Эркин Мукашев: «ВИДЕО ҮЧҮН БАЛАМ ЖАБЫР ТАРТЫП ЖАТАТ»

Интернет айдыңында ырчы Эркин Мукашев тууралуу видео тарап, талкуу жаратты. Анда ырчы кийим саткан дүкөнгө кирип, сатуучу менен урушуп жатканын көрүүгө болот. Дүкөнчү кыз ызы-чуу жаратпашын суранганда ого бетер ачууланып, кызды орой сөздөр менен сөгүп, «кечинде чыгып бара жатканда арматура менен башка чаап кетем» деп опузалап, коркутканы бар. Дүкөнчү кыздын айтымында, ырчы бир нече көйнөктү кийип көрүп, андагы баага нааразы болгон. Бул боюнча Эркин Мукашевге кайрылганыбызда мындай жооп берди:
– Видеону тараткан блогер тамашаларымдан орой кептерди кесип алып, таратып жиберди. Ал дүкөнгө мурда деле көп барчумун, тамашаларымды ал кыздар жакшы түшүнүшөт, дайымкы тамашам катары эле кабыл алышкан. Кыздардан кечирим сурадым, маселе жок. Бул нерсенин айынан 9 жаштагы балам эки күндөн бери мектепке баруудан баш тартты. Ыйлап жатат.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Tyty1990
2018-05-01 09:28:48
Кайдагы тамаша чаап салам дегени ачык эле көрүнүп турат го. Не рыба,не мясо дегендей же кыргызча ырдап кыйратпайт же орусча ырдап кыйратпайт
+13
madina.87
2018-05-01 10:22:01
Сага караганда баланда НАМЫС кучтууроок экен,классташтарынын шылдынына кабылгандырда куноосуз наристе!!!
Эл адамы болуп туруп,кантип тамаша дейсин ушул кылыгынды?!
Ким ишенет?

+23
Nurkyz_kgz11
2018-05-07 23:45:38
madina.87,тупа туура айтасыз
0
bond02
2018-05-01 11:24:35
башында ойлонуш керек эле да, ырдап жылдыз болбой эле эми ушундай жылдыз болосун го.
+10
admin_media
2018-05-01 13:50:19
Mamiev, гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер gazeta@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-1
ksb
2018-05-01 16:15:28
Арматура менен чаап өлтүрүп салам деп да тамаша кылабы чооң эле киши,жаш бала болсо бир жөн((( ууру тойгончо жеп,өлөрчө актанат болуптур.Видеосунда ачык эле коркутуп,ХХХХ, ХХХХ деп сөккөн сөздөрү көрүнүп угулуп жатат го,сатуучу кыздын ордунда болсом милицияга видеону көрсөтүп,закон боюнча жооп берүүсүн талап кылмакмын
+11
Meni_unut
2018-05-01 20:24:52
Аллергия ушул киши да
+3
mirana9395
2018-05-01 22:07:13
шылдын эмес эле,ачык айкын эле создор болуп туратко.
+3
stervella415
2018-05-02 03:13:21
Kaidan korso bolot videosun???
+2
Brejneva
2018-05-03 01:40:24
Негизи эле ушу байке башкача го...
+3
K.peri96
2018-05-03 02:24:25
Kolun m.n jasadynby.
Moinun m.n kotor.
+2
Nurkyz_kgz11
2018-05-07 23:44:13
Уят эле тообо
0
№ 808, 27-апрель -3-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан