«ЦЕНТЕРРА ГОЛД» КОМПАНИЯСЫНЫН РЫНОКТУК КЫЗЫЛ КУЛАКТЫККА БАЙЛАНЫШТУУ КОММЕНТАРИЙИ

 ТОРОНТО, КАНАДА – 2018-жылдын 24-апрели – «Центерра Голд Инк.» компаниясы (TSX: CG) («Центерра») «Чаарат Голд Холдингс Лимитед» («Чаарат») компаниясы чыгарган пресс-релизге байланыштуу комментарий берди.
2018-жылы мартта «Центерра» компаниясы «Чарааттан» «Центеррага» таандык жана Кыргыз Республикасында жайгашкан «Кумтөр» кен ишканасын сатып алуу маселеси боюнча эч нерсеге милдеттендирбеген жана юридикалык милдеттенмеге алып келбеген сунушту алган. «Центерра» токтоосуз «Чаарат» компаниясынын кеңешчилери менен байланышкан жана «Чаарат» компаниясы сунуштаган бүтүмгө өзүнүн кызыкдар эместиги жөнүндө билдирген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен жакындагы жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жогорку кызматтагы расмий адамдары, өкмөт да «Чаарат» сунуштаган бүтүмдү ишке ашырууга кызыкдар эместигин тастыкташкан.
«Центерра» компаниясы «Кумтөр» кен ишканасы «Центерранын» түз менчиги болуп саналарын, ал мүлктүк укуктарын өзүнүн 100 пайыздык туунду компаниясы «Кумтөр Голд Компани» ЖАКы аркылуу ишке ашырарын жана «Чаарат» компаниясы сунуштаган бүтүм «Центерра» компаниясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бир убакта катышуусусуз түзүлө албай тургандыгын белгилейт.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 808, 27-апрель -3-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан