"Башка жанга чалба", "Дария", "Бийкеч", "Кыргызымдын сулуу кыздары" аттуу ырларды аткарып жүргөн ырчы Руслан Абылов 5-май күнү Бишкек шаарындагы Спорт ордосунда алгачкы жеке концертин бергени турат.
– Руслан, концерт бергени жатыптырсың, толкундоолор болуп жаткандыр.
– Толкундоолор бар. Колдон келишинче аракет кылып жатабыз. Өзгөчөлүгү – сахнага ар бир чыккан ырчыны жандуу музыка коштойт. Алпаруучулар болот, албетте, бирок эл менен өзүм көбүрөөк баарлашып концертти жандуу кылганга аракет кылам. Режиссёрлор менен бирге концерттин программасын иштеп чыктык.
– Чыгармачылыгыңа, концерт уюштурууга жардам бергендер барбы?
– Чыгармачылыкка аралашканыма 5 жыл болуп калды. Концертим – 5 жылдан берки эмгегимдин жемиши, өзүмө отчёт десем болот. 10дон ашуун ыр жаздырып, бир нече клип тарттырдым. Эч кимдин колдоосу, жол көрсөтүүсү, демөөрчүсү жок эле өз аракетим менен жүрөм. Ырчы болуу кыялыма жетүү үчүн бир топ аракет кылдым, чет жерге барып иштеп жүрдүм. Убактымды, эмгегимди жумшаганым текке кетпей мен тилеген күн келип отурат.
Концертти өткөрүп алгандан кийин өзүм үчүн экинчи секирик катары ырчылыкка белсенип киришем деп турам.