24-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаеваны кабыл алды. Жолугушууда өлкө башчы сот системиндеги коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу керектигин белгилеп, жарандар арасындагы сурамжылоолордун жыйынтыктары боюнча сот органдары өлкөдөгү эң коррупциялашкан органдардын бири болуп чыкканын эскертти. «Жарандардын мыйзамдарга жана сот адилеттигине болгон ишенимин калыбына келтирүү керек. Ошондо гана Кыргыз мамлекети өзүн укуктук мамлекет катары көрсөтө алат. Мамлекеттик органдардын, анын ичинде сот органдарынын негизги милдети – бул укуктун үстөмдүгүн камсыздоо жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоо»,- деди президент.
8-февралда Сооронбай Жээнбеков мыйзам бузган сотторго карата акыркы 10 жылда 100гө жетпеген кылмыш иши козголуп, болгону 8 пайызы гана жазаланганын айтып сындаган. Өлкө башчы өз милдетин так аткарбаган соттордун айынан көп жарандар убактылуу кармоочу жайларда, тергөө абактарында айлап-жылдап кармалып, кыйноо тартып жатканын белгилеген.
Айнаш Токбаева Жогорку Соттун төрайымы кызматына 2015-жылы сентябрда шайланган. 2018-жылы сентябрда төрайым катары кызматтык мөөнөтү аяктайт.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg