Мындан 12 жыл мурда, тактап айтканда, 2006-жылдын 10-майында жалпы кыргыз элине таанымал Рысбек Акматбаев белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн. Бул киши тууралуу оң да, терс да сөздөр айтылып жүрөт. Аны коомчулук «кылмышкер», «бандит» атаса, дагы бирлери «кыргыздын Робин Гуду» катары сыймык менен эскеришет. Мына ошол Рысбек Акматбаевди тааныгандар, көрүп-билгендер ал киши тууралуу айтып беришмекчи.
СПОРТТОН КРИМИНАЛГААкматбаев Рысбек Абдымаликович 1960-жылдын 6-июлунда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында туулган. Ошол эле шаардагы мектепте 6-класска чейин, кийин Нарындагы спорт мектебинде бокс багытында окуган. Аскердик кызматты СССРдин КГБсынын атайын багыттагы отрядында диверсант-чалгынчы катары Германиянын Лейпциг шаарында өтөгөн. Андан соң Бишкектеги Дене тарбия институтун аяктап, бокс боюнча машыктыруучу болуп иштей баштаган. Бокс боюнча спорт чеберине талапкер.
Рысбек Акматбаевдин мыйзам менен олуттуу маселеси 1988-жылы башталган. Бул жылы ага "рэкетчилик менен алектенди" деген айып тагылып камакка алынып, 6 жылга эркинен ажыратылат. Анын 2 жолу соттолуп, жаза өтөгөнү белгилүү. Өтө коркунучтуу кылмышкерлер, кримтөбөлдөр жаза өтөгөн атактуу Орусиянын Пермь крайындагы «Ак ак куу» абагында да 1 жыл отурган.
2001-жылы "уюшкан кылмыштуу топ түздү" деген күнөө тагылып, ага издөө жарыяланат. Муну менен катар 2001-2004-жылдардагы бир нече адам өлтүрүүлөргө да тиешеси бар деп айыпталат.
Ал ИИМдин Кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси Чыныбек Алиевдин өлүмүнө да айыпталган. Чыныбек Алиев 2004-жылдын 5-майында унаасы менен баратып Бишкек шаарынын Чапаев-Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде жол чыракка токтогон кезде белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн. Көп өтпөй Алиевди атып кеткендер отурган БМВ автоунаасы «Кыргызавтомаш» заводунун аймагынан табылып, кылмышка шектелип Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Эркин Мамбеталиев кармалат. Ал эми Рысбек Акматбаев буюртма берген деп айыпталып, ага издөө жарыяланган.
КРИМИНАЛДАН САЯСАТКА
2005-жылдагы Март революциясынан кийин Рысбек Акматбаев өз эрки менен ошол убактагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровго келет. Ал эми 2006-жылдын январь айында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны толугу менен актап чыгат. Ошол эле жылы шайлоого аттанып, 9-апрелде өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо Балыкчы округунан 80 пайыз добуш алып жеңишке жетишет. Бирок депутаттык мандатты ала элек жатып, 10-май күнү мечиттен кечки намаздан чыгып келаткан жеринде белгисиз кылмышкерлер аны автоматтан атып кетишкен. Көп өтпөй аны аткандар минип жүргөн Ауди үлгүсүндөгү автоунаа табылып, анын ичинен 3 Калашников автоматы табылган. Акматбаевдин өлүмүнүн сыры дале ачыкка чыга элек.
АКМАТБАЕВ VS БАТУКАЕВ
Рысбек Акматбаев менен «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин ортосунда узак жылдарга созулган согуш жүргөнү белгилүү. Бул согушта 2 тараптан тең өтө көп адам өлтүрүлгөн. 2005-жылдын 20-октябрында Рысбек Акматбаевдин бир тууган иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев Молдовановка айылындагы дал ошол Азиз Батукаев отурган №31 колонияда бунт чыгып, аны тынчтандырууга барган учурда атып өлтүрүлгөн. Аны менен кошо ЖАМКнын жетекчиси Икматулла Полотов, депутаттын жардамчысы Абдулхамид Алыкулов жана Жогорку Кеңештин эксперти Таласбек Оморов да өлтүрүлгөн. Бул кылмыш боюнча 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган Азиз Батукаев 2013-жылы бийлик тарабынан бошотулуп, учурда эркиндикте.
Бул окуядан кийин Рысбек Акматбаев миңдеген тарапташтарын чогултуп, ошол убактагы премьер-министр Феликс Куловдун кызматтан кетишин талап кылып 2006-жылдын 31-мартында Ак үйдүн алдында митингге чыккан. Ал инисинин өлүмүн "саясий буюртма" деп атап, "аткаруучу Азиз Батукаев, буюртма берген Феликс Кулов" деп күнөөлөгөн. Президент Курманбек Бакиев митингчилерге чыгып жолугуп, күнөөлүүлөр тиешелүү жаза ала тургандыгына убада бергенден кийин гана митингчилер тараган.
ФАКТЫЛАР:
• Рысбек Акматбаев өлтүрүлгөнгө чейин да анын өмүрүнө 2 ирет кол салуу уюштурулуп, бирок аман калган. 1996-жылы Бишкектеги ресторандардын биринен чыгып келе жатканда каршылаштары ага гранатомёттон ок атышкан. 2000-жылы Боом капчыгайында Рысбек Акматбаев бараткан унааны кууп келишкен кылмышкерлер ага автоматтан ок чыгарышкан. Бутуна ок тийген Акматбаев камыштардын арасына качып кирип аман калган. Ал эми анын жан сакчысы ошол жерден каза болсо, айдоочусу 2 күндөн кийин ооруканада каза болгон. Аларды аткан деп анын мурунку жакын адамдарынын бири, учурдагы «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев күнөөлүү деп табылып, 2002-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган.
• 1997-жылы Рысбек Акматбаевдин каржылоосу менен Чолпон-Атада мемориал тургузулган.
• 2005-жылы жазында анын 11-класста окуган уулу белгисиз жагдайда каза болгон.
• Рысбек Акматбаев 2005-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Фехтование федерациясынын президенти болуп шайланган.
• 2006-жылдын 10-августунда Акматбаевдин жээндери Нурлан Коноев, 2007-жылдын 19-апрелинде Мирлан Коноев атып өлтүрүлгөн.
• Рысбек Акматбаевдин артында 3 уулу, 2 кызы калды.
«УУЛУМ БООРУКЕР ЭЛЕ»Эки уулунан тең айрылган Сабира Соодалиева уулу Рысбек тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Тун уулум Рысбек төрөлгөндө биз ата-энебиз менен чогуу жашачубуз. Рысбек 1-класска барып калганда өзүбүзчө бөлүнүп, Рысбек менен Тынычбек экөө тең чоң ата, чоң энесинин колунда калды. Үйлөрүбүз жакын эле болчу, алар 2 үйдө тең жүрүп чоңоюшту. «Болор уул богунан» деп коёт го, Рысбек бала кезинен эле токтоо, акылдуу болуп чоңойду. Бир да жолу башка ата-энелерден «балаң тентектик кылды», «бирөөнү сабап койду» деген сыяктуу жаман сөз уккан жокпуз.
Студент кезинде чалым экөөбүз Рысбектен кабар алганы бардык. Ал кезде Ысык-Көлдө балык көп эле, унаанын багажына толтура балык салып, Фрунзеге бардык. Биз барганда ал машыгуу залында экен. 5-6-класста окуган балдар да машыгып жатыптыр. Ал биз ала барган балыктын бирин да албай, ошол балдарга, машыктыруучусуна таркатып берип салганы эсимде. Санаторийге колунда барлар келет, жоктор келет да. Мага «колунда жоктор келип калса, биздин кийимдерден ала барып берип койчу» деп турчу. Мына ошондой боорукер эле.
Институтта 2-курста окуп жүргөндө «аскерге барат элем» деп калыптыр. Токтотуп калалы деп атасы экөөбүз барып, ректоруна жолуктук. Ошондо ректор «уулуңуз мага мурда да келип «аскерге барам» дегенде токтотуп койгом. Эми дагы барам деп оолугуп алыптыр, «окууңду бүткөндөн кийин бар» десем көнбөй койду» деди. Ошентип кой десек болбой аскерге кетип кызмат өтөп келген.
Уулдарымдын артында жакшы сөздөр, аттары өчпөй тарыхта калды. Бирок аны да көрө албагандар болот экен, жаманатты кылганга аракет кылышты.
«БАҢГИЗАТ САТКАНДАР МЕНЕН КҮРӨШҮП ЖҮРЧҮ»Алексей Севергинов азыркыга чейин классташынын ата-энесине келип, «колдон келбей жаткан жумушуңар болсо бүтүрүп берейин» деп турарын айтат:
– Рысбек экөөбүз параллель класста окудук. Чогуу эле топ кубалап жүрүп чоңойдук. Өтө чынчыл эле. «Баңгилер көбөйсө улут жоголот» деп баңги саткандар менен күрөшүп жүрдү. 1999-жылы жайында Рысбек 2-3 бала менен мага келип «Жапар кайда жашайт?» деп калды. Жапар менин кошунам эле. Үйүн көрсөтсөм, «чакырып чыкчы» деди. Ага чейин Жапар «Рысбекке айттым, эми ал мени коргойт» деп жүргөн. Анын баңгизат сатып иштеп жүргөнүн ага чейин билчү эмесмин. Ага Рысбек «сен жакшы эле табат экенсиң. Наныңа жетет. Башка иш кыл. Эгер дагы баңгизат сата турган болсоң, аның үчүн кармалып, «мынча төлөп кутулуп чыктым» деп дагы мактана турган болсоң таарынба. Сен милициядан кутулуп кетишиң мүмкүн, бирок менден кутула албайсың. Түшүндүңбү?!» деди эле, Жапар ошондон кийин баңгизат сатпай калган. Көрсө, ал ага чейин кармалып, бирок кутулуп кетип жүрчү экен.
Бийликтегилерге кайрылып, алар аркылуу маселесин чече албаган адамдар Рысбекке кайрылышчу. Рысбек алардын маселесин чечип берчү.
(Уландысы кийинки сандарда)