КОЗУ КАРЫН ИММУНДУК СИСТЕМДИ БЕКЕМДЕЙТ

Жаз, жай айлары козу карын терүү мезгили. Учурда кыргыз жеринде анын 2 миңден ашык түрү өссө, алардын 100гө жакын түрүн жегенге болот. Булардын ичинен ашканада эң көп колдонулгандары: шампиньон, вёшенка, маслёнок, лисичка, опёнок, ак козу карын, кайыңчы козу карын жана башкалар. Козу карын эмнеси менен пайдалуу жана кимдерге жегенге болбойт? Таанышып коюңуз...

 

МАРИНАДДАЛГАН КОЗУ КАРЫН
2 порция
Даярдоо убактысы
– 25 мүнөт

Керектелүүчү азыктар:
Козу карын (вёшенка)
– 500 грамм
Лавр жалбырагы – 1 даана
Өсүмдүк майы – 50 миллилитр
Сарымсак – 4 тишче
Суу – 250 миллилитр
Пияз – 1 баш
Тоголок кара мурч – 6 даана
Уксус (9%) – 2 аш кашык
Туз – 2 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:
1. Козу карынды тазалап, жууп, чоң-чоң туурайбыз.
2. Мискейге сууну, тузду, өсүмдүк майын, уксусту куюп, тоголок кара мурчту, лавр жалбырагын салып кайнатып маринад даярдайбыз.
3. Кайнап жаткан маринадга тууралган козу карынды салып, 10-15 мүнөт кайнатып, оттон чыгарабыз.
4. Муздагандан кийин шакекче түрүндө тууралган пиязды салып аралаштырабыз. Маринаддалган козу карын даяр.


КОЗУ КАРЫН ПАСТАСЫ
2 порция
Даярдоо убактысы
– 25 мүнөт

Керектелүүчү азыктар:
Макарон түрү
– 200 грамм
Козу карын (шампиньон) – 200 грамм
Пияз – 1 баш
Сыр – 60 грамм
Сарымсак – 2 тишче
Жогорку майлуулуктагы сүт – 150 миллилитр
Өсүмдүк майы – 4 аш кашык
Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:
1. Мискейге 2 литр сууну куюп, татымына жараша туз салып, Макаронду бышырып, сүзүп алабыз.
2. Тазаланып жуулган козу карынды жука, пияз менен сарымсакты майда туурайбыз.
3. Казанга өсүмдүк майын куюп, алгач сарымсакты салып кызарта кууруп алабыз. Анан пиязды 5 мүнөттөй кууруган соң козу карын салынып бөлүнүп чыккан ширеси соолуганча куурулат.
4. Казанга эми сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды салып, үстүнө сүттү куюп, 5 мүнөттөй кайнатабыз.
5. Кайнап жаткан соустун үстүнө сууга бышырылган макаронду салып аралаштырабыз. Тамагыбыз даяр. Тарелкаларга салып, үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сырдан себелеп дасторконго койсоңуз болот.

КОЗУ КАРЫН ТОКОЧУ
6 порция
Даярдоо убактысы
– 50 мүнөт

Керектелүүчү азыктар:
Каттама камыр
– 250 грамм
Козу карын – 200 грамм
Пияз – 1 баш
Сыр – 100 грамм
Помидор – 2 даана
Консерваланган жүгөрү – 100 грамм
Орегано – 1 чай кашык
Өсүмдүк майы – 4 аш кашык
Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:
1. Тазаланып, жуулган пияз менен сарымсакты майда, козу карынды жука туурайбыз.
2. Казандагы май кызыган кезде пияз менен сарымсакты, андан кийин козу карынды салып, ширеси соолуганча кууруйбуз. Татымына жараша туз кошулат.
3. Казанды оттон чыгарып, үстүнө консерваланган жүгөрүнүн суусун төгүп кошуп аралаштырабыз.
4. Каттама же ачытылган камырды 0,5 сантиметр калыңдыкта жайып алабыз. Электр мешинин табасына бир аз ундан себелеп, камырды салып, четин бир аз кайрыйбыз.
5. Камырдын үстүнө алгач сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды, андан соң козу карын менен жүгөрү аралашмасын тегиз салабыз.
6. Эми үстүнө помидор кесимдерин коюп, ореганодон себелеп, 180 градуста иштеп турган электр мешине 20-30 мүнөткө салабыз. Токоч даяр!

ПАЙДАСЫ

  • Козу карындын 90 пайызын суу түзөт жана курамында А, D, Е, РР, В тобундагы витаминдери, калий, кальций, темир, йод бар болгондуктан ден соолукка пайдалуу.
  • Иммундук системди бекемдейт.
  • Курамындагы лецитин кан тамырларды тазалоодо жана холестериндин деңгээлин азайтууда мыкты жардамчы.
  • Атеросклероздун алдын алып, эс-тутумду жакшыртат.
  • Нерв системине, стресске, депрессияга пайдалуу.
  • Калориясы аз болгондуктан адистер семиздиктен жабыр тарткандарга сунушташат.
  • Козу карындын ак түрүнүн курамында рибофлавин, В2 витамини көп. Бул витамин теринин, чачтын жана тырмактын сапатын жана уйку безинин иштешин жакшыртат.
  • Адистердин изилдөөсүнө таянсак, шампиньондор шакый жана баш оорунун алдын алат.
  • Вёшенка козу карыны РР витаминине бай болгондуктан организмди ар түрдүү вирустардан коргойт.


КИМДЕРГЕ БОЛБОЙТ?
Козу карындан жасалган тамактын сиңиши жай болгондуктан, 8 жашка чейинки балдарга, улгайган адамдарга, кош бойлууларга көп жегенге болбойт.
Подагра, бөйрөк, боор, ашказан-ичеги, тери оорусу барлар 1 айда 1 гана жолу сууга бышырылганын жесе болот. Ал эми куурулганын, туздалганын жесе оорусу күчөп кетиши мүмкүн.

ЭСКЕРТҮҮ!
Козу карынга ууланып калбоо үчүн өзүңүзгө таанымал түрлөрүн териңиз же болбосо билген адамдарга кайрылыңыз. Анткени кээ бир уулуу козу карындар сыртынан уулуу эместерге окшош, мисалы, уулуу куу поганка желчү шампиньонго. Козу карындын уулуу же уулуу эмес экенин жыттап ажыратууга да болот. Эгер жыттаганда же бышырып жатканда карбол кычкылы (дарынын жытындай) жыттанса, анда уулуу козу карын. Мүмкүн болсо козу карындарды унаа жолдорунан, аэропорттон, завод-фабрикалардан алыс жайгашкан талаалардан, тоолордон териңиз. Терип келген соң 30 мүнөт туздуу сууга чылап, 10-15 мүнөт кайнатуу керек.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Dembele84
2018-05-01 16:08:00
Баш оорутма го
+1
Ajara_13
2018-05-02 11:36:33
Абдан жакшы,скрин кылып алдым го сразу эле
+2
deva
2018-05-02 15:40:05
маринаддалган козу карынды жасадым, укмуш болот экен мурун неге жазган жок эленер
+2
Dina.janym
2018-05-03 18:52:03
Билбейм, козу карын десе эле башкача нерсени элестете берем, жей албайм такыр..Пиццага кошулгандарын да бирден терип салып жейм го...не мой вкус))
0
№ 808, 27-апрель -3-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан