Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ашыкча ысырапкорчулукту жоюу туурасында маселе козгоп, жалпы байге фонду 200 000 сомду түзгөн тойлордун жаңы үлгүсүнө сынак жарыялады. Сынактын максаты – коомчулукка той өткөрүүнүн жаңы эрежесин таңуулоо эмес, сунуш кылуу экенин белгилешет. "Жарандар биз сунуш кылган үлгү тойду жашоосуна колдонобу же мурдагыдай эле 8 сааттык тойлорду өткөрөбү, аны өзү билет",- дейт министрлик.
Тойлордогу ысырапкорчулукту кыскартууну буга чейин экс-депутат Аида Салянова да көтөрүп чыккан. Ал: «Ашыкча чыгымдарды аткаминерлер кылып, той-топур өткөрүп жатышат. Эл элитаны ээрчигендей болушу үчүн ысырапкорчулукту токтотууну мамкызматкерлерден баштоо туура болот»,- деген.
КОҢШУЛАР ТОЙЛОРГО ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИШТИ
Өзбек президенти Шавкат Мирзийоев быйыл өлкөдөгү бийлик өкүлдөрүнүн тойлорго барышына тыюу салганы белгилүү. Ал: «Өзбекстанда мен баш болуп бир дагы бийлик өкүлү туулган күндөргө, тойлорго барбайт. Ал заман өттү! Азыр тойдо жүрүү адамдардын ачуусун келтирет. Мындай тойлор жогорку даражадагы кызматкерлерсиз өтөт. Тойго кеткен 20 килограмм эттин ордуна бир кембагалдын үйүн сырдаганга жардам бер же телевизор сатып бер. Биздин адамдар той өткөрүүгө жана калың берүүгө 20 миң доллар табыш үчүн Орусияга ишке кетип жатышат»,- деп нааразы болгон. Президент бул тыюуга каршы чыккан кызматкер жумушунан айдаларын, жазага тартыларын да кошумчалаган.
Тажикстанда аш-тойлорду тартипке салуу боюнча мыйзам 2007-жылы кабыл алынып, коноктордун саны, тойдун убактысы, меню бардыгы тартипке келтирилген. Мисалы, сүннөт тойго 60 адамга чейин чакырууга уруксат. Үйлөнүү тойго келгендердин саны 150дөн ашпай, убактысы 3 саатка созулушу шарт. Туулган күн, мааракелер үй-бүлө ичинде белгиленип, сөйкө салуу сыяктуу ырым-жырымдар таптакыр өткөрүлбөй калган. 2017-жылдагы эсеп боюнча, Тажикстанда мыйзам кабыл алынгандан бери 18 миллиард сомони же 2 миллиард доллар үнөмдөлгөн.
Албетте, элди мажбурлап же таңуулап тарбиялоо тескери эффект жаратышы мүмкүн. Мындай таңуулоолордун кыргыз коомчулугуна сиңип кетиши да кыйын. Тойлорго кеткен маани-максатсыз чыгымдардан коомчулук эч кандай тыюуларсыз, өз аң-сезими менен баш тартып, ошол ресурстарды үй-бүлөнүн өнүгүүсүнө жумшаса жакшы жыйынтык берет беле?
ОШТО АР БИР АЛТЫНЧЫ НАСЫЯ ТОЙ-АШКА ЖУМШАЛАТ
Маалыматтар боюнча, чет өлкөлөрдө миллионго чукул кыргызстандык эмгектенет.
Улуттук банктын билдирүүсүнө таянсак, 2017-жылдын он айында мигранттардан Кыргызга 2 миллиард 288 миллион доллар которулган. Айрым маалыматтарга караганда өлкөдө жылына тойлорго 2 миллиарддан ашуун доллар сарпталат. Ошондо мигранттардын маңдай тери менен тапкан акчалары тойлорго эле жумшалып кетери зээниңди кейитет.
БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун 2017-жылкы маалыматы боюнча, Кыргызстанда алынган жыйырма насыянын бирөө тойго сарпталып, сап башында Ош шаары турат. Анда ар бир алтынчы кредит жакшылык менен жамандыктарга жумшалары көрсөтүлгөн.
Тойлор – өнөрпоздордун акча тапчу булагына айланганы белгилүү. Тойлордогу ысырапкорчулукту жоюу туурасында алардын пикирине кызыгып көрдүк.Мирбек Атабеков, ырчы: – Тойдун максаты – элдин батасын алуу, ошондуктан жалпы элди той-аштардан чектөө мүмкүн эмес. Бирок той үчүн көп чыгымдын деле кереги жок. Биздин тойлор дайыма кечкисин өтөт эмеспи, ошону кечкиге калтырбай күндүз берсек. Мисалы, дунгандардын тойлору түшкө чейин эле бүтүп калат. Эмнеге биз антсек болбосун? Түшкө чейин болсо азыраак отуруп, аз тамак желип, акча азыраак жумшалмак. Ырчыларга да жакшы болмок, күндүз тойго барып ырдап келип, түнкүсүн эл катары эс алмакпыз.
Нурзат Токтосунова, алып баруучу: – Улам жаш үй-бүлөлөр көбөйөт, балдар төрөлөт дегендей, ошондуктан тойлорго анча бөгөт коюлбайт. Бул ар дайым өсүп туруучу процесс. Бири-бирине атаандашкан тойлор азаят деп да ойлобойм. 2-3 тамактын ордуна 6 тамак бергендер да бар, мен ошого каршымын. Негизи дасторкондун жайылып турганы жакшы, соңунда баштыктарына салып кетип жатышпайбы. Ата-эне тойдон келгенде, балдары сөзсүз «эмне алып келдиң?» деп колун карашат. Эгер ошонун баары төгүлсө ысырапкорчулук болмок.
Азамат Болгонбаев, төкмө акын: – Мамлекеттик деңгээлде тойлорго өзгөртүү киргизүү убагы келди деп ойлойм. Жакшы нерседе деле, жаман нерседе деле бир идеология болуш керек. Бирок айрым коңшу өлкөлөр колдонуп жаткандай диктатуралык негизде өзгөртүү киргизгендей эмес. Тойлордо майда-чүйдө талаш-тартышты жок кылгыдай жалпы стандарт болсо, бул менин жеке пикирим. Мисалы, мен күнүмдүк турмушумда Лимузин менен жүрбөйм да. Үйлөнгөндө деле түшкөн жокмун, анткени мактангым келбейт. Өзүмдүн күнүмдүк турмушумдан ашык ысырапкорчулукка барууну туура көрбөйм. Тойлордогу ысырапкорчулук той ээсинин акыл деңгээлине жараша ойлоно турган нерсе деп билем.
Самара Каримова, ырчы: – Бирөөнүн үй-бүлөсүнүн ишине аралаша албайм. Ар ким "той кылсам, элге чай берип, бата алсам" деп ниет кылып жашайт. Биз деле балдарыбыз төрөлгөнү ата-энелик парзыбыздан кутулуп, элден бата алууну пландаганбыз. Ким канча киши чакырат, дасторконун кандай даярдайт, өзү билет да. Ырчыларды тойдо гана ырдап акча табат дешет, той болбосо концерт берип деле акча табышыбыз мүмкүн.
Үмүт Култаева, филология илимдеринин доктору, профессор: – Кээде бешбармагы бышпай, той түнкү бирге чейин созулат. Баш-аягын эсептесек бир сутканын 10 сааты тойго кетет. Мындан улам кийинки күндө пайдалуу иштин коэффициенти такыр нөлгө түшүп, жумуш ордуна да зыянын келтирип жатат. Экинчиден, тойдун эң асыл максаты – бата берүү унутулуп, анын ордуна атаандаштык, байлыкты, байланышты көрсөтүү сыяктуу нерселер алдыга чыгып жатканы өкүнүчтүү.
Насирдин Шамшиев, экономист: – Биз жылына тойлорго 2 миллиард доллардын тегерегинде каражат жумшалат деп болжолдуу эсептеп келебиз. Ар бир үй-бүлөдө жакшылык-жамандык болот, аны белгилөө да зарыл. Бирок чыгымын азайтып, экономикалык мүмкүнчүлүккө жараша өткөрүүнү үйрөнүшүбүз керек. «Мен андан кемминби?» деген атаандашуу, мактануу менен ал адам жашоо деңгээлин төмөндөтүп жатат. Айылдарда каражатын тойдон тойго чейин эптеп жеткирип жашагандарды көрүп жүрөм. Тойдогу ысырапкорчулукту андан көрө бала-чаканын билимин өстүрүүгө, ден соолугун чыңдоого, баш кошкон жаштардын турмуш-тиричилигине кетирген оң. Же болбосо чакан ферма ачып мал бакса, канаттууну көбөйтсө, балык өстүрсө, күнөскана тургузуп, ишкерлик кылса өзүнө, үй-бүлөсүнө гана эмес, мамлекетке да пайда.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg