келет эле. Бирок сага келгенде андай кыла албайм. Мен сенин мындан ары кылыңа да залал бере албагандай алсызмын, Жамиля. Анткени сага ашыкмын.
– Керем, мен...
– Чүш, унчукпа. Мен сүйлөп бүткөнгө чейин унчукпа. Мен сен тууралуу баарын билем. Ким үчүн кеткениңди да билем. Ал үй-бүлөсүн таштай албай койгонун да билем. Бирок Аллах өзү күбө, бул тууралуу мен сага бир да сөз айтпайм. Эч качан эсиңе салбайм. Мага сенин бир көз карашың жетер. Мага сенин жанымда дем алып жатканың жетер. Мага сенин бир күлүшүң жетер...
Мындай өрткө ким туруштук бере алат? Жамиля бир саамга анын жиндидей сүйүүсүнөн коркуп кетти. Ичиндеги жаңы жаралып келе жаткан бейкүнөө жан үчүн коркуп кетти. Ал Алибектин баласы экенин билсе эч качан кечирбейт. Коркунучтуу планынан баш тарткысы келди. Көздөрүн ала качты, боюн качырды.
– Кетпе. Качпа, мен качтым сенден, бирок акыры сенден башка жерим жок экенин билдим. Качарга жерим жок,- деди Керем.
– Өз жашоом менен жашайынчы...
– Бардыгы сен каалагандай болот, сага эч бир убакта чек койбойм. Каалаганыңдай жаша, каалаган жерибизге жашайбыз. Болгону мени менен жаша. Эртең менен сенин жытыңдан ойгонгум келет. Бир бактылуу үй-бүлө куралы. Баарын артка калтыралы да, жашообузга бир жаңы дептер ачалы.
Көнбөскө чарасы бар беле? Жардын кырында турганда кол созгон адамга жок дегенге эрки жетет беле? Жок. Андыктан Жамиля макул болду. Шерифе менен расмий түрдө ажырашкан эле, тез арада үйлөнүү тойго камылга көрө башташты.


ххх


Алибек Диананын уйкудагы жүзүн карап көпкө жатты. Энелик ага болуп көрбөгөндөй жумшактык алып келген эле. Ичи ысып кетти. Көзүн ала качып, ортодо бир дубал турганын байкабаганга аракет кылат. Кеч келсе «эмне кеч келдиң?» дебейт, «кайда барасың?» дебейт. Жан үрөп үй-бүлөсү үчүн чабалактап жатканын байкабагандай Алибек анчалык акылсыз эмес эле. Акырын жүзүнөн сүйүп койду аялын.
– Карап жатканыңды билдим,- деди ал көзүн ачпастан.
– Хм, эмне анан унчукпайсың?- деди күлүмсүрөгөн Алибек.
– Жөн эле.
– Рахмат сага!
– Эмнеге?
– Мага чыдап койгонуңа... Жарабызга тийбей, анын карттанышын күткөн сабырдуулугуңа. Сенден башка бирөө болсо...
Диана үн каткан жок. Алибектин жүрөгүнүн бир бурчунда Жамиля ар дайым болорун билчү. Башынан билчү. Аны эч бир күч чыгара албашын да билчү. Бирок ошол эле жүрөктө өзүнө да бир кичине орун бар экенин алтынчы туюму менен сезер эле. Кайсы бир күнү ал орун чоңоёрун, жеңиш өзүнүкү болорунан да үмүт кылчу. Күчтүүлүгү, сабыры менен жеңди.
– Сен жумушка кечикпейсиңби?
– Азыр турам, сенин жумушуңду сүйлөшөйүн дегем. Кызыбыз чоңоюп калды. Үй-жайды деле апам карап турат. Үйгө тыгылып отурушуңду каалабайм. Кааласаң кесибиңди улант.
– Сен чындап эле менин спортко кайра барышымды каалап жатасыңбы?
– Ооба.
Аялынын кубанганда көздөрү жайнап кетти. Баары акырындап өз нугуна түшө баштады. Бороон токтоду. Алибектин ички күрөшү токтобосо да...


Ххх

– Эне, мен түшүнбөйм, сен эмнеге мага каршылык кылып жатасың?
– Жамиля сенин иниңдин аялы! Келиниң.
– Аллахым, мени жинди кылайын деп чечтиңби сен? Бул эмне деген акылсыздык? Ахмед Жамилянын төшөгүн басмак тургай, колунан кармабады. Эне, сен баарын билесиң, алар кандай жол менен... Менин акмактыгымдан үйлөнүп калганын билесиң. Антпе, эне, суранам, жалбарам, антпе. Мен уулум менен биргеликте үй-бүлө болушума макулдук бер.
– Керем, өлүп калса да ал менин балам. Анын аялы...
– Токтот! Жетер, эне, кокомо жетти баары. Менин алдыма азыр тоо коюп койсоң да мен Жамиляга үйлөнөм. Өзү макулдугун бергенден кийин мени эч ким токтото албайт. Сен дагы токтото албайсың. Тобо, Эмре сенин неберең, менин уулум, Жамиля менин аялым, башынан баштап ал меники болчу. Ушунчалык жөнөкөй нерсени эмнеге татаалдантып жатасың?
– Ал кыз сенин башыңды жутуп тынат.
– Эне?
– Мен батамды бербедим. Калганын өзүң бил.
Эсма терс бурулуп басып кетти. Макулдугун бербеди. Ал Ахмеддин аялы болгондугуна эмес, Керемге тийген таасиринен улам коркту. Анын уулу эч бир аялды минтип сүйгөн эмес. Кылымдап келе жаткан ата мурасына үй кызматчы болуп келген кыз эч качан ээ боло албайт эле. Энесинин көктүгү дал ушул түшүнүктөн келип чыккан. «Али мени биле элексиң, Жамиля, мен сага дүйнө канча бурчтук экенин көрсөтөм» деп жатты ичинен.


Ххх


– Мен Эсма ханым жашаган үйгө жашабайм, Керем,- деди Жамиля. – Баарын ак барактан баштайлы десең мени ал үйгө алып барба. Бардыгы эски жарабызды эстетип турган жерге барышыбыздын зарылдыгы жок.
– Туура айтасың, мен муну эмнеге ойлонбодум экен?- деди Керем жылмайып.
– Мага чоң үйдүн, үй толо кызматчынын да кереги жок. Чакан үй, бир-эки кызматчы болсо жетет. Апам менен Нуриля да биз менен жашайт. Ансыз да чоң үй-бүлө болобуз.
– Жамиля, апаң менен сиңдиң биз менен жашашынын канчалык кажети бар?- деди Керем таарынтып албайын деп үнүн жумшарта.
– Мага керек, алар менин үй-бүлөм,- деди өкүм сүйлөгөн Жамиля.
Чын эле таасири күчтүү болчу кыздын, Керем каалабаса да баарын ал айткандай жасаганга мажбур болду. Үйлөнүү тоюн да чакан, шаан-шөкөтү жок өткөрмөй болушту. Үйлөнүү алдында Эмреге бардык чындыкты айта турган болушту. Экөө уулун ошол күнү шаарга алып чыгып сейилдетип, балмуздак алып берип, көңүлү каалаган бардык нерсени кылышты. Бирок өтмүштү айтып берүү, болгондо да 7 жашар балага айтып берүү оор эле.
– Уулум, билесиңби, биз сага бир нерсени айталы деп турабыз,- деди Керем.
– А мен билем,- деди күлүңдөгөн балакай...


(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
MNK.88
2018-05-01 09:13:12
Биринчи деп койушчу беле
-1
Munara080794
2018-05-01 09:19:54
Аз эле го
+1
belka
2018-05-01 09:35:48
135 адам окуп жатат экенбиз.
0
Guldoijan
2018-05-01 09:42:16
135 адам отурат да баардык жумушун таштап коюп супер инфо окуп
+1
lilya8
2018-05-01 10:32:47
Баары ордуна тушо баштагандан дагы жарга такалдыго бул Жамиля
0
nurhan2702
2018-05-01 10:41:18
Жаш балага кантип тушундурот эми.....
0
Akniet_kg96
2018-05-01 11:27:06
дагы кыйналбаса болду байкуш
0
Arhideia
2018-05-01 12:07:46
Ушул Жамиляны бактылуу эле бутурсо болду да. Проблемасы бутпос болдуго
0
aliya-leyla
2018-05-01 14:46:07
Апасы менен синдисин башка эле жашатпады да
0
originalkgz96
2018-05-01 20:09:14
Эсманы олтуруш керек эми)))
+1
aizira
2018-05-02 08:53:55
бутуруп коюшса эмне болмооок
0
mery.89
2018-05-02 11:59:46
Баласы 7ге тез чыктыго
0
eliza_eliza
2018-05-02 15:06:46
Бул чыгарылышта жылмаю менен окудумго
0
Elnura83
2018-05-02 15:27:30
5чи болуму канчанчы санында?
0
Mydearzh
2018-05-03 14:31:49
Ушу сериал башталганда эле ичимен "Черная любовь2" деп койгон элем. Окшоп баратат улам)
0
№ 808, 27-апрель -3-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан