Байтемир Ибраев, КРнын Башкы прокурорунун милдетин аткаруучу: «ӨЛКӨДӨ «КОЛ ТИЙБЕСТЕР КАСТАСЫ» БОЛБОЙТ»

Маанилүү маек

Учурда Башкы прокуратура кечиктирбей бүтүрө турган жумуштарга белчесинен батып турган кези. Бийликтин алмашышы өлкөдө болуп жаткан ар кандай маселелерди тезинен чечүүнү эле эмес, бийликтин жогорку эшелонунда жүргүзүлгөн мыйзам бузууларды тезинен ачыкка чыгарууну да талап кылууда. Башкы прокуратура мындай толгон-токой жумуштарды кантип чечүүдө? Бул тууралуу башкы прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев төмөнкүлөрдү билдирет.

– Байтемир Карыпбаевич, апрель окуяларынан соң имараты өрттөлүп, ар кандай кылмыш иштери козголуп дегендей, айтор, Башкы прокуратура көңүл чордонунда калды. Буга чейин эмне үчүн прокуратура кызматкерлери бийликтин жогорку эшелонунда болуп келген иштерге көңүл бөлүшкөн эмес?
– Баарыбыз эле байкап тургандай, прокуратура кызматкерлерине айрым иштерге “мурдун тыгууга” уруксат берилбей келсе керек. 7-апрелден соң кайрадан бул тармакка келип, таң калдым. Өлкөдө өтө көп мыйзам бузуулар болуп, жарандардан көптөгөн арыздар түшкөнүнө карабай прокуратура да, башка органдар да бул иштердин үстүнөн иштешпептир. Мисалы, электр энергиясын өчүрүүлөр боюнча көптөгөн арыздарды көзүм чалды. Ошондон улам жогору жактан айрым маселелер боюнча иштөөгө тыюу салынса керек деген жыйынтыкка келдим.
– Эми прокуратура бийликке көз каранды болбой коё алабы? “Экстердин” үстүнөн далай кылмыш ишин козгоп жаткан көзөмөлдөөчү орган, эгер негиз болсо, учурдагы өкмөт мүчөлөрүнүн, атүгүл ажонун да мыйзам бузууларын ачык айтып, кылмыш козгой алышабы?
– Башкы прокурорлук кызматка келгенде “өлкөдө “кол тийбестер кастасы” болбойт” деп сөз бергенмин. Албетте, мыйзам да буга каршы. Убактылуу өкмөттүн иштей баштаганына аз эле убакыт болду. Ага карабай “бийликтегилерди жоопко тартууга Башкы прокуратуранын деми жетер бекен?” деп сынап көргүсү келгендер бар болсо, макул, байкап көрүшсүн.
– Башкы прокуратура Убактылуу өкмөт кабыл алып жаткан декреттерди мыйзамдуу деп кабыл алабы?
– Юридикалык жактан легитимдүү болбосо да, ырас эл кабыл алып жаткан соң Убактылуу өкмөттүн декреттерди кабыл алууга акысы бар деп эсептейбиз.
– Убактылуу өкмөттүн айрым ишканалар, объекттер мамлекеттин эсебине өткөрүлгөндүгү тууралуу жарыялары мыйзамдуубу? Анткени Конституция боюнча алып караганда мейли Бакиевдерди болсун, айтор, ар бир жаранды соттун чечими менен гана менчигинен ажыратууга болот да...
– Бул иштерди саясий чечим деп кабыл алууга болот. Убактылуу өкмөт түзүлгөндө өлкөнүн негизги мыйзамынын айрым беренелеринин күчүн жокко чыгарган декрет кабыл алган. Утурумдук өкмөттүн негизги милдеттеринин бири – элден мыйзамсыз түрдө тартылып алынган объекттерди кайтаруу эле. Эсиңизде болсо керек, 2005-жылы бийлик алмашканда Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнө жана анын жакындарына тиешелүү бир дагы объект мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн эмес. Ушуга байланыштуу азыр прокуратура Бакиевдерге тиешелүү кайсы мекеме, ишканалар мыйзамсыз менчиктештирилгенин текшерип жатат. Мисалы, “Мегаком” компаниясы. Максим Бакиевдин жакын өнөктөшү Алексей Елисеев бул ишкананы рейдерлик жол менен ээлеп алган. Бул жерде көптөгөн мыйзам бузуулар болуптур. Андыктан компания дагы бирөөнүн колуна өтүп кетпеси үчүн биз 49 пайыз акциясын мамлекетке өткөрүү жана мурун орусиялык инвесторлорго тиешелүү болгон 51 пайыз акциясы боюнча иликтөө жүргүзүү сунушу менен Убактылуу өкмөткө кайрылдык. Азыр аталган компанияга мамлекет тарабынан убактылуу башкаруучу коюлган. Эгер эртең “бул менин менчигим эле, укугум бузулду, тебеленди” дечү жаран чыкса, ал сотко кайрыла алат.
– “Мегакомдун” 51 пайыз акциясына ээлик кылган орусиялык инвесторлор Башкы прокуратурага арыз менен кайрылышкан эле. Бул иш кандай баратат?
– Бул иш эки бөлүккө бөлүнүп каралууда. Башында айтып өткөндөй, 49 пайыз акция боюнча суроолор Убактылуу өкмөттүн кароосунда. Анын мамлекеттештирилгени тууралуу декрет чыгып, башкаруу укугу мамлекеттик мүлк фондуна берилген. Акциялардын 51 пайызы тууралуу айтсам, Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Бул акцияларга арест коюлган. Азыр аларды эч ким сатып же үчүнчү бирөөгө өткөзүп бере албайт. Иликтөө бүткүчө мен так эч нерсе айта албайм. Бирок иликтөөнүн мыйзам чегинде жүргүзүлөрүнө кепилдик бере алам.
– “Ала-Тоо” аянтындагы жарандарды массалык түрдө өлтүрүү кылмышы боюнча тергөө иштери кандай жүрүп жатат?
– Кылмыш иши козголгон, тергөө тобу учурда активдүү иш алып барууда. Кылмыш иши 15 томго жетти. Ондон ашуун адамга кылмыш иши козголду, алардын сегизи камакта. Иликтөөчү топтун колунда 2,5 миңден ашуун курал турат. Алардын ар бири экспертиза тарабынан текшерилиши керек. Бул абдан көп убакытты талап кыла турган иш. Ошентсе да экспертиза өз ишин аяктаары менен анын жыйынтыгы тууралуу элди кабардар кылабыз.
– Курманбек Бакиевди өлкөгө кайтаруу боюнча Беларуска кандай документтер жиберилгени тууралуу айта аласызбы?
– Беларустагы кесиптештерибизге кылмыш ишин козгоо тууралуу токтомдун, Курманбек Бакиевди айыпкер катары кылмыш жообуна тартуу боюнча токтомдун, соттун камакка алуу боюнча чечиминин, издөө жарыялангандыгы тууралуу документтин көчүрмөлөрүн жана башка документтерди жөнөттүк.
– Беларусь тараптан жооп алдыңарбы?
– Азырынча жооп жок. Бирок биз жөнөткөн документтер толугу менен кабыл алынганын жана аны кароого киришкендиги тууралуу расмий билдиришти.
– Башкы прокуратуранын имараты өрттөлгөндө документтер канчалык деңгээлде жок кылыныптыр? Бул өрткө таза иштебеген айрым прокурорлордун катышы болушу мүмкүнбү?
– Башкы прокуратуранын имаратынын өрттөлүшү боюнча ИИМ тарабынан кылмыш иши козголгон. Иликтөөнү да ИИМ жүргүзүүдө. Андыктан тергөө кандай жүрүп жатканы тууралуу кабар бере албайбыз. Бирок жеке оюмду айтсам, мен да прокуратуранын айрым кызматкерлеринин катыштыгы бар деген ойдомун. Мисалы, архив күйүп кетиптир. Прокуратурада жыйырма жыл иштеп, ал архив кайсы жерде жайгашканын мен да билчү эмесмин. Прокуратуранын айрым кызматкерлери өрттөөгө өздөрү катышпаса да, багыт беришсе керек.
– Учурда Башкы прокуратуранын кызматкерлери бир нече кеңседе отуруп, иштешүүдө. Алардын ишин көзөмөлдөп башкаруу кыйынчылык туудуруп жатса керек? Убактылуу өкмөт жардам берип жатабы?
– Башкы прокуратура жылаңач калды десе да болот. Бир даана кагаз же компьютерибиз калбады. Бирок бул кыйынчылыктарды ойлоп отурууга убакыт жок. Улам бир кылмыш ишин козгоо, иликтөө, тергөө менен убарабыз. Эгер өкмөт кайсы бир имаратты бөлүп берсе, ишибиз жеңилдей түшөр эле. Тилекке каршы, бул маселе азырынча чечиле элек.

Башкы прокуратуранын ишеним телефону: (0312) 30-00-35

Руслан Исаев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
imperator
2010-06-07 14:00:41
Кобунесе ушинтип,коп убакыт талап кылынат деп атып,15 томдук козголгон кылмыш иштери да акырындап жабылып кетет.Азыр силердин колунарга укмуштуудай шанс,мумкунчулук туулду го.Эптей албай калган иштерди архивдеги документтер куйуп кеткендигине байланыштуу уланта лабайбыз.Ансыз болбойт сыяктуу шылтоолор менен жабып сласнар болот.
0
Kyjal
2010-06-09 03:37:12
ошону айтсан...
0
honestbek
2010-06-09 13:23:35
Жаап жиберген иштерди билип калышпасын деп орттоп ийишти да.
Кыныр иш кырк жылда дегендей бардык иштер оз убагында ачылып. акыйкаттуу адилет чечимдер чыгаарын куто туралы!
0
№ 396, 4-10-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА