Исхак Масалиев, Жогорку Кеңештин депутаты: «ЭРТЕҢ САПАР ИСАКОВ ӨЗҮ УШУЛ «САЯСИЙ ӨЛҮКТӨРДҮН» АРАСЫНДА ОТУРУП КАЛЫШЫ МҮМКҮН»

Өңчөй демократтардын арасындагы жалгыз коммунист... Парламент депутаты Исхак Масалиев көтөргөн маселеси, сүйлөгөн сөзү менен Жогорку Кеңештин учурдагы 6-чакырылышындагы көпчүлүк кесиптештеринен айырмаланып турат. Сапар Исаковдун өкмөтү отставкага кетирилгенде ал парламентте КСДП фракциясын оппозицияда калтырып, калган 5 фракцияны биригүүгө чакырды. Исхак мырза менен өлкөдөгү соңку окуялар тууралуу баарлашып кайттык.

– Саламатсызбы, Исхак мырза? Көп жылдан бери саясатта жүрөсүз. Саясий чечимдерди кабыл алууда атаңыздын кеп-кеңешине муктаж болгон учурларыңыз болобу?
– Албетте, атам (ред.: Абсамат Масалиев, белгилүү мамлекеттик жана партиялык ишмер) жана анын кеп-кеңеши ар дайым жетишпейт. Атамдын көзү тирүү болсо көп иштерди башкача жасамакмын, пикирлерим башкача айтылмак. Кээде эмоцияга алдырып туура эмес сүйлөп коём. Экөөбүздүн бир окшоштугубуз бар. Атам да, мен да коммунисттик идеологияны саткан жокпуз.

– Жогорку Кеңеш отставкага кетирген Сапар Исаков депутаттарды «саясий өлүк» атады. Исаковдун бул сөзүн кандай кабыл алдыңыз?
– Бул сөздү мага айтылгандай кабыл алган жокмун, Исаков башкалар жөнүндө айтып жатат. Депутаттар эмне эле чычалап жатышат, түшүнбөйм. Конкреттүү бир фамилия айтылган жок го. Менимче, бул сөз КСДП фракциясына жана көпчүлүк коалицияга карата айтылды. Ал эми биздин, оппозициянын милдети каршы пикир да айтып туруу. Албетте, Исаков этияттап сүйлөшү керек эле, жаштык кылып эмоцияга алдырып айтып койду. Эртең Исаков өзү ушул «саясий өлүктөрдүн» арасында отуруп калышы мүмкүн.

– Баш прокурорду кызматтан кетирүүдө, өкмөткө ишеним көрсөтпөөдө, жаңы өкмөт шайлоодо Жогорку Кеңеш бир добуштан колдоо көрсөттү. Бул парламенттин өз позициясын, күчүн көрсөткөнүбү же жаңы президенттин айтканына көнүп бергендикпи?
– Өкмөттүн жаңы курамын бекитүүдө бизде тандоо мүмкүнчүлүгү болбойт. Же колдошубуз керек же каршы болушубуз керек. Азыркы өкмөт мүчөлөрүн КСДП фракциясы сунуштады. Бирок чындыгында президент көрсөткөн өкмөт башчыны дайындоого көнүп алыптырбыз.

– Өкмөттүн отставкасынан кийин сиз Жогорку Кеңештеги 5 фракция биригип коалиция курап, КСДПны оппозицияда калтырууга чакырдыңыз. Эмне үчүн КСДП сыртта калышы керек эле?..
– Сапар Исаковду кетиргенден кийин депутаттарга «эй, ойгонгула! Парламентте мүмкүнчүлүк бар, 5 фракция биригип, КСДПны оппозицияда калтырсак парламент оңолот» десем колдобой коюшту. Себеби өкмөткө ишеним көрсөтпөө – бул КСДПга ишеним көрсөтпөстүк. Коркушту окшойт. Баягы эле «чоңдор эмне дейт? Президент эмне дейт?» деген адатыбыз калбай койду. Буга чейин өкмөттөрдү президент тандап келди. Акыркы 2 премьер-министр өкмөт башына президенттик аппараттан келгени буга далил. Андай болсо өлкөнү толук эле президенттик башкарууга өткөрүп бербейлиби? Өлкө башчы бардык жоопкерчиликти моюнуна алсын.

– «Өнүгүү» оппозицияда калды, парламенттик оппозиция өз миссиясын аткарып жатабы?
– Мен «Өнүгүү-Прогресс» партиясына кирген эмесмин. Бирок шайлоого ушул партия менен катыштым. Башында эле «мен силердин партияңардын чечимдерине моюн сунбайм. Менин жеке саясий көз карашым бар» деп айткам. Фракциянын ишине аралашам, бирок партияга кийлигишпейм.

– Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөткө карата «мурдагы өкмөттөрдө иштеп жыйынтык көрсөтө албаган эски кадрлар кайра кызматка келди» деген сындар айтылды. Жаңы өкмөттүн курамы купулуңузга толдубу?
– Биз жалгыз Сапар Исаковго эмес, мурдагы өкмөткө ишеним көрсөтпөй отставкага кетиргенбиз. Андыктан жаңы өкмөт түзүүдө өкмөт мүчөлөрүнүн 80-90 пайызы жаңыланат деп күтүп жатканбыз. Бирок андай болгон жок. Бул жерде КСДП партиясынын же президенттин кызыкчылыгы бар. Бирок ишти жалгыз министр эмес, министрлик жасайт. Эшматтын ордуна Ташматты дайындап коюудан абал өзгөрүп кетпейт. Негизги ишти аппарат, жалпы команда жасайт.

– Көптөн бери Башкы прокуратура козгогон кылмыш иштерди кайрадан каралышы керек деп жүрөсүз. Мисалы, кайсы иштер кайра каралышы керек?
– Мисалы, Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров сыяктуу саясатчылардын кылмыш иштери сөзсүз түрдө кайра каралууга тийиш. Мен милицияда иштегем, кылмыш эмне экенин жакшы билем. «Кухняда» айтылган «биз бийликке каршыбыз, элди көтөрөбүз» деген сөз кылмыш эмес. Бул ой. Ой үчүн адамды камоого болбойт. Адам качан гана тосмого секирип, ыштанын айрып, милицияны сабаганда гана кылмыш жасады деп эсептелет. Резонанстуу иштерди «жаңы жагдайлар ачылганына байланыштуу» деп сотто кайра караса болот. Ошондо да акыркы чечимди сот чыгарат, жөн эле «мен сени кечирдим» деген болбошу шарт.

– Жаңы дайындалган башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов тууралуу кандай пикирдесиз?
– Мен бул жигитти тааныбайт экем. Кызматты татыктуу аркалоого эрки жетеби, жокпу, кеп ошондо. Облустук прокурор болуп иштептир, менимче, тажрыйбасы жетиштүү. Алдыңкы 6 айда айрым прокурорлорду иштен алса, мурунку иштерди кайра каратса, анда жакшы эле бара жаткан болот. Эң негизгиси мурунку сулуу кыздардын (ред. Аида Салянова жана Индира Жолдубаева) катасын кайталабашы керек. Жаңы баш прокурорго «президентке жана анын аппарат башчысына «жок!» дегенге эркиң жетеби?» деп сын-пикир айттым. Себеби Аида Салянова менен Индира Жолдубаеванын эң чоң катасы президент кама дегенди чуркап барып камаганы болду. Экөө тең «жок, камай албайбыз» дегенге жараган жок.

– Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбооруна байланыштуу мурунку премьер Сапар Исаков УКМКга суракка чакырылды. ЖЭБ окуясы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссияда мүчөсүз. Бул ишке Исаковдун кандай тиешеси болушу мүмкүн?
– 2017-жылы март айында ЖЭБ боюнча Эсептөө палатасы түзгөн актта Исаков аралашкан бир жагдай бар экен. Анда Сапар Жумакадырович президенттик аппараттын Тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турган учурда «ЖЭБди модернизациялоодо ушул компания иштесин» (ред.: ТВЕА) деген пикирин айткан экен. Бул канчалык мыйзамга дал келет, аны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети карашы керек. ЖЭБ боюнча келишим түзүлгөндө «бизге 300 мегаватт электр энергиясын, 300 гигакалория жылуулук чыгарууга ылайыктап берсеңер болду» деп белгилениптир. Курулуштун наркы 386 миллион доллар деп дүңүнөн бааланган. Долбоордо техникалар кайдан, канчадан сатып алынарын чечүүгө Кыргыз тарап аралаша албай турган келишим түзүлүптүр. Бул боюнча өз ара тытыша берсек болот, бирок Кытайдан алынган карызды сөзсүз өз убагында төлөп беришибиз керек.

– ЖЭБди модернизациялоо долбоорун иликтеген депутаттык комиссия ишин качан жыйынтыктайт? Комиссия эмнеге жетишти?
– Негизинен комиссиянын чечими даяр. Айрым редакциялык оңдоолор киргизилип жатат. 8-майда парламенттин тийиштүү комитетинин кароосуна чыгаралы деп жатабыз. Мен эми ЖЭБ боюнча Сапар Исаков кол койгон документти сурамакчымын, Атамбаевдин, мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабановдун колу коюлган документтери чыгып калышы мүмкүн. Мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев 2013-жылы долбоорду депутаттарга тааныштырып жатканда ашыкча мактанбашы керек эле. Артыкбаев «ЖЭБ модернизациясынан кийин Бишкек 50 жыл жылуулуксуз калбайт» деп айткан. Бирок ЖЭБ бир кышка туруштук бере алган жок. Ошондо Өмүрбек Текебаев да «биз тарыхый кадам жасап жатабыз» деген. 2013-жылы ал Атамбаевге каршылаш эмес эле.

– Парламент депутаттарын партиялык тизме аркылуу шайлоо канчалык өзүн актап жатат деп ойлойсуз?
– Мен өлкөбүздүн акыркы 27 жылдагы саясатын колдобойм. «Социализмди жоюп, демократия курабыз» деп тескери баратабыз. Мен 2010-жылы камакта отурганда Текебаев келип, Конституциянын долбоорун колдоп бер дегенде кол коюп бергем. Себеби партиялар шайлоо алдында идеологиясын, реалдуу пландарын айтып, ачык күрөш болот деп үмүт кылгам, бирок андай болгон жок. Азыр шайлоого 3 ай калганда жаңы партия түзө коюп, элге шоу уюштура калып эле жеңишке жетип жатышат. Эл да берген чайына, акчасына ыраазы болуп шайлап берүүдө. Бүгүнкү абал ушундай.

«Атам экөөбүздүн бир эле окшоштугубуз бар. Экөөбүз тең коммунисттик идеологияны саткан жокпуз».


Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 809, 4-май -10-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан