АРМЕНИЯ ОППОЗИЦИЯСЫ БИЙЛИКТИ ТОЛУК КОЛГО АЛУУНУ КӨЗДӨӨДӨ

Армениянын премьер-министри Серж Саргсян Ереванда 10 күнгө созулган элдик толкундоолордон кийин кызматтан кетти. Ал 10 жыл президент катары иштеп, үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде жаңы Конституцияга ылайык өкмөт башчылыкка шайланган эле. Жаңы Баш мыйзамдын негизинде негизги бийлик өкмөт башчынын колуна топтолгон. Буга нааразы болгон армян эли көчөгө нааразычылык билдирип чыгып, Саргсяндын бийликтен биротоло кетишин талап кылды. Саргсян элдин талабын аткарууга аргасыз болуп отставкага кетип, ордуна экс-президенттин партиясынын мүчөсү Карен Карапетян убактылуу иштеп жатат.
Элдик массалык толкундоолордун башында турган оппозиция лидери Никол Пашинян жаңы өкмөт башчы Серж Саргсяндын Армения Республикалык партиясынан болбошу керектигин, элдин атынан сунушталган талапкер шайланышы керектигин айтып жатат. Парламентте Пашинян жетектеген оппозициялык «Елк» кыймылы премьерликке Пашинянды көрсөтө турганы белгилүү болду. Оппозициянын талаптарына премьер-министрдин милдетин аткаруучу Карапетян (Армения Республикалык партиясынан) азырынча макул эмес. Армения парламентинин төрагасы Ара Баблояндын айтымында, 1-майда парламент атайын жыйынга чогулуп, премьер-министрди шайлайт. Азырынча аталган кызматка Никол Пашиняндан башка талапкер көрсөтүлө элек. Серж Саргсяндын өкмөт башчылыктан кетиши менен басылган массалык нааразычылык акциялары орто мүнөздө уланууда.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 808, 27-апрель -3-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан