19-апрелде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков кыздуу болду. Бул тууралуу ырчы:
– Учурда кызымды үйгө чыгарып келдик. Баары жакшы, уулум бир аз кызгангандай болду, бирок азыр көнүп карындашын өөп калды. Кызга ата болгон башкача сезим экен. Кызыбыздын ысымын Ыйман деп койдук,- деп билдирди.
Белгилей кетсек, ырчы 2015-жылы Адам аттуу уулдуу болгон. Адам АКШнын Филадельфия шаарында төрөлгөн. Ырчынын кызынын бешик боосу бек болсун!