«КИЧИНЕМДЕ ЖИНИМЕ ТИЙГЕНДЕРДИ КЕЧИРИМ СУРАТА БЕРГЕН АДАТЫМ БАР ЭЛЕ»
– Бала кезиме кайрылсам, казан-казан тамак бышкан бардар үй-бүлөдө чоңоюптурмун. Эки агамдан кийин төрөлгөнмүн. Борбордо жашагандыктан, үйдө ага-туугандын балдар-кыздары студент болуп көп жүрүштү. Ошончо студент жашаган ызы-чуу үйдө кичинекей мен аларды көрүп эрте чоңойгум келчү. Көп киши жашасак деле эмнегедир мага кызыксыз болду. Азыр ойлосом, мен теңдүү эч ким жок болгондуктан кызыксыз боло берчү экен. Короодогу балдарга лидер болуп алчумун. Бала кезде ичиңде эч кандай арамдык жок болот эмеспи. Бир кыздын мурдунан кечке чимкирик ага бергендиктен, топко кошчу эмесмин. Ошол мамилем ал кыздын эсинде калыптыр, кийин чогуу иштешип калдык. Ошондо мага кек сактап калганы кадимкидей билинди. Жиниме тийгенди эле кечирим сурата берген адатым бар эле. Досторум ошону көп эстешет. Нурайым Азыкбаева, Кундуз Канатбек кызы болуп бир короодо чоңойдук. Нурайым көп ойночу эмес. Ал кичинесинен эле чыгармачылык менен алектенчү. Кундуз экөөбүз чогуу көп жүрдүк.
«БИЛЕМ, МЕН АКЖОЛСУЗ ЖАШАЙ АЛБАЙМ»
– "Досуңмун" деп коюп жүргөндөрдүн былыктарын, кылыктарын деле көрүп жүрөм. «Мени жаныңа курбу кылып алып жүрчү» деп суранып алып, артыңдан суу куйгандарды көрдүм. Алардын мындай мамилесине эмгиче таң калып бүтө элекмин. Бирок жашоодо да артист болуп, аларга маани бербей, күлүп-жайнаганга үйрөндүм.
Негизи кыз кишинин жашоосу, жолу барган жери менен байланыштуу экен. Жолдошум Акжол ким менен катышса жамандык, жакшылыкта мен да барам. Мен тараптан курбуларымдын көбү бойдок. Алар жолдошумду «алтындай аяшыбыз бар» деп жакшы көрүшөт. Аялзаты көңүл бурууга муктаж эмеспи. Курбулар чогулганда Акжол баарына көңүл буруп, эч кимден албаган жылуулукту бир заматта тартуулап коюшу мүмкүн. Мага Акжолдукундай сүйүүнү эч ким бере албаса керек. Билем, мен Акжолсуз жашай албайм.
«КОКУСТАН ЭЛЕ ТААНЫМАЛ БОЛУП КЕТТИМ»
– Элге «Боз салкын» тасмасы аркылуу таанылдым. Таанымал болгонго даяр эмес болчумун. Киного тартылайын деген ой жок жерден тартылып, популярдуу болуп кеттим. Апам борбордогу басмаканалардын биринде иштечү. Каникулда мен да иштеп акча таап алчумун. Шаазада деген агай китеп кандай чыгарын көргөнү мен иштеген басмаканага келип жүрдү. Агай менен таанышып, бет маңдай отуруп калдым. Мен кичинемден куудулмун, бирөөлөрдү туурайм, шылдыңдайм. Ошол өнөрүмдөн уламбы, агай мени киного кастингге алып барам деди. Мен «кайдагы кино, кайсы заманды айтып жатат?» деп таң калгам.
Кастингден сулуу, бойлуу, боёнгон укмуш кыздарды көрдүм. Мен анда 11-класстын окуучусу, кашты терүү, боёнуу деген түшүнүк жок. Аларды көрүп кысылып, корунуп, кастингге кирбей койдум. Шаазада агай биз эң акырында кирели деп мени көндүрдү. Кирип, тартуучу топ менен тааныштык. Эрнест Абдыжапаров кийин айтып жатпайбы, мени көргөндө алгач жактырган эмес экен. Ал элестеткен кыз такыр башка болчу. Бирок роль аткарганымды көрүп кайрадан башка образды элестеткен.
Ата-энем киного тартылышыма каршы болушту. «Чыгармачылыкта нан таап жей албайсың, ишиң бирде болсо, бирде болбойт» дешти. Алар «кызыбыз тилдерди билип, дипломат болсо» деп кыялданышчу. Учурда эки кесиптин ээсимин. Биринчиси – дипломат. Экинчиси – элдин "билими жок актриса, режиссёр" деген кебин угуудан тажап, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин социалдык-маданий ишмердиги факультетин аяктадым.
«ГҮЛ КӨТӨРҮП КЕЛГЕНДЕРДИ ШЫЛДЫҢДАЧУМУН»
– Жаш кезде көп жигиттер аркамдан чуркады. Гүл алып келип берсе, ошол жерден ыргытып, кыргызча сүйлөсө «сен кыргызча сүйлөйсүң» деп шылдыңдап, керсейип кемсинткен күндөрүм болгон. Шылдыңдап көп эле жигиттин убалына калдым окшойт. Тасмадан кийин мага сүйүүсүн арнагандар көбөйдү. Коомдук транспортко түшсөм эл кеп кылып, карап, бир топ ыңгайсыздык болду. Таанымал болуп кетишиме көнө албай бир топ кыйналдым. Анын үстүнө ак-караны тааный элек жаш кызмын. Ошондой учурда өзүңдү жакшы нукта кармап калышың керек экенин түшүндүм. Негизи чыгармачылыкта жүрүү аялзатына чынында кыйын экен.
«ӨЗҮМДҮН ТАСМАМА ӨЗҮМДҮ ТАРТКАНДАН УЯЛБАЙМ»
– 25-апрелде мен режиссёрлук кылган «Сүйүү күчү» деп аталган тасмамдын ачылыш аземи болот. Мен өзүмдүн тасмама өзүмдү башкы каарман кылып тартуудан уялбайм. Колдорунан келсе каалагандар өздөрүн тарта беришсин. Мен үчүн азыр убакыт өтө баалуу. Мен дагы кинолорго тартылышым керек, төрөшүм керек.
Чынында «Сүйүү күчүнүн» бүтүшү кыйын болду. Съёмка аяктап калганда кырсык болуп администратор Хадижа деген кыз каза болуп калбадыбы. Мен аны акыр аягына чейин көз жумат деп ойлогон жокмун. Пластикалык операция жасатып берем деп жаттым. Ошондон кийин катуу депрессияга түшүп, дагы деле чыга элекмин. Тамак ичсем эле көңүлүм айнып кускум келет, анын айынан арыктап кеттим. Кинонун бүтүшү да кыйын болду. Кырсыктан кийин кинону бүтүрүүчү адамдардын мага карата мамилеси бузулду. Оңой эле бүтчү нерсе бүтпөй, татаалдашып, Бишкекке келсем, чоң эле кишилер кырсыкта менин эч кандай күнөөм жок экенин түшүнүп турушса да, башка кептерди козгоп туруп алышты. Монтаждап жатсак, өчүп калат, ушундай майда нерселер мени ого бетер депрессияга салды. Анан кинону таштап салдым. Ачылышын да масштабдуу эмес, чакан чөйрөдө кылайын десем, кинонун продюсери, жолдошум Акжол макул болгон жок. «Сен көйнөк кийип келип эле бер, калганын өзүм уюштурам» деп болбой койду.
«БАЙЛЫК ТОПТОЮН ДЕП ЖУЛУНБАЙМ»
– Уулум Адахан 9да, кызым Айлин 7де. Алар телевизордон, компьютерден алыс, сүрөт тартып, көпөлөк кууп, ийнелик кармап чоңоюп жатышат, ошого сүйүнөм. Уулум укмуш сонун бийлейт, Бактияр Токторов байкесин өтө окшоштуруп коёт. Анан тентек, кээде мага айтпай көп иштерди жасап салат. Бир жолу айылга барсак даараткананы өрттөп жиберген. Кызым болсо сүрөттү жакшы тартат. Өзүнүн дүйнөсү бар. Көчөгө чыкканда чачын сеңселтип алып асманды карап өзү менен өзү сүйлөшүп, жаратылышка суктанып жүрө берет. Эки балам кыргыздын керегине жараган мыкты уул-кыздардан болсо мага андан ашкан бакыт жок. Мага эч нерсенин кереги жок. Байлык топтоюн деп да жулунбайм.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg