НУРЛАН МЕНЕН АСЕЛ БАШ КОШУШТУ. Кыз узатуу тойдон репортаж

25-апрелде Ош шаарындагы ресторандардын биринде белгилүү ырчы Асел Кадырбекованын кыз узатуу тою болуп өттү. Баарыбызга белгилүү болгондой, Асел ырчы Нурлан Насип менен
бирге турмуш жолуна аттанды.

Дилбар Монокбаева, Аселдин апасы: «МУРДА БИР УУЛУМ БОЛСО, ЭМИ ЭКИНЧИ УУЛДУУ БОЛДУМ»

Аселдин апасы Дилбар айымга байланышып куттуктадык. Кызын турмуш жолуна узатып жаткан той ээси сезимдери менен бөлүштү.

– Дилбар эже, той кут болсун! Кызыңыз Асел экөөңүздөрдүн ортоңордогу мамиле эне-бала эмес, курбулардыкындай. Кызыңызды турмушка узатып, ичиңиз ачышып тургандыр?
– Рахмат. Негизи жакыныңды турмушка бергенде ичиң ачышат, ыйлайсың дешет го. Менде азырынча андай сезимдер боло элек. Тескерисинче, кызым бактылуу болсо экен деп эле жүрөм. Нурлан менен Асел бир топ жылдан бери мамиле куруп жүрүп, бирине-бири ынак болуп калбадыбы. Аселдин бактысын көрүп, сезип турам. Ушул менин кубанычым. Кызым жаман жерге барган жок. Ич ачышкыдай алыска да кеткен жок. Жаштар Бишкекте эле болушат да, биз да Бишкекте жашайбыз. Буюрса, көрүшүп, кабарлашып эле турабыз.

– Кыз узатуу тою эки күн болду окшойт?
– Ооба, кыргыздын салты менен бата той 24-апрель күнү үйдө өттү. Үйгө Токтогулдан кудалар, күйөө бала, достору, кыздар болуп жалпысынан 40тай конок келди. Ал эми 25-апрелде ресторанга куда-сөөк, тууган-урук, жоро-жолдошторду чакырып, баары ойноп-күлүп кете тургандай кылдык. Чакырылган 250дөй адам кыз узатуу тойго күбө болуп кетишти.

– Эми күйөө балаңыз Нурлан Насип тууралуу эки ооз кеп айтсаңыз.
– Нурланды мурдатан эле тааныйм да. Боюн көтөрбөгөн, кичипейил, элпек жигит. Жадырап-жайнап апалап эле турат. Кызым жактырып, тандап жатса, мен кантип жакшы көрбөй коё алам? Алтургай эл да сыйлап, эмгегин, адамдык сапатын баалап тургандан кийин жакшы күйөө балам бар деп кубанам. Нурланды мен өз баламдай кабыл алам. Мурда бир уул, бир кызым болсо, азыр эки уулдуу болуп калдым деп сүйүнүп отурам.

– Тоюңуздар тойго улансын. Убакыт таап маек куруп бергениңизге рахмат!

Аселдин туугандарынын көпчүлүгү Ош шаарында тургандыктан кыз узатуу да аталган шаарда орун алды.

Келген коноктордун кол чабуусунун коштоосунда Нурлан апасына, кайын энесине жана сүйүктүүсүнө гүл тапшырды.

Жаш жубайлардын үйлөнүү тоюна сахналаш достору жана жакындары күбө болушту. Аселди эл алдына Анжелика ырдап алып кирсе, Самара Каримова ырдап узатты. Ал эми
күйөө жолдош Аваз Акимов болду.

Бакытка балкыган жаштар 25-апрель күнү Оштон Бишкек шаарына сапар алышты.

7 жылга созулган сүйүүнүн жемиши. Эми Нурлан менен Асел үй-бүлө аталышты.

Нурландын башына баш кошулуп, кубанычы артып турган убак. Асел ак жоолугун салынып көшөгөнүн көркүн ачты.
Жаш жубайлардын заманбап тою 10-майда Бишкекте өтөт.


Алтынай Тынышова
AzemProduction
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Асел Кадырбекованын кыз узатуу тоюнан эксклюзивдүү репортаж
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
NURTILEK_KG
2018-05-01 09:06:50
Бактылуу болунуздар...
+2
Nevestkaa
2018-05-01 09:22:41
Аллахым түгөнгүс бак берсин ,Аллахым бир этек перзент берсин.Бактыңарга көз тийбесин ,ынтымагыңар сүйүүңөр түбөлүктүү болсун.Биз силерди жакшы көрөбүз Нуку ,Асель.
+5
Jikos
2018-05-01 12:28:06
Чыныгы кара-суулуктардай келин болду, узун кийип , хотя башында болсо да, анан каалагандай кийинсе керек.
0
aika0906
2018-05-02 23:28:15
Жолугун башынын жарымына салып алганбы озбектерге окшоп
0
Aisanur_89kg
2018-05-03 02:07:01
Эл адамы болуш да кыйын жоолук салсада айтышат,салбаса дагы айтышат,озбеке окшойбу кыргызга окшойбу башынан ак жоолугу тушпой,суйуктуу жар,суйкумдуу келин,мээримдук эне болсун бактылуу болгула.
+2
aruukem20
2018-05-03 13:02:13
Сайкал корунбойтгоооо куйосу эле журот.
+1
Jyluusuu1991
2018-05-05 09:34:57
Менин оюмча ырчы жигиттер ырчы болуп кеткенден кийин класташтары менен катташпай калган сыякту сезилет.Кайсы ырчы жигиттин тойун корбо достору жанагы эле ырчы кесиптештери, жакын досу да ырчылардан болот,класташындан откон жакын дос барбы? "Жетсе да ьашын булутка класташынды унутпа" дейтко!
0
nursaliha
2018-05-05 11:41:45
Салам
0
№ 808, 27-апрель -3-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан