ШЕР БОЛОТ ШЕРДИК КЫЛДЫБЫ?
Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Шер Болот адилеттүү кызмат көрсөткөн милиция кызматкерлерин сыйлады. Жакында эле Бишкек шаарында аял милиция кызматкерлери КИА автоунаасын жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан. Андан түшкөн айдоочу өзүн “Ички иштер министринин жакын тууганымын” деп тааныштырган. Бирок мыйзамды көзөмөлдөп, милиция кызматкерлер айдоочуну тийиштүү протокол боюнча 300 сом айыпка жыккан. Ошентип, эки милиция айым министрлик тарабынан Ардак грамота менен сыйланды.
Маалымат үчүн: Болот Шерниязов Шер Болот деп аты менен тек атын өзгөртүп, жаңы паспорт алды.
ЖАЙЫТТАН БАШТАЛГАН ЧАТАК
26-майда Өзбекстандын Кыргызстандын ичинде турган Сох анклавындагы Хушяр айылынын эли менен Баткен облусунун Согмент айылынын эли араздашып калды. Кошуна эки элдин ортосунда чыр ырбап, Өзбекстан атайын даярдыктагы миң аскерин жана беш райондун милиция күчтөрүн киргизүүгө үлгүрдү.
Бул окуяга чейин Хушяр айылынын жашоочулары Баткен облусунун жетекчилигине Кыргызстандын жайытын ижарага алуу жаатында кайрылышкан. Бирок тийиштүү келишим жок болгондуктан, уруксат берилген эмес. Ошол себептен Хушяр айылынын эли Кыргызстандын Чарбак айылына барчу суу каналдарын тосуп, анда жашаган 400 тургунду суусуз калтырган. Мындан сырткары, жолду да жарактан чыгарышкан. Ушул эле күнү Хушяр айылынан өтүп бара жаткан кыргыз жүргүнчүлөрдү барымтага алып, алардын машиналарын таш бараңга алышкан. 26-31-май аралыгында Сох анклавынан өтүп бара жаткан Баткен облусунун жашоочуларынын 10 машинасы талкаланган.
Ал эми 31-майдан баштап кыргызстандыктар жаңжалды улап, Баткен облусунан Өзбекстандын Риштан шаарына барчу жолду тосуп алышкан. Бул жол Сох анклавын Өзбекстан менен байланыштырып турган негизги трасса болуп эсептелет. 500гө жакын чогулган нааразы топ Сох анклавынан өтүү үчүн кыргыздарга коопсуздук кепилдигин түзүүнү талап кылышкан.
Бул улуттар аралык жаңжал массалык мүнөзгө айланып кетмек, бирок укук коргоо органдары чатакты басаңдатууга жетишти.
Андан соң Баткен облусунда Өзбекстан менен чектешкен “Кайтпас” чек ара постунун өз тарабын Кыргызстан 31-май күнү жапты. Ал эми 1-июнда Фергана облусунда Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы К.Матенов менен Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара командири Р.Мирзаев жолугушуу өткөрүштү. Анын жыйынтыгында кыска убакыттын ичинде чек араны делимитация жана демаркациялоо маселелерин аяктоо, эң негизгиси, жогоруда айтылган өзбекстандык армияны Кыргызстандын аймагынан алып чыгып кетүү чечимдери кабыл алынды.
Казакстандын стратегиялык изилдөө институтунун директору Булат Султановдун айтымында, Кыргызстанда этникалык жаңжал башталып кетсе, өзбектердин атынан Өзбекстандын ислам кыймылы (ӨИК) аралашып кетиши ыктымал. “Мындан улам Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө коркунуч туулушу мүмкүн”,- дейт серепчи.
Маалымат үчүн: Өзбекстандын Сох анклавы Баткен облусунун аймагында турат. Анклав Өзбекстанга тиешелүү болгону менен, анын калкынын дээрлик көпчүлүгүн тажиктер түзөт.
Убактылуу өкмөттүн төрайымынын 1-орун басары Алмазбек Атамбаев 1-июнда Түркияга учуп кеткен. Бул жолку сапарында ал Түркиянын президенти Абдуллах Гүл, премьер-министр Режеп Эрдоган менен жолугушуу өткөрдү. Анкарада өтүп жаткан А.Атамбаевдин иш сапарында экономика тармагында өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды. Эскерте кетсек, апрель окуясынан бери Алмазбек Атамбаев Түркияга экинчи жолу барып отурат.
КУРМАНБЕК БАКИЕВ АДВОКАТ ЖАЛДАДЫ
Европадагы юридикалык структуралардын маалыматы боюнча, Кыргызстандын экинчи экс-президенти белгилүү канадалык адвокат Роберт Амстердамдын кызматына кайрылган. Анда К.Бакиевге каршы козголгон кылмыш иштери боюнча экс-президенттин кызыкчылыгын коргоо жана эл аралык Интерпол аркылуу издөөгө тоскоол болуу айтылган. Роберт Амстердам өзүнүн кызматын өтө жогору баалагандыктан, ал кылмыш иши эл аралык резонансты жарата алган жана көп гонорар төлөй алгандар менен гана иштешет. Айрым маалыматтарга караганда, анын гонорары 2 миллион долларга бааланат. Кызыктуу жагдайы, Роберт Амстердамдын кардарларынын арасында Таиланддын экс-премьери, 2006-жылы бийликтен кулатылган Таксин Чинават да бар. Мындан улам “Курманбек Бакиев тажрыйбалуу адвокат жалдаган” дегенге негиз туулат.
ЖУРНАЛИСТТИН УРМАТЫНА ЭСТЕЛИК ОРНОТУЛАТ
УӨнүн төрайымынын орун басары Ө.Текебаев журналист Геннадий Павлюктун элесине арналган эстеликтин үлгүсүн айкелчилер менен талкууга алды. Буга чейин УӨнүн жыйынында анын үй-бүлөсүнө 1 миллион сом материалдык жардам көрсөтүү чечими кабыл алынган.
Маалымат үчүн: Геннадий Павлюк орусиялык “Аргументы и факты”, “Комсомольская правда” гезиттеринде редактор болуп иштеген. 2009-жылдын аягында оппозициялык мүнөздөгү медиадолбоорду баштамак. Бирок ушул эле жылдын декабрь айында Казакстандын Алматы шаарында ур-токмокко кабылып, алтынчы кабаттан ыргытылган. ОБСЕ менен көз карандысыз серепчилер анын өлүмүн саясий буйрутма деп мүнөздөшкөн.
“АТА МЕКЕН” СУРАМЖЫЛОО БОЮНЧА АЛДЫДА
Азыркы учурда “АКИpress” маалымат агенттигинин сайтында жүргүзүлүп жаткан сурамжылоо боюнча “Ата Мекен” партиясы тизмеде 23,1 пайыз менен биринчи орунда келе жатат. Буга чейин биздин гезиттин №394-санында www.super.kg сайтында добуш берилип жаткан сурамжылоонун жыйынтыгы жарыяланган. Ал боюнча “Ата Мекен” партиясы 38,4 пайызга ээ болуп, башка партияларды артка калтырган. Ал эми 3-июнга карата бул көрсөткүч 38,9 пайызга жогорулап, аталган партия биринчиликти бербей келе жатат.
НАРЫНДЫКТАР АЧКАЧЫЛЫК ЖАРЫЯЛАШУУДА
Нарын облусунун борбордук аянтында 7 адамдан турган топ ачкачылык акциясын баштады. Алар облустагы өкмөттүк администрацияларда иштеген айрым жетекчилердин, баары биригип 40 кишинин кызматтан кетишин талап кылышууда. “Кетсин!” деген тизмеге көбүнчө пенсия курагындагы кызматкерлер кирген. 2-июнда Нарын облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу А.Эсенбековдун катышуусу менен нааразы болгондордун талабы каралып, Нарын шаарынын мэри Алмаз Кулатов кызматтан кетүү жөнүндөгү арызын жазып берген.
НАЗАРБЕК НЫШАНОВ ЭЛДИК КУРУЛТАЙГА ЧАКЫРАТ
“Кыргызстандын патриоттук партиясынын” баш катчысы жана коррупциялык системага каршы күрөшүү, “Улуттук кайра жаралуу” элдик-патриоттук кыймылдын жетекчиси Назарбек Нышанов каалоочуларды Элдик курултайга чакырууда. Анда өлкөдө тамыр алган паракорчулукту жоюу, эски бийликтин өкүлдөрүнөн кутулуу маселелери каралат. Легитимдүү элдик коалициялык өкмөттү түзүүнү каалагандар 2010-жылдын 23-июнуна белгиленген курултайга катыша алышат.
ЖАШТАР БАЛДАРГА ЖАРДАМ БЕРИШТИ
1-Июнь – Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Новопавловка балдар үйүнүн тургундары майрамды 31-май күнү башташты. Алар үчүн шоу-бизнестин өкүлдөрү катышкан концерт уюштурулуп, андан кийин тасма көрүү үчүн кинотеатрга барышты. Бул кайрымдуулук акциясын жаштардын “Ынтымак өлкөсү” партиясы “Россия” кинотеатрынын жардамы менен ишке ашырды. Акциянын жүрүшүндө жаш балдар тарткан сүрөттөрдөн турган көргөзмө да ачылып, кызыктуу сүрөттөр эл алдына коюлду.
ЖАҢЫ МИНИСТР КЫЗМАТТА
Убактылуу өкмөт тарабынан бош турган министрликтин жетекчисинин орду бекитилди. Буга чейин Билим берүү жана илим министри Абдулда Мусаев болсо, мындан кийин аталган министрдин милдетин Канат Сыдыков аткармакчы болду.
Эльвира Караева
politika@super.kg