25-апрель күнү SUPER.KG порталынын түз эфиринин кезектеги коногу ырчы Айпери Кубик кызы болду. Ырчыга көп берилген соболдор анын жеке турмушу, жакында турмушка чыккан күйөөсүнүн тегерегинде болду. Ырчы жолдошу тууралуу суроолорго төмөнкүдөй жооп узатты:
– Эл "эмнеге жүзүн көрсөтпөйт, чал го же анын экинчи аялы болуп тийгенби?" деген сыяктуу сөздөрдү айтып жатышат. Жолдошум чал эмес, анын экинчи же үчүнчү аялы эмесмин. Аты Умар, Баткендин Сүлүктү шаарынан болот. Мен аны каралоого жол бербейм. Себеби жолдошумду өзүм аябай жакшы билем. Ал буга чейин үйлөнгөн эмес, мен биринчи никесиндеги жубайымын.